Биздин өлкөдө пенсия кандай төлөнөт?

Республикалык социрлдык фонддун өкүлү Теңизбек Абжапаровдун маалыматына таянсак, өлкөбүз бо­юнча 614 миң пенсия алган кары адамдарыбыз бар. 2017-жылы эң жогорку пенсиянын өлчөмү 100 миң сомду түзүүдө. Бул пенсияны мамлекетгик жана аскердик кызматтарда эмгектенип кеткендер алышат. Орточо пенсия өлчөмү 5150 сом. Эң төмөнкү пенсия өлчөмү 1800 сом. Тоолуу райондордо жашаган карылар үчүн 254 сом компенса­ция катары төлөнөт. 2017-жылдагы пенсия алуучулар үчүн 17 млрд. 522 млн. сом республикалык бюджетте каралган. 2017-жылдын октябрь айында пенсияга дагы 400 сом кошулары пландалууда. Ар бир жылы 400-500 сом пенси­яга кошулуп турганына карабай, Кыргызстан пенсиянын көлөмү жагынан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен акыркы орунда турат.

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *