Бишкектин Шабдан баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөрдү

Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель деп өзгөртүү сунушун Бишкек шаардык кеңеши колдоду. Мындай чечимди шаардык кеңеш кечээ, 19-марттагы жыйынында талкуусуз кабыл алды. Ага ылайык, Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель деп өзгөртүлөт, ал эми Чүй кең көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү  Шабдан Баатыр деп аталат. Айта кетсек, 2017-жылы Атамбаев бул сунушту Бишкек шаардык кеңешине жиберген.

Булак: Фабула

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *