Бишкектин супермаркеттеринин биринде адам атайлап кан тамырларын кесип салган

Бишкектин супермакеттеринин биринде адам колундагы кан тамырларын кесип жиберген.  Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнөн такташты.

Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 9-ноябрда эртең менен болгон. 1993-жылы туулган жаран супермаркетке кирип, лезвия алып, ошол жерден кан тамырларын кескен. Биринчи медициналык жардамды ага супермаркеттин кызматкерлери көрсөтүп, милиция кызматкерлерин чакырышкан. Өз жанын кыйгысы келген жаран Ысык-Көл областынын тургуну болуп чыккан, окуя учурунда ал алкоголдук мас абалында болгон.

Келген милиция кызматкерлери аны ооруканага жеткиришкен. Азырынча анын бул кадамга эмне себептен улам барганы белгисиз.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *