Боронтой Бедюров: Сибирь элдеринин түпкүлүгү – кыргыз улуту

Алтай Республикасынын Эл жазуучусу, Алтай Республикасынын жазуучулар Союзунун төрагасы, РФ жазуучулар Союзунун тең төрагасы, Россия тил академиясынын академиги, Славян академиясынын мүчө-корреспонденти, Россия табигый илимдер академиясынын мүчөсү, чыгыш таануучу, философ жана акын-жазуучу Боронтой Янгович Бедюров үстүбүздөгү жылдын 20-мартында 70 жашка толду.

Боронтой ага менен биз Бишкек шаарындагы “Талисман” чайканасында,

чай үстүндө баарлаштык.

— Ата тегигиңиз жөнүндө кеп кыла кетесизби?

— Байыртадан эле ар бир алтайлык өз ата тегин жок эле дегенде жети атасына чейин билүүгө милдеттүү болгон. Ал тургай, алар ата тегин ак сөөктөргө да караганда мыкты билишкен. Менин атам Жаңа чоң атам Бөдүр сыяктуу эле Оймон өрөөнүнүн жергиликтүү тургуну болгон. Апам Теректүү тоо кыркаларынын ары жагындагы Кара-Гол өрөөнүндө туулуп, өскөн. Мен Онгудайда жарык дүйнөгө келип, 16 жашыма чейин таяке журтумда Кулады жергесинде жашап, чоңойдум. Бала чагымдан акылман карыялардын чөйрөсүндө өстүм. Бой тартканда мен аларды элдик академиктер деп атадым. Алардын аң-сезиминдеги руханий, маданий дөөлөттөрдүн молдугу, акыл чабыттарынын тереңдиги таң каларлык эле. Тилекке каршы, азыркы техникалык өнүгүүнүн заманында бир нече жогорку дипломдуулар арасында да мындай адамдар өтө сейрек кездешет.

Алтайлыктарда бабаларын “ажа” дешет. Кыргыздардын эл башчысын “ажо” дешкени мени байыркы кыргыздар журт башчысын балким, “ажа” дешкенби деген ойго келтирет. Менин балдарымдын көпчүлүк азыркы жаштардай эле өз ата- бабаларынын тарыхына, маданиятына кызыккандыгы мени, албетте, кубандырат.

— Окумуштуулар нечен жүз жылдыктардан бери Тоолуу Алтайдын тарыхына, маданиятына, руханий мурастарына кызыгып келишет. Сиздин көз карашыңызда Тоолуу Алтайдын кайталангыс сыры эмнеде?

— Мен темадан бир аз четтесем, кечирип коёсуздар. “Тоолуу Алтай” терминин мен Алтай Республикасын атоодо эле эмес, чындыкка жатпаган аталыш, тавтология болгону үчүн чейрек кылымдан бери колдонбойм. Россиянын өзүндөгү эле Алтайдын тоолуу бөлүгү үч Швейцариянын аймагына барабар. Ал эми Алтай Республикасынын аймагы анын үчтөн экисин ээлеп турат. Бул жөнүндө XIX кылымдын экинчи жарымында сибирлик улуу публицист Н. М. Ядринцев да белгилейт. Алтай Республикасын жөн эле Алтай деп атайм, анткени Алтай “Алтын тоо” түшүнүгүн билдирерин биз баарыбыз билебиз. Тоолуу Кавказ, тоолуу Тянь-Шандар болбогондой эле, Тоолуу Алтай да болбостугун мен миң жолу жазып да, айтып да келем. Жалпысынан алганда, Алтай түшүнүгү кыйла кең мааниге ээ, кенен түшүнүк. Ал Түндүктөн Томск тайгасынан Түштүктөгү Гоби чөлүнө чейин, Эн-Эртиштен Батышка карай Чыгыштагы Байкал көлүнө чейин созулуп жатат. Ошентсе да, дал биздин Алтайды Н. К. Рерих “Сибирдин гана эмес, бүтүндөй Азиянын ажайып керемети” деп атаган.

— Алтайды дүйнөгө Н. К. Рерих ачкан дешет. Табышмактуу аймак дагы кандай сырларды катып жаткандыгы жөнүндө Сизден уккубуз келет…

— Менин оюмча Н. К. Рерих баарынан мурда Алтайды биринчи кезекте өзү үчүн ачкан. Анын Алтай алдындагы сиңирген эмгеги — ​анын Алтайдын руханий дөөлөттөрү, табышмактуу сырлары жөнүндө Америкага жана Европага айткандыгында. Ал эми Алтайды изилдөө Рерихке чейин эле Петр Биринчинин, Ломоносовдун тушунда жүргүзүлгөн. Рерих XVIII — ​XIX кылымдарда Сибирь менен Алтайды изилдеген көрүнүктүү орус саякатчылары, географ, түрколог, этнограф, тарыхчылар Пржевальский, Потанин, Певцов, Козловдордун илимий эмгектерин окуп, жакындан таанышкандан кийин гана Алтайга келип отурбайбы. Мен өзүмдүн “Алтай жөнүндө сөз” аттуу эмгегимде аталган изилдөөчүлөрдүн эмгектерине таянып, 20 жылдан ашык мезгилден бери ар түрдүү учурда изилденген материалдарды системалаштырууга аракет жасадым. Биз Алтайдын географиясы, табигый өсүмдүктөрү, жаныбарлар дүйнөсү, тарыхы, маданияты жана руханий дөөлөттөрү жөнүндө канчалык көп билсек, өзүбүздүн улуттук, маданий, руханий дөөлөттөрүбүздү ошончолук терең аңдап-сезип, алардын маани-маңызын, баалап, этияттай, барктай баштайбыз.

— Сиз дүйнөнүн булуң-бурчтарында көп болосуз. Алтайга кайрылып келгенде анын өзгөчө энергетикасын сезесизби? Же бул философтордун ойлоп тапкан нерсесиби? Алтайдын башкы байлыгы эмнеде?

— Жер планетасындагы башкы баалуулук — ​органикалык жашоонун негизи болгон суу менен аба болуп саналат. Эгерде Алтайда кандайдыр бир кайталангыс өзгөчөлүк болсо, анда бул өзгөчөлүк Алтайдын суусу менен абасына байланыштуу. Анын үстүнө ал Евразия континентинин борборунда жайгашкан. Биздин бабалар айтчу: “суу алтындан кымбат болгон мезгил келет” деп. Ошол мезгил келип калды көрүнөт. Рухий кризиске дуушар болгон дүйнө биздин элдин акылмандыгын түшүнө баштады көрүнөт. Алтай таза, ичүүгө жарай турган суусунун молдугу боюнча дүйнөдө Байкалдан кийинки экинчи орунда турган ажайып кооз аймак болуп саналат. Дал ушул Алтай аймагында эбегейсиз ири көлөмдөгү таза суу топтолуучу табигый резервуар жайгашкан. Биз баарыбыз оп тарткан Объ дарыясынын куймаларында жашаган эл суу тазалыгына, токойлордун сакталышына жана калыбына келтирилишине жоопкербиз.

Азырынча биз таза абадан дем алып, таптаза суудан ичүүдөбүз. Биз тарапка жаратылышы аёосуз булганган аймактардан келгендерге Улалу, Майма, Чарыш, Урсул жана Көк-Суу суулары айрыкча кыш мезгилинде өмүрдү узарткан мүрөк, бейиштин сууларындай сезилери турган сөз.

Алтайдын энергетикасы, же жердин аурасы башка Сибирь аймагындай эле мага таптаза суусу жана жан-дүйнөнү жыргатып, эс-мас кылган тоонун жумшак абасы аркылуу сезилгенсийт. Чет жактарда болгондо өзүмдү: “мен келечектин моделин элестеткен шаарлары жок Алтай деген жерденмин” деп сыймыктануу менен тааныштырам.

— Алтайлыктар кыргыздардан эмнеси менен айырмаланат?

— Биз мурдагы совет доорундагы бизге жогорку бийлик тарабынан таңууланган түшүнүктөрдөн арылуубуз керек. Чын-чынына келгенде хакас, алтай, тува, чор деген элдер жок, этностор бар. Жалгыз — ​кыргыз деген байыркы эл, бүткүл адамзат тарыхы тарабынан таанылган кыргыз улуту бар. СССРдин мезгилиндеги компартиянын саясатына эрксизден жипсиз байланган советтик тарых илиминде бизди “Енисей кыргыздары” деп атап келишкен.

Ошол эле мезгилде биз хакастар, алтайлыктар, тувалыктар, шорлор ар дайым өзүбүздү “байыркы кыргыз бабаларыбыздын жайлоолорун мекендеп калган кыргыздын ажырагыс бир бөлүгү — ​Түндүк кыргыздарбыз” деп билебиз жана ырасында эле ошондой. Ал эми азыркы Кыргыз Республикасындагы ала-тоолук кыргыздарды биз “байыркы кыргыз бабаларыбыздын кыштоолорунда жашаган Түштүк кыргызстандык кандаш бир туугандарыбыз, улутташтарыбыз” деп эсептейбиз жана көөнө тарых далилдегендей, чындыгында эле ошондой.

Тагдырдын оор сыноосу менен кызыл кыргын, канавайрамда бири биринен 800 жыл мурда мажбур ажыратылган, азыр бир бөлүгү Ала-Тоодо, экинчи бөлүгү Алтай, Улуу-Кем, Енисей, Каңгайда жашап, эки башка аймакты байырлаган элдердин байыркы ата-бабасы, тамыры, түбү бир кыргыз эли экендигин илимий жактан кайра карап чыгып, таанууга мезгил жетти. Совет доорундагы бир эле улутту майда уруктарга жиктөө аркылуу ал улуттун көөнө тарыхын жокко чыгарып, чачыратып, баш көтөрө алгыс абалга жеткирип алсыратуу максатындагы коммунисттик саясаттын чыныгы жүзүн ашкерелеп, адилдикти, акыйкатты түшүнө турган кез келди.

— Сиз жогоруда бир бүтүн улуттун өкүлдөрү болгон кыргыздардын бири-биринен 800 жыл мурда, мажбур ажыратылган деген сөздү айтуу менен монголдордун кысымынан Күчлүк гүрхандын Ала-Тоого, Алайга жер которгонун айтып жатасызбы?

— Так ошондой. Ошол кездеги тарыхый жагдайдан алып караганда, Күчлүк өз эл-жерин чексиз сүйгөн элдик баатыр болгон. Анын өз элин алып, Ала-Тоо тарапка ооп, элди кызыл кыргындан сактап калгандыгы бул тарыхый факт. Эгерде ал Алтайда калып, теңдешсиз жоого каршы турганда эл биротоло кырылып, аты тарыхтан да өчүп кетет беле, ким билет. Элдин аз бөлүгү Алтайда да калган, кичинекей үч уруунун ханы монголдор басып келгенде өз ыктыярлары монголдорго кошулганга мажбур болуп, элди сактап калышкан.

— Өздөрүн “дүйнөнүн атуулдары” эсептеген адамдар “биз бир ааламда жашап, “бир камырдан жасалгандан кийин” сенде кандай кан чуркап жатканы мааниге ээ эмес” деген пикирлерди айтышат. Сиз буга кандай карайсыз?

— Алар атайылап, башты айландырып, адаштырып жатышат. Тамырсыз бак-дарак болобу? Жок, болбойт. Теги жок адам, бул эч ким эмес. Алтайлыктардай эч кайсы эл киндик кан тамган жерге, жаратылышка байланган эместир. Бизден башка эч кайсы эл өзүн “жердин балдары”, “жерликтер” деп санабайт. “Алтай” сөзүнүн биринчи мааниси “Алтын-Тоо”, экинчиси — ​Ата Мекен, Ата Журт, үчүнчүсү — ​Жер планетасы. Ошондуктан, алтайлыктар “Жер-Алтай”, же “Алтай-Жер” дешет. Бул алтайлыктар “Жер планетасынын балдары” дегенди түшүндүрөт.

Жалпысынан алганда баарында бир жалпы үй болгондуктан, адам өзүн планетанын, жердин атуулу деп атаганы туура. Ошол эле мезгилде ар бир адам өзүнүн өзгөчө улуттук, руханий, маданий баалуулуктарына ээ. Алтайдын мыйзамы — ​бул адамдардын бири-бирине, өзүнө окшогон башка адамдарга гана эмес, бардык тирүү жандыктарга, жаныбарларга жана канаттууларга, чөптөргө жана дарактарга мамиле жасоодо бир туугандыктын жана тилектештиктин, теңдиктин жана эркиндиктин кодексин сактаган жаратылыштын мыйзамы.

Жаратылышка да өз үйүңө жасагандай мамиле жасап, аны кыйратууга, бузууга жол койбоо керек. Күнгө карап боюн керген өсүмдүктөр менен, жер кезген жаныбарлар менен, көктө сызган канаттуулар менен, сойлоп, чуркап, секирип, сүзүп жүргөндөр менен эриш-аркак табигый гармонияда жашоо гана адамзаттын жаркын келечегин камсыздайт.

— Боронтой Янгович, сиздин “теги жок адам — ​бул эч ким эмес” деген сөзүңүздү угуп олтуруп, тегин унутуп, маңкуртка айланган Айтматовдун Жоламаны эске түштү…

— Дүйнөлүк адабияттагы классиканын туу чокусун багынткан Чыңгыз Айтматов менен мени залкар акын Кайсын Кулиев мындан 40 жыл мурда Москвадагы Переделкинодо, жазуучулар Үйүндө тааныштырды. Анда менин СССР ИА Чыгыш таануу институтунун аспирантурасында окуп жүргөн кезим. Ал менин Алтайдан экендигимди билгенден кийин, өзгөчө коюлган атымдын таржымалын сурап, мени өтө кунт коюп укканы мага өзгөчө таасир калтырды. Түшкү тамактан кийин биз сыртка чыгып, узакка маектештик. Мен XIII кылымдын башындагы наймандар менен Темучиндин согушу, Найман эне, маңкуртка айланган Жоламан жөнүндө көп нерселерди айттым. Мени таң калтырганы — ​улуу жазуучунун айтылган баяндын ар бир учурун терең териштиргени, орто кылымдагы тарыхый окуяларды биринчи угуп жаткандай түр көрсөткөнү болду. Жолугушуунун соңунда ал мага алкоо сөздөрүн айтып, мындан кийин да жолугушуп жүрөлү деген маанайда жылуу коштоштук. Ырасында эле, кийин биз көп жолу жолугуп жүрдүк.

Баарынан таң калыштуу окуя мени алдыда күтүп турганын мен кийин билдим. Чыңгыз Айтматовдун жаңыдан жарык көргөн “Кылым карытар бир күн” романы колума тийгенде, окуп көрсөм, мен айтып берген Найман эненин, анын маңкуртка айланган Жоламан уулунун кайгылуу тагдыры мен айтып бергенден да таамай сүрөттөлүп, жазуучу тарыхый окуяларды өзүнө сиңирип алып, окурманга жеткиликтүү, жорго тил менен бериптир. Ал гана эмес, менин Боронтой деген атым Бороондуу Эдигейге кошумча ат болуп, башкы каармандын ажарын ачып жазылыптыр. Көрсө, улуу жазуучу Айтматов биздин биринчи жолугушуубуздагы менин айткан окуяларымдан келечектеги китептин сюжеттерин алган экен.

— Кенен куруп берген маегиңиз үчүн чоң рахмат, Эр Боронтой ага!

Булак: Жаны Ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *