БӨТтүн «магнити» күчтүү эле, 15-октябрга чейин Сулаймановду өзүнө тартып кетпейби?

Жалпыбызга белгилүү болгондой, Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго өтүп кетишкенден кийин парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов дагы ойго батып, келечек тагдырын анализге ала баштаптыр.

Артка кылчайсак, тээ 2010-жылы дал ушул аты аталган лидерлер «Республика» партиясы аркылуу Кыргызстанды дүңгүрөтүп, Жогорку Кеңешке келишкени эсибизде. Эми болсо кайрадан «эски достор» биригүү жолуна түшкөнү коомчулукта талкууга айланды. Азырынча Алтынбек мырза акыл калчап, Бабанов тарапка өтпөй турат. Сокени колдогонун да жашырбайлы. Ай ким билет, БӨТтүн «магнити» күчтүү эле, 15-октябрга чейин Сулаймановду өзүнө тартып кетпейби?

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *