Бишкекте коркутуу жолу менен бирөөнүн телефонун тартып алган кылмышкер кармалды

Бишкекте 18 жаштагы жаран тоноого шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын тургуну аны белгисиз адам токтотуп, коркутуу жолу менен 16 миң сомдук уюлдук телефонун тартып алганын айтып кайрылган. Бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары 18 жаштагы А.Ы. аттуу жаран кармалган.

Азыр ага кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.

1 ой-пикир

  • кыргыз says:

    Урматтуу автор кылмышкердин суротун чыгарып козун жаап жана А.Ы деп койгонунар эмнени тушундурот? Кылмышкердин суротун жана атын фамилясын , кайсы жерде торолгон ,кайсы айылдан, баары билсин да туугандары , достору , айылдаштары жана башка жапа чеккендер. УШУНДАЙ РЕКЛАМА гана кее бир кылмыштын болушуна себепкер болушу мумкун.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *