Бишкекте тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтөт

Бишкек шаарында 7-ноябрдан 16-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018” тигүүчүлүк өнөр жайынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

“Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда мода жумалыгы жана жогорку деңгээлдеги форум өтөт. Бул текстиль-тигүүчүлүк өнөр жайы тармагынын өнүгүүсүнө арналган Кыргызстандагы биринчи масштабдуу иш-чара болуп саналат”,- деп айтылат маалыматта.

Аталган мода жумалыгында Кыргызстандын компаниялары өздөрүнүн чыгарган кийимдерин, бут кийимдерин, аксессуарларын жана кездемелерин тартуулашат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *