Ботобековдун талпагын ташка жайган Илмияновдон эмнени күтүүгө болот?

Жыландын куйругун басып алгандар эми кокуйлап калат шекилди. Анткени даңазалуу Икрамжан Илмияновдун “Ихлас” курулуш компаниясына эч кандай тиешеси жок экенин өзү ачыктады. Илгери Уран Ботобеков деген пиарчы улам асыла берип, мойнуна  1,8 миллион сом айып пул илингенде көздөн кайым болгон. Анткени ал Мелис Мырзакматовдун “арабасын” эметип оокатын кылып жүргөн.  Азыр кимдин торпогун айдап жүргөнүнө кызыгып койгон жан көрүнбөйт. Анткени жоголгондордун  дарегин табууга эч ким деле кызыкпайт.

Бул ирет Илмияновдун жинин ким кашайтканын тергөөчүлөр иликтеп анан жиликтеп чыгышаары белгилүү. Ага кошумча болуп Жантөрө Сатыбалдиев да жалган маалыматтарды элге жайылткандарды жөн койбой турганын кабарлады. Ошентип эки лөктүн изине наспай салам дегендердин ( депутаттын, сайттын) оозу төйнөлөбү, же бир илинчегин таап чыгышабы убакыт көрсөтөт. Ошентсе да кара пиар менен алектенгиси келгендердин сааты чыкканда тилине тибиртке чыгып кетээрин да эскерте кетели. Бирөөгө асылардын алдында фактыларды таразага салып тактап алыш зарыл экенин да унутушпаса. Кандай  деген менен баары бир Илмияновдун таасири азырынча кайта элек. Кээ бирөөлөр эртелеп аны чанып, эми колунан балээ да келбейт  деп калышканы эртелик кылат. Икрамжандын бул жолку “аңчылыгы” кандай ийгиликке жетерин аңдап туралы, макулбу?  Мойнуна миллион сом илингенде качып кетишпес бекен?

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *