Биз баарын кыйратабыз! (Урээ-э…)

Жума башында өткөн Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин спи­кери Дастан Жумабеков сунушталып жаткан жаңы стра­тегиядан депутаттарды кол тийбестиктен ажыратуу туу­ралуу пунктун алынып салынганы тууралуу кеп козгоду. Ал өз сөзүндө буга чейин сунушталган документте депу­таттардын кол тийбестиги жөнүндөгү макам бар эле де­гендей айтып, «Биз парламентти күчтөндүрүшүбүз керек. Кол тийбестиги алынган депутаттар чиновниктердин мыйзамсыз иши тууралуу ачык айта албай калат» -деп чыкты. (Президент спикердин сөзүнө жооп кылып жаңы стратегияда андай пунктун жок экенин белгиледи.) Ата­ны кокуйдуку, депутаттар качан эле түз, ачык, хандан-бектен кайра тартпаган позицияда болуп келген? Өзгөчө Кыр­гыз парламентинин акыркы чакырылыштагы депутатта­ры? (Алар акыркы кабыл алынган Констиуция боюнча ушунчалык чоң статуска ээ болуп турушса да күнкара­мадай болуп жүргөндөрүн бүт кыргыз журту көрүп, би­лип деле бүттү го?)

Бирок айрым маалыматтарга таянсак эл өкүлдөрүнүн кол тийбестик макамынын сакталып калгандыгы туура­луу пункт жаңы стратегиялык документке кайра кошул­ганы жөнүндө кеп тарады. Жөнөкөй иш болсо бир жөн, эгерде эле килейген стратегиялык документтеги пункту (кол тийбестик жөнүндөгү) оп-оңой эле кайра өзгөртүп койгону анык болсо, акчалуу, айлакер депутаттар ал үчүн дагы эмнени жасап беребиз деп «соодалашты» болду экен? Албетте, Ак үйдүн эң бийик кабатындагы отурган касиеттүү адамдар менен?

А негизи Жогорку Кеңеш кол тийбестик макамы ме­нен эле күчтөнүп, дүркүрөп өнүгүп кетпейт. Кыргыз пар­ламенти качан өнүгөт, күчтөнөт, өсөт? Качан ал бийик аянтчада эл ырыскысынан эсирген шумпай­лар менен принципсиз сөрөйлөр азайганда. Жогорку Кеңештин ку­рамынын көпчүлүгүн абийрдүү, акылман, намыстуу, билимдүү адамдардан куралганда ганга ошол Д. Жумабеков айткан улуу тилектер ишке ашат.

Айтмакчы, «Ала-Арча» мамле­кеттик резиденциясында өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча ошол Улуттук Кеңештин жыйынында эки маселе карал­ды. Биринчиси- Кыргызстандын 2040-жылдарга чейин­ки өнүктүрүү стратегиясы, экинчиси 2020-жылга чейин шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясы. Кеңеш­ке спикер, премьер-министр, Жогорку соттун төрайы­мы, парламенттеги фракция башчылары, жалпысы 25 кишиден турган адамдар кеңешме өткөрдү. Президент Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылды.

Деди да эй, дешти да эй…

«Мына ушул жерде Кыргызстандын каймактары отурабыз. Сүйлөгөн сөз менен кылган иш бир болушу керек. Сүйлөгөн иш менен кылган иш кээде туш келбей жатат… », «Биз таза, айкын болуп айтканыбызды аткарсак – ошондо гана өнүгөбүз…»- деди, С. Жээнбеков Улуттук Кеңештеги сөзүндө. Кыскасы, кеңешмеде көп сөздөр, кооз сөздөр, ал тургай таттуу сөздөр сүйлөн­дү. Жакшы, бирок андай узун убадаларга толгон сөздөр акыркы 9-10 айдан бери оголе көп айтылууда. Ооба, азырынча сөз жүзүндө гана. А бирок, «кургак сөзгө» кур­сак тойбой жатпайбы… » «Кылабыз», «чечебиз», «ат­карабыз», кыйратабыз деп эле келат, келатышат…

Азыркы көч башындагылар «стратегия, тиги-бу» деп атпайбы…

Негизи, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда да өлкөнү 2013-2017-жылдар аралыгында өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия иштелип чык­кан. Андан кийин 2017-жылдын 15-ноябрында 2040-жылга чей­инки туруктуу өнүгүү стратеги­ясы кабыл алынган. Документ Атамбаевдин жетекчилиги ме­нен даярдалып, алдыдагы 22 жылдагы пландарды камтыган. А бул кеңешмеде азыркы прези­дент айткандай мурдагы страте­гиядан айырмасы «адамдардын потенциалын өнүктүрөбүз» дегени болду. Аны уккан эл «кантип, кандайча?» деген суроолорго жуурулуп, жо­горкулардан жооп алалбай да, табалбай да калышты. Жалпылап айтканда ошол Улуттук Кеңеште ушундай бир учугу көрүнбөгөн тап-таттуу «стратегиялык» уба­далар айтылды дейсиң…

Кенжебек Арыкбаев

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *