“Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай”, тынч эле жашасак

Журналист Аслан Сартбаев кожоюндук кылган “Азия ньюс” гезитинин бүгүн, 29-июнда жарыкка чыккан жаңы санында биздин Кyrgyztoday.org сайтына обу жок асылган чакан маалымат жарыяланыптыр. Анда биздин сайт “Азия ньюс” гезитине чыккан материалдарды бурмалап жарыялап жатат таризинде доомат артып, бирок бир да далил келтире алышпаган. Анткени далилдери жок. Биз бир да материалдын мазмунуна тийишпейбиз.

Ошол эле учурда ар бир редакция басма сөздөн дайджест жасаганда ал материалды кыскартып берүүгө же материалдын маңызына карап заголовогун өзгөртүүгө акылуу экенин эскертебиз. Мындай учурда редакция маалыматтын айрым бир өзү кызыктуу деп тапкан бөлүгүнө акцент коюшу мүмкүн. Бул ММКлар арасында кеңири тараган практика. Ал эми биздин практика боюнча маалыматтын заголовогун алмаштырган күндө да жогоркудай дооматтар болбос үчүн жаңы заголовокту да тексттин ичиндеги эле айрым бир ойду туюнткан сүйлөмдөрдөн эле алабыз.

Ошондуктан кесиптештер, “бөйрөктөн шыйрак чыгарбай” тынч эле жашасак деп сунуш кылат элек. Ал эми биздин редакциянын басма сөздөн дайджест жасоо ыкмасы мындан ары да так ушундай эле өзгөрүүсүз бойдон кала берерин эскерте кетмекчибиз.

Кyrgyztoday.org сайтынын жааматы

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *