Бишкектеги «Цзи Сян» кытай кафесине кол салуу болуп, 100 миң сом каракталды

Бишкектеги «Цзи Сян» кытай кафесинен каракчылар 100 миң сом алып кетишти. Бул тууралуу бүгүн шаардык милициядан кабарлашты.

Окуя дүйшөмбү, 6-февралдын кечинде болгон. Бет кап кийген, куралчан төрт адам кафеге кирип барып ок чыгарган. Коркутуп-үркүтүп, кассадан 100 миң сомду алып качкан.

Кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүүдө. Кол салгандар кармала элек. Адамдардан эч ким жабыркаган жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *