Болсунбек Казаков: “Кыргызстандын жараны Мегакомду 13,5млрд сомго, 5 жыл ичинде төлөп берүү шарты менен cатып алгысы келди”

“Бүгүн ЗАО «Альфа Телекомду» (Megacom соода маркасы) 13, 5 млрд. сомго, бирок 5 жыл ичинде төлөп берүү шарты менен сатып алгысы келген Кыргызстандын жараны бизге келди”, – деп билдирди КР Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Болсунбек Казаков бүгүн, 22-августта Бишкекте өткөн маалымат жыйынында.

“Бул олуттуу эмес сунуш, мен Мегаком компаниясынын сатылаарына ишенем. Биз ар бир инвесторлор менен иштедик, стратегиялык багыттарды көрсөттүк. Чындыгында Мегакомдун рентабелдүүлүгү инвесторлорду кызыктырышы керектигин көрсөтүүдө”,  – деди Болсунбек Казаков.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *