Бишкекте саясатчылар биригип камактагылардын ишин кайрадан адилет каралышын талап кылышты

4-майда Бишкекте «Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш» аттуу форуму өттү. Бул туура-луу форумду уюштуруп жаткан «Сөз эркиндигин коргоо комитети» бейөкмөт уюмунан билдиришти.

Аида Кыргызстанда саясий негизде камакка алынган, кысымга кабылгандарды бошотууга бийликке чакырык ташталып, саясатчы, коомдук ишмерлердин камалышы, демократиялык баалуулуктарга шайкеш келээр-келбеси талкууга алынды.

Форумдун жыйынтыгындагы резолюция кабыл алынгандан кийинки талаптар жарыяланды:

1.Камактагы саясатчылардын иши кайрадан адилет каралып, күнөөсүз экенин далилдөөгө шарт түзүп берүүнү;

2. Сотторду көзөмөлгө алып буйрук берип турган Алмаз Мааткасымов жана Манас Арабаевди жумуштан алый жоопко тартууну;

3. Акыйкатчы-Омбудсмендин ишине канааттанбоочулук көрсөтүштү;

4. Өз оюн эркин айткан журналисттерди куугунтуктоону токтотуу;

5. Эл аралык коомчулуктун алдында демократиялык аралча деген кадыр баркын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды көрүү.

Булак: Мантыш

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *