Борончу Кудайбергенов, куудул: “Маданият жылында маданий инсандарды колдоонун ордуна кордой баштады”

“Сакадай бою сары алтын”, боорду эзген Борончуну кимдер гана  билбейт. Таланттуу куудул учурда 50 жылдыкта 50 концерт деп буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кези. Куудулдун акыркы жаңылыктары менен бирге чыгармачылыкка аралашкан күндөрүн эске салып, кызуу маек курдук.   

Көрүүчүлөр бул нерсеге даяр эмес

Көз ачып жумгуча 50 жашка чыгып калыптырмын. Биздин бала кезде айылда бир аксакал элүүгө чыгыптыр десе 80-90 жашка чыккандай сезилчү. Анда жакында өлөт турбайбы деп ойлочубуз. Көрсө элүү жаш курак жаш эле болот турбайбы. Чыгармачыл адамдар болгондон кийин мындай жашты өзгөчө белгилейт экенбиз. Элүү жашка толуп, сахнада жүргөндүгүмө 30 жылга жакындап калды. Бала кезде “Бекбекей” ыр бий ансамблга катышып, майрамдык кечелерде ырдап чыгып жүрдүм. Убакыт зымырап учуп, чыгармачылыктын татаал жолун басып өттүм. Ушул жашка толуп, элге дагы эмне айткыбыз келет деген максатта 50 жылдыкка 50 концерт деп 50 чоң аймактарга концерт берип кыдырып жүрөбүз. Март айынан баштап, Баткен облусундагы шаарларды кыдырып 14-15-апрелде Жумгалдан гастролдоп бүтөм. Ага чейин толугу менен түндүк түштүк аймагын кыдырып, элдерге жакшы маанай тартуулайбыз. Негизи концертимди уюштуруп жаткан режиссер Рысбек Жабиров жана 50 жылдык концерт шоу болсун деп, бардык жагынан көмөк көрсөткөн “Синемарт продакшн” компаниясы болуп жатат. Куйручук атабыздын урпактары болгондуктан “Куйручук” театры менен концерт коюп жүрөм. Көпчүлүк учурда бирөөлөргө жардам катары концерт берип келем. Россияда куудул, ырчылар жеке жалгыз концерт беришет деп айтып чыгышат. Ал нерсе биздин колубуздан келсе дагы бирок көрүүчүлөр буга даяр эмес. Эгерде менин концертим болот десе, бул ырчы же куудул эмнеге келген жок деп, өздөрү жактырган чыгармачыл инсандарын сурашат. Бишкекте боло турган 50 жылдык концертимде Рахман, Абдылда, Жамбыл агайларым жана башка коноктор келишет. Бирок ал келген куудулдардын бардыгы концертиме катышпайт. Алар конок катары эл менен бирге концерт көрүп олтурушат. Бирок концертимдин жүрүшүндө аксакал инсандарды сахнага чакырып, ыраазычылыгымды билдирүү менен элге күлкү маанай тартуулайм.

Өкмөттүн эсебинен жашап жаткан кесиптештерим бар

Жеке концерттик программада мен төрөлгөндөн баштап 50 жашка чейинки өмүр жолумду толук тамаша кылып айтам. Мындан сырткары конокторду кошуп чыгарсам, жеке өзүмө 3 саат убакыт аздык кылат экен. Бул аты аталган көрүнүктүү куудулдар Ош жана Бишкекте гана конок болуп катышат. Бирок көп убакыттан бери концерт тууралуу ойлонуп, 2-3 саат жалгыз сахнага жеке чыгууну көздөп жүрөм. Анткени сахнага жеке жалгыз чыгып, айта турган ойлорум, ырдай турган ырларым бар. Биз айылга барган учурда депутатка сөз айткандай эле көйгөйлөрдү айтып чыгышат. Борончу: “Биздин жерлердин баары башкага өтүп кетти. Айылда суу чыкпай жатат. Бийлик башындагылар эмнени карап олтурушат” – дейт. Биз уккан маселелерди тамаша аркылуу айтып чыгып жатабыз. Ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна маданият тармагын тейлейбиз деп жатат. Чыгармачыл инсандарга, маданият тармагына жардам берүүнү качан ойлонушат?! Маданиятка каражат бөлүштүрүп, бардык жактан колдоо көрсөтүүнү ойлонуу керек. Чыгармачылыгыбызды тейлегенге тескегенге акча төлөп берип иштетесиңби же акча төлөп бербей иштете бересиңби?! Бизди жапайы артисттер, эл бузарлар деп ат коюп алды Мискенбаев. Анда ушул эл бузарлар канча салык төлөп жаткандыгын ким билет болду экен?! Азыр 50 концерт коюп, салык, ижарага акча төлөйм. Биз бюджетке 1 айда эле 1 миллиондон ашуун акча төлөйт экенбиз. Бирок концерт койбой эле өкмөттүн эсебинен жашап жаткан кесиптештерим дагы жок эмес. Мисалга алсак, биз ижарага ай сайын спорт сарайга концерт коюп 1 миң доллардан төлөп жатабыз. Анын эсебинен бардык нерселер жабылып, жарыктык, суусу жана башкаларга иштеп берип жатабыз. Эл бизге акчаны алып келип, концертте колдоо дем күч берүүдө.

Булар канчалык көп жесе, ошончолук көп айтабыз

Маданият тармагындагы инсандарды колдоонун ордуна маданият жылында ушуларды кордойлу деп башталды. Быйыл маданият жылында маданиятты көтөрүп, чыгармачыл инсандардын башын бириктирип жакшы нерселерди уюштуруу керек эле. Бизге ижара, жатакананын баасын арзан сүйлөшүп берсе болмок. Кризисте элдин маанайын көтөрүп турсун деп, башкача антикризистик программаны ойлоп табуу керек болчу. Булар бир нерсе десе, бизди айтып коёт деген туура эмес. Алардын аткара турган жумушу башка болсо, азыр жасап жаткан иши башка нерсе болууда. Коомчулукта тамашанын чеги кайда жатат деген суроо жаралат? Булар канча көп жесе ошончолук көп айтабыз. Аз жесе аз сүйлөп, жебей койсо таптакыр айтпай калабыз. Алар жебей жакшы иштеп жатса, биз аларды жамандап жатсак, эл деле бизди жаман көрбөйбү?! Бардык нерсе өздөрүнө жараша болуп жатат. Биз болгону алардын кемчилигин ачык айтып жатабыз. Мындан улам кимдир бирөөлөрдүн буйругу менен иштеп жатат деген сөздөрдү чыгарып жатат. Өзүбүздүн кесиптеш Күмөндөр байкебиз: “Бирөөлөрдүн заказы менен иштеп жатат” – дейт. Эгерде бир партиянын атынан чыгып алып калганын жамандап жатсак анда башка сөз болмок. Биз керек болсо бир партияны колдоп барып, башкалардын кемчилигин айтып жатып, үгүттөп жаткан партиянын кемчилигин айткан учурлар болгон. Алар: “Силер кызыксыңар го бизден акча алып, бизди жамандайсыңар” – деп таарынган. Негизи биз бардык нерсени ачык айтып көнүп калганбыз. Элге чындыкты жеткирип, чындык тарапка кошулгула деп партияларга айткан учурларыбыз болду. Ал эми өзүбүздүн кесиптештер болсо, биз тууралуу каршы пикирлерин айтып жатышат. Булардын максаты коомго алып чыгып, талкууга алуу керек эле. Мындан улам нааразы болгондор чыгып жатат деп, чара колдонуу тууралуу шылтоону башташты. Мындан кийин саясатты айта турган болсом, башка жол аркылуу айтып чыгууну ойлондум. Анткени эч кимге таарынбастан соттошпой тургандай кылып айтуу керек окшойт.

Булак: “Эл деми”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *