Бөдөш Мамырова, ЖК бешинчи чакырылышынын депутаты: «Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамды албай койгондо, Атамбаев андан да жогору баатырдык статуска ээ болот эле»

-Бөдөш эже, шайлоо учурунда иштеп берген адамдар ушул жеңишке жетишсе бул кызматты алам деген максатта бара турганын эч кимибиз жокко чыгара албайбыз. Сизде шайлоо учурунда ушул талапкерди колдосом, бул президент болгондон кийин мен дагы кызматка барам деген ой болгон жокпу? Азыркы президент менен жолукканда кызмат тууралуу сөз козголбодубу?

— Сооронбай Шарипович менен инаугурациясына чейин бир жолу абдан кыска убакытка жолуктум. Ал киши “Шайлоочуларга, эл-журтка туура, калыс сөзүңөрдү айтканыңар үчүн ыраазычылыгымды билдирем” деп айткан. Андан бери жолуга элекмин. Жолуга турган зарылчылык деле жок азырынча. Андай ой менде мурда дагы болгон эмес, болбойт дагы. Мен биринчи жолу үлкөн же болбосо мамлекет башына келе турган, Кыргызстандын тагдырын, жүгүн, түндүгүн көтөрүп кете турган адамдарды колдогон жокмун. Буга чейин да саясаттын чордонунда калыс сөзүмдү, туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп айтып жүрөм. Ушул кезге чейин калыс сөзүмдү айтканым үчүн бирөөнүн этегине жармашып калайын деген максат болгон эмес. 2005-жылы Акаевдик бийлик системасын солкулдатып турган мезгилде дагы мен саясаттын чордонунда болгом. Саясатчылардын арасында этегинде жармашып калып, Ак үйгө кошо кирип, “Мен системаны кыйраттым эле” деп байма-бай өзүн пиар кылгандар бар. Мен өзүң сурап калгандан кийин биринчи жолу айтып жатам. 2005-жылы мен дагы Бакиевдин бийликке келишине жанында жүргөн, кийин чоң кызматтарды алгандардан кем калбаган салымымды кошком. Менде Акаев бийлигин түп тамырынан алмаштырып, жаңы бийлик системасы келсе, жакшы адам мамлекетти башкарса, келечек, эл үчүн иштесе деген тилек гана болгон. Азыр Сооронбай Шариповичти дагы жүдөтүп, эки жагынан жандап “Мен бул жерге барып сүйлөдүм, мынча добуш алып бердим” дегендер болгон чыгаар. Президенттик кызмат Сооронбай Шариповичтин жеке менчиги болсо башка маселе болмок. Бул кишиге мамлекеттин башына келип, жакшы иштеп бериңиз деп Кыргызстандын 54 пайыз шайлоочулары, анын ичинде мен дагы ишеним көрсөттүк. Эми эмне үчүн мага бул кызматты бер деп суранышыбыз керек? Мамлекеттин келечегин ойлосок бул жаман көрүнүштөн качышыбыз зарыл, кандай жагдай болбосун, ар тараптан, өз салымыбызды кошуп турушубуз керек. Бакиевдин трагедиясы, бийлик системасы 5 жылда урап түшүп калышынын негизги себеби ушунда болгон. Бул кишини бийликке биз алып келгенбиз дегендер, алы келгени да, жеткени да, уурусу дагы, туурусу дагы бийликке тырмышып, натыйжасында командасы ар түрдүү болуп түзүлүп калып, ар кимиси жеке өзүнүн көмөчүнө күл тартып олтуруп азабын Бакиев көрдү.

— Кийинки президент Алмазбек Атамбаев деле жогорку кызматтарга мамлекеттик кызмат эмне экенин билбеген шоопур, күзөтчүсүнө чейин дайындабадыбы. Кадр системасынын талкаланышы, бийликтин аброюнун жоголгонуна негизги себеп ушул болбодубу?

— Кептин баары ушунда болуп жатат. Мен бир гана 2005-жылы эмес, 2010-жылдагы бийлик системасын алмаштырууда дагы активдүү катышканмын. Ошол мезгилде белгилүү саясатчылардын көбү басымды Нарынга буруп, байма-бай каттап турушкан. Анткени, электр энергиянын тарифин көтөргөндө Нарында узак мөөнөткө чоң митинг болуп жаткан. Ош, Жалал-Абадга басайын деген киши болгон эмес. Ачык эле айтыш керек, ал кезде Бакиевдин тылы Ош менен Жалал-Абадда бекем болчу. 2010-жылы апрель окуясы болгуча генерал Исмаил Исаковду камап, алтургай колонияга айдалган эле. Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев мени “Форумга” чакырып, “Ошко эч кимдин баргысы келбей жатат. Күзүндө чоң элдик курултай болот. Эч болбосо Алайга барып, жыйын өткөзүп, ошол курултайга делегат шайлап, Алайдын кулуну генерал Исмаил Исаков күнөөсүз камалып олтурганын түшүндүрүп келгиле” деп айтканда, өзүм жалгыз Исмаил Исаковичтин бир тууган карындашы Элмира Исакованы ээрчитип алып Алайга кеткем. Бир топ саясатчылардын атын атап, чогуу барып, Ошто чоң жыйын өткөзөлү десем, Роза Исаковна “ көрүп атасың го абалды, азыр Ошто ким чогулмак эле. Булар деген Нарынга барат…” деген. Элмира Исакова экөөбүз таксиге олтуруп, ошол эле түнү Алайга кеткенбиз. Таласта ызы-чуу башталып, Нарында дагы эл толкуп, 7-апрель күнү кандуу жол менен бийлик алмашты. Алайда дагы оңой болгон жок, аял- эркегине карабай ур-токмокко алып, ал гана эмес 85 жаштагы карыяны камап, түнү бою бир тууганымдын үйүн тинтип, мени издеп. Эртең менен саат 9:30да аким качып кутулган. Мен бир жумадан кийин келсем, бул жерде курамы 14 мүчөдөн турган Убактылуу Өкмөт түзүп, иштеп калган экен. Эч качан ушул ишти кылдым эле деп милдет кылган эмесмин, андай нерсе менин табиятымда жок. Парламентте 5 жыл олтурдум, ошол жерде “Апрель окуясында мен бул ишти жасагам. Биз болбосок ишке ашмак эмес” деп көкүрөгүн кагып жүргөндөрдү көп эле көрдүм.

— Бийликти күч менен кулатсак деле системаны оңдой албай жатканыбыздын себеби мамлекеттин башчысы болуп келген адам капыстан эле такка олтуруп калып, жоопкерчиликти сезбей калып жатканда болуп жүрбөсүн?

— Туура, өлкө башчысы болуп келген адам биринчи кезекте “Мен бул кызматка элдин ишеними менен келдим. Бул мага эл берген убактылуу мандат. Ушуну татыктуу аткарышым керек” деп жоопкерчиликти сезип келиши керек экен. Бизде бийлик системасын алмаштырганда мен негизги ролду ойнодум, мен каржыладым, ошон үчүн өзүм каалагандай бийлик жүргүзөм дегендин акыры ушуга алып келип жатат. Акыркы 6 жылдык бийлик системасы ушундай болуп калбадыбы. Ачыгын эле айтыш керек, мурунку президент апрель окуясында бийлик системасын алмаштырууда негизги ролду мен аткардым, каалагандай бийлик жүргүзөм дегендей кылып, элдин берген мандатын жоопкерчилик катары сезбей калды. Ошон үчүн каалаган кадрын каалаган кызматына тарта берди. Алтургай эки жолку бийликтин системасынын негизки күнөөкөрлөрү кийинкинин чордонун түзүп турду. Үйрөнгөн адат оңой менен калбайт экен, алып-жулуп, бузуп-жаргандар 7-кабаттан кармалып жатты, анда деле козголбоду демейдеги активдүү коомчулук. Акаев, Бакиев бийлик системасында заматта реакция кылып турган жарандык коом дагы эмнегедир тунуп турду. Калыс сөзүн айткан кээ бир эркин саясатчылар гана туура эмес иштер тууралуу айтып турганы болбосо, акыркы 6 жылдыкта жарандык коом активдүү иштей алган жок.

— Бийликтин баардык бутактарында мурунку президенттин кадрлары олтурат. Алар Жээнбеков үчүн чын жүрөгү менен иштеп бериши арсар. Алардын ордуна өз адамдарын алып келүүгө аракет кылганда мурунку президент, досу менен тирешүүнү жаратып албайбы?

— Сооронбай Шарипович 6 жылдык кыска мөөнөттө журт башчысы катары элдин эсинде калам дей турган болсо, абдан күчтүү команда менен иштеши керек. Бул кишиге аябай оор абал калды. Мурунку президент досум деп атып абдан көйгөйлүү тышкы саясатты таштап кетти. Ички абалыбыз деле жакшы эмес. Ошон үчүн мурунку команда менен эле ишти тартып кетем десе, Сооронбай Шариповичке оор болуп калат. Мурунку президенттин командасына иштегендер ошол президенттин системасына, жүргүзгөн ишине калыптанып көнүп калган. Алар бүгүн эле Жээнбековдун системасына бурулуп кетип, колуна кол, бутуна бут болуп иштеп кетет дегенден алыс болуш керек. Ошон үчүн Сооронбай Шариповичти сын көз менен карагандар, аны жактагандар командасына көз салып турат. Эгер Атамбаевдин ишин улантып, ал таштап кеткен команда менен иштей берем десе оор абал түзүлүп калат.

— Атамбаев деле ошол кадамга барышы үчүн эркиндик бериш керек болот го. Мени караба, өз билгениңди жаса десе Жээнбеков дагы өз билгенин жасаганга артыкчылык алмак да?

— Ооба, Атамбаев өзү айткандай “Мен жалгыз иштедим” дегени чын болсо, Кыргыз мамлекетинин келечеги үчүн көңүлү түз болсо, “Мен 6 жыл колумдан келишинче иштедим. Эми мен бийликтен кеттим. Эс алуудамын, кылчактабай, дараметиңе жараша, кандай команда, ким менен иштейсиң өзүң билесиң” деп коё бериш керек. Кайырмакты салып алгандай тигиге, буга тийбе, бул мени менен иштешкен, капа кылбай бул кызматка коюп кой дей турган болсо, Жээнбековдун дагы тарыхтагы орду кандай болуп калары белгисиз болот. Ошон үчүн өз алдынча иш жүргүзүшү керек. Шайлоонун алдында “Элим үчүн болгон дараметимдин, тажрыйбамдын баарын жумшайм” деди. Мына эми канчалык дарамети, тажрыйбасы бар экенин көрсөтө турган мезгил келди. Эл ишеним артып, мурункудан өзгөрүү болот, калпыстыктар кайталанбайт деп чоң үмүт менен шайланып келди, кылчактаганга негиз дагы, убакыт дагы жок. Мен шайлоо учурунда Алайда эле эмес, көп жерде болуп, эл менен сүйлөшүп аттым. “Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин ишин улантып кетсе экен” деген сөздү бир кишиден да укканым жок. Тескерисинче, оош-кыйышты оңдойт, өзү дагы ыймандуу, өйдө-төмөн сүйлөбөгөн сабырдуу экен, мамлекетти бир калыпка салып, алдыга алып чыгат деген үмүт менен биринчи эле турдан шайланды.

— Роза Отунбаеваны жаңы президенттин ант берүү аземине чакырып койсо болот эле деген сөз коомчулукта катуу талкууга алынды. Алмазбек Атамбаев өзү президенттик кызматка киришип жатканда Роза Отунбаеванын колунан бийликти өткөрүп албады беле. Отунбаеванын ант берүү аземине чакырылбай калганына көз карашыңыз кандай?

— Роза Отунбаева ант берүү аземине чакырылыш керек болчу. Биз каалайбызбы, каалабайбызбы бир жарым жыл убакытта Кыргыз мамлекетинин башында турду. Ал жаңыдан шайланып келген Алмазбек Атамбаевге мыйзамдуу түрдө бийликти өткөрүп, мамлекеттик символикаларды тапшырып берип кетти. Ошол эле жол менен Атамбаев да Жээнбековго тапшырып берип жатат. Мен маалымат каражаттарынан Роза Отунбаева унутулуп калыптыр деп окуп калдым. Унутулуп калыптыр деген уят сөз. Бул жолу Роза Исаковна унутулуп калса, 6 жылдан кийин Атамбаев да унутулуп калышы мүмкүн. Экөөсүнүн тең экс-президент деген макамы бар. Ант берүү аземин уюштуруу иштерин толук бойдон шайлоо штабы көзөмөлдөп өткөрүштү окшойт. Анткени, залда штабда кирип-чыгып жүргөндөр, алардын тааныш-тамыр достору отурду, ал тургай кимдин кай жерге отурганынан бери ойлонуштурулган окшойт, Сооронбай Шариповичтин баласы менен кызы дагы артта, элдин арасында отурду, бир туугандары деле анча көрүнбөдү Асилбектен башкасы. Бул эми күнүгө эле кайталана бербеген тарыхый окуя да, андан дагы үй-бүлөө, бир туугандар үчүн. Роза Исаковна “Азаттыкка” берген маегинде ушул маселе боюнча “Мен чакырса дагы барбайт элем. Убактылуу Өкмөттүн бир топ мүчөлөрү, апрель революциясына салым кошкондор бүгүн түрмөдө олтурса кантип бармакмын?” деп айтты. Эгер Роза Исаковна бүгүн камакта олтурган бир топтун президенти болсо, ошол эле топ алып келип Ак үйгө отургузуп койсо, анда барбайм деп таарынса болот эле. Чакырылбадым деп эле койсо жетиштүү болмок. Камакта олтургандар боюнча баарыбыз эле мыйзамдын чегинде, саясий боёк сүртүлбөй, акыйкат каралышы керек деп айтып жатабыз.

Алар саясаттын курмандыгы болдубу, куугунтукталдыбы аны тарых тактайт. Аныктай турган мезгил келет. Роза Исаковна инаугурацияга барып, Атамбаев менен бир катарда турушу керек болчу.

— Сооронбай Шарипович “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын мурунку президентке бергени боюнча да көп сөз болду. Мүмкүн Жээнбеков шашылып кеткен чыгаар. Атамбаевдин кандай иштеп кеткенин тактай турган тарых бар. Атамбаев өзү дагы кандуу жол менен бийлик алмашууну “Эки революцияны тең мен жасагам” деп айтып алды. “Баатырдык” шашылыш берилип калбадыбы?

— Жеке өзүмдүн оюмду айтайын. Сооронбай Шарипович ал жерде абдан толкунданды. Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамды берүүнү шашылыш айтып алды. Падышанын сөзү артка кайтпайт. “Баатырдыкты” берүү үчүн бир топ критерийлер болушу керек эле. Атамбаевдин жакшы жактарын коомчулукка алып чыгып, андан кийин берсе дурус болмок. Акыркы кездери наамдардын баары өзүнүн дарегин таппай берилип жатат. Мисалы, “Манас” ордени эч кандай иши менен көрүнбөгөн адамдарга деле берилбедиби.

— “Манас” орденин Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Болот Шамшиевге 70 жылдыгында бербестен, өзүнүн мурунку шоопуруна берди. Ушул эки адамды салмактап көрүүгө болобу?

— Абдан туура. “Манас” ордени, “Курманжан датка” ордени кимдерге берилген жок. “Курманжан датка” орденин негиздөөчүлөрүнүн, идеясын көтөрүп алып чыккандардын катарында мен дагы бар элем. Бул орден кандай адамдарга берилет дегенде абдан чоң критерийлерди жазганбыз. Атамбаев болсо биринчи орденди Германиянын канцлери Ангела Меркелге алып барып берди. Меркель канчалык деңгээлде аны кабыл алды эч кимге белгисиз. Меркель немец элине эмгеги сиңип жаткандыр, бирок кыргыз элине Курманжан даткадай канчалык деңгээлде кызмат өтөдү деген да чоң маселе. Биз Курманжан датканы Орто Азия чөлкөмүндөгү чыгыш аялдарынын, болгондо дагы мусулман аялдарынын арасында чоң символика катары карап жүрөбүз. Ошондой аялзатынын атындагы орденди Европага алып барып, башына жоолук салып жоктоп коёюн деп себет көтөргөн абысындарга окшоп берип келиш чындыгында осол иш болуп калды. Меркелден кийин БШКнын төрайымына берди. Ал шайлоону жалгыз өткөзүп, 54 пайызды Сокенин чөнтөгүнө салган жок да, кандай өткөзгөнү башка маселе. Эгерде шайлоонун жыйынтыгы боюнча сыйлай турган болсо “Эл баатыры” сыйлыгы менен Атамбаев эмес Кара-Суудан 100 миң 592 добуш алып берген Раим Матраимов сыйланмак да. “Курманжан датка” орденине татыктуу болуш учун бийликке эмес, элге кызмат кылып, мамлекеттик маанилүү иштерде калыстыктан тайбаган мекенчил, кыргыз кыздарына таандык болгон каада-салтты тутунган энебиздей каруусун казык, канын азык кылган айымдарга берилиши керек болчу. Ошондуктан, Сооронбай Шарипович мамлекеттик системаны бир нукка салып алгандан кийин “сыйлыкты ушул кезге чейин армансыз эле алдыңар, алып да бүттүңөр. Эми Манас-Манас боюнча, Курманжан-Курманжан боюнча калсын. Чыныгы дарегин таппаган сыйлыктын айынан залкарларыбыздын дагы арбагы түйшөлүп калбасын. Тынч коёлу” деп сыйлык тапшырганды токтотуп койсо деле болот. Уурусуна, түзүнө, кыйшыгына, мамлекеттик системаны бузганга катышкандарга деле берип атып, Атамбаев тышкы саясатка кошуп сыйлыктын дагы эсин оодарып кетти.

— Сооронбай Жээнбековдун тышкы саясаттагы биринчи кадамы жемиштүү болуп, чек ара маселесин казак президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп чече алды. Назарбаев дагы Атамбаевдин бийликтен кетишин күтүп эле тургандай жаңы президент менен мамилени жаңы барактан баштайм деп сүйлөшүүгө келди…

— Назарбаев кыргыз элине каршы иш кылды деп ойлобойт элем. Ал киши деле кыргыз эли менен кошо казак эли да кыйналганын билип турду. Бирок, менин оюмча Назарбаевде бизге Кытайдан кирип жаткан контрабандалык жүктөр жөнүндө бизге белгисиз болгон далилдүү фактылар бар окшойт. Муну ал киши жутунуп тургандай. Биз ЕАЭС алкагына киргенден кийин, анын жоболоруна туура келбеген иштерди байкаган соң Атамбаев тынч эле кетип калсын, жаңы башчы менен мындан аркы саясатты жаңы барактан баштайын деп күтүп тургандай. Атамбаевдин оргу-баргы ойлонулбай айтылган сөзү менен жараны тырмап алды. Назарбаев кыраакы киши да. Ал айтпадыбы “Бир кишинин айткан сөзү улут үчүн кедерги болбошу керек” деп. Муну менен а киши дагы Сооронбай Шариповичке өткөнгө саресеп салып кылчактабай, өз алдынча саясат жүргүзүү керектигин кыйытты. Баарыбыз эле казак-кыргыз маселеси кантип чечилет деп сарсанаа болуп турганбыз. Жээнбековдун тышкы саясаттагы алгачкы кадамдары жемиштүү башталды. Өзү дагы абдан токтоо, ишенимдүү (баскан-турганы, өзүн алып жүргөнү, мамлекет башчы экенин толуктап турду) кадам таштады. Тышкы саясатта өз алдынча иш жүргүзгөнгө багыт алды. Мындан кийин да ишенимдүү кадамдарын таштай бериши керек.

— Казактар биздеги 2010-жылы болгон апрель окуясы боюнча даректүү тасма тартып, дүйнө коомчулугуна көрсөтүштү. Анда Кыргызстанды жарандык согуштан Назарбаев сактап калган деген идея кетиптир. Сиз ошол тасманы көрдүңүзбү?

–2010-жылы эле Бакиев Кыргызстандан чыгып кеткенде “Бакиев жөн эле чыгып кеткен жок? Анын чыгып кетүүсүнө коңшу мамлекеттердин кийлигишүүсү болгон” деген сөздөр айтылган. Роза Отунбаева дагы “Чечимди мен кабыл алгам” деп айтты. Ошол кезде мен дагы “Роза Отунбаева Убактылуу Өкмөттүн 14 мүчөсүнүн сөзүн укпай, кантип өз алдынча чечим кабыл алган?” деп ойлогом. Кечээки казактардын даректүү тасмасынан кийин кимдер кийлигишкени ачык болду. Бакиев өзүнүн кичи мекенине барып олтургандан кийин өлкөдөгү абал оорлошуп, жагдай башка жакка бурула турган болуп калган. Анткени, түштүк аймакта Бакиевдин тарапташтары күчтүү болчу. Мындан сырткары Бакиев Убактылуу Өкмөттүн абдан чоң баш оорусуна айланган. Эгерде Бакиев ошол жерде калып кетсе өлкөдөгү абал кандай болот? Бакиевди кармап, камап койсо эл тынч болобу? Ушундай суроолор жоопсуз турган. Ал учурда Бакиевден эч ким президенттик мандатын да алган эмес. Президенттик кол тийбестиги бар болчу. Коңшу мамлекеттер да биздеги абалга көз салып турган. Биз Назарбаевдин БУУнун жыйынына катышып, ошол жакта күчтүү державалардын башчылары менен сүйлөшүп, ал жактан Бакиев менен телефон аркылуу байланышып, аны Кыргызстандан чыгып кетүүгө ынандырганын билген эмеспиз. Көптөр Отунбаеваны күнөөлөп “Бакиевди өз алдынча чыгарып жиберди. Аны менен соодалашса керек. Англиянын престиждүү аралында Максим Бакиев менен Роза Отунбаеванын кызы кошуна турат экен” деген сөздөрдү айтып жүрүшкөн. Бакиев Кыргызстандан чыгып кетпегенде эки бийлик орноп калышы мүмкүн эле. Убактылуу Өкмөттү дүйнөлүк коомчулук канчалык деңгээлде тааный турганын эч ким айта алмак эмес. Роза Отунбаева дагы болгон чындыкты айтып, тарых алдында өз миссиясын аткарды. Назарбаев кимдер менен сүйлөшкөнүн ачыктаптыр. Аны Отунбаева дагы, Бакиев дагы тастыктап айтышты. Бирок ачык айтылбаган дагы бир нерсе, эмне үчүн Бакиевге ошол эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан кол сунган жок дагы, Белоруссия эшигин ачты? Бул нерсе дагы макулдашылганбы же Лукащенко өз алдынча чечим кабыл алдыбы? Бирок, Роза Отунбаеванын 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу айтканын интернет сайттардан окудум. Ош окуясы түндө башталганын билесиңер. Убактылуу Өкмөт түндө саат экиде чогулган. Бул чындык. Ошол окуяны Отунбаева айтыптыр. “Биз Атамбаевди таппай койгонбуз” деп. Экөөбүзгө караганда ал жерде эмне, кандай ситуация болгонун Отунбаева жакшы билет да.

— “Мени ФСБнын адамдары коё бербей койду” деп келди” деп айтты…

— Эмне үчүн Атамбаевди ФСБнын адамдары кайтарып жатат? Мага ушул да түшүнүксүз. Өзүнүн мамлекетинде, өзүнүн үйүндө олтурса, эмне үчүн Россиянын ФСБсы Атамбаевди кайтарыш керек?

— Эл арасында мамлекеттик төңкөрүштү Россия Атамбаевдин колу менен жасаган деп айтылып жүргөн сөз бар. Өмүрбек Суваналиев да “Атамбаевдин үйүнө барсак ФСБнын адамдары кайтарып жаткан экен” деп айтканы бар. Отунбаеванын айтканы да ошол менен дал келип жатпайбы?

— Роза Отунбаева дагы “Атамбаев жыйынга катышпай койгон. Эртеси күнү “Мени ФСБнын адамдары чыгарбай койду” деп келди” деп жөн жерден айткан жок. Ошол убакта Атамбаевди эмне үчүн ФСБ кайтарып турганы да ачыкка чыгат. Бакиевдин кандай жол менен өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болбодубу.

— Баары ачыкка чыкканда “Кыргыз Республикасынын Баатыры” күнөөлүү болуп калса эмне болот?

— Анда “Мен Кыргыз Республикасынын Баатыры болбой эле коёюн” деп наамын өзү алып келип тапшырып береттир. Кыргыздын “Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа” деген сөзү бекер айтылбаптыр. Тарых өз баасын берип, чындык ачыкка чыгып калууда. Мен Сооронбай Шарипович “Баатыр” деген наамды ыйгарам дегенде, Атамбаев өзү “Рахмат, Сооронбай Шарипович. Мени эл баалап, Баатыр катары эсептесе, менин Баатырлыгым ошол. Мен Баатыр болоюн деп элиме кызмат кылган жокмун. Элдин баасынан жогору баа жок. Сен берген баага рахмат. Мен бул наамдан баш тартам” деп албай койсо керек деп ойлодум эле. “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген наамды албай койгондо, Атамбаев андан да жогору баатырдык статуска ээ болот эле.

— Атамбаев кызматтан кетеринде “Мен партиянын башында туруп, шайлоого даярданам” деп айтты. Жакынкы күндөрү партиянын кезектеги жыйыны болуп, Атамбаев лидер болуп шайлана турганы айтылууда. Ал киши партиясынын башына келсе, кийинки жылы парламенттик шайлоо өтүп калышы мүмкүнбү?

— Болуп калышы толук мүмкүн. Анткени, парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө боло турган болсо, партиясынын лидерлигин шашпай эле алып, акырындык менен ишин жүргүзө берсе болот болчу. Өзү да “Абдан чарчадым” деп айтпадыбы. Кенен эс алып алганга убакыт бар эле. Өзү “Партиянын тизмесин өзүм абдан дыкат караймын” деп айтты. Ошол жагынан алып караганда, кийинки жылы парламенттик шайлоо болуп калышы мүмкүн.

— Бабанов качып кетти, Текебаев, Исаев баш болгон саясатчылар түрмөдө олтурат. Өзүнүн атаандаштары түрмөдө олтурган мезгилден пайдалынып, бийликтин күчү менен партиясын мындан да күчтүү кылып алып келүүнүн аракети эмеспи?

— Кийинки жылы шайлоо болот дегенди мындан башка версия менен да караса болот. Сооронбай Шарипович кечке эле Атамбаевдин айтканындай кылып, СДПКны колдоп тура берет деген кепилдик кимде бар? Ал кишинин да өзүнүн ою, пикири, өзү жүргүзгөн саясаты болот. Ошондуктан, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн ою менен эсептешип кала электе, партиямды дагы бир жолу бийликке алып келип алайын деген ниет болушу да мүмкүн. Парламенттик шайлоодо элге таасир бере турган бир топ саясатчылар азыр кайсыл жакта олтурганын жакшы билесиңер. Мүмкүн, ушул абалдан пайдаланып, азыркыдан да күчтүүрөөк болуп парламентке келип калайын деп атса керек. Парламенттик системаны түшүнгөн адам келип, аны колго алган болсо, парламенттин ролу абдан чоң болот. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр 1-декабрдан баштап күчүнө кирди. Азыр Өкмөттүн да мүмкүнчүлүгү чоңойду. Өкмөттүн рычагы парламенттин колунда. Ушул жагынан алып караганда дагы Атамбаев тез аранын ичинде шайлоого барышы мүмкүн.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *