Бишкектеги “Дениз Текстиль” кийим жана кездеме сактоочу кампасы өрттөндү

Кечээ, 5-ноябрда Бишкек шаарындагы Элебесов  көчөсүндөгү 3 кабатуу “Дениз Текстиль” кийим жана кездеме сактоочу кампасынан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, өрт кырсыгы саат 21:56 чамасында катталган. Өрттү өчүрүүгө ӨКМнын Куткаруу бөлүнөн 5 бөлүм, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ, Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан 4 унаа менен 40 кызматкер, Суу чарба башкармалыгынан 1 суу ташуучу унаа, Чыгыш РЭТтен 1 бригада, Газ чарба кызматынан 2 унаа жана 5 кызматкер тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамы менен өрт 5-ноябрь күнү саат 23:29 да  чектөөгө алынып, 6-ноябрда саат 05:10 до толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты  болжол менен 900 м2 болгон кийим жана кездеме сактоочу жай толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *