Брежневдин күйөө баласы менен түрмөдө чогуу олтурган кыргыз лейтенанты

Төмөндө биз баян кыла турган өзгөчө оор кылмышка байланышкан окуя мындан 30 жыл мурда жүз берип, анын башкы каарманы Фрунзедеги милициянын атайын орто мектебинин бүтүрүүчүсү, ошол кездеги милициянын лейтенанты Мелисбек Макенович Турсуниязов тууралуу болмокчу.

Каратору, арыкчырай, орто бойлуу Мелисбек учурда 55 жашта болгону менен өз курагынан кыйла жаш көрүнөт. Тааныбаган, билбеген киши аны адам өлтүрүү менен айыпталып, Орусиянын күчөтүлгөн тартиптеги түрмөлөрүнүн биринде жаза мөөнөтүн өтөп, 5 жыл отуруп келген деп ойлобойт. Ал мыйзамсыздык менен адамкерчиликсиздикке негизделген Жумгал райондук сотунун 1988-жылдын 6-декабрындагы өкүмүн, ал өкүмдү күчүндө калтырган жогору жактагы сот инстанцияларынын мыйзамсыз өкүмдөрүн, ага себеп болгон киши өлтүрүү менен аяктаган каргашалуу окуянын ар бир көз ирмемин күнү бүгүнкүдөй эстейт. Эстебей анан. Генерал болуу тилеги таш каап отурса…

1987-жылы милициянын атайын орто мектебин аяктаган соң, 2 баланын атасы, келечегинен көптү үмүттөндүргөн лейтенант-коммунист Мелис Турсуниязов Жумгал районундагы Миңкуш шаарчасынын милиция бөлүмчөсүнө участкалык инспектор болуп дайындалат. Ошол каргашалуу 1988-жылдын 28-августунда кечке жуук бөлүмчөнүн нөөмөт бөлүгүнө Сарыбулак тарапта белгисиз, куралдуу 6 неме каракуурай чогултуп жүрүшкөндүгү тууралуу маалымат түшөт. Ошол замат лейтенант М. Турсуниязов, ага лейтенант К. Жумадылов өздөрүнө бекитилген Макаров тапанчалары менен куралданышып, сержант А. Орозобеков Калашников автоматын алып, топтун дагы бир мүчөсү, МАИ кызматкери К. Султанов куралсыз чыгат. Алдын ала белгилей кетчү нерсе — ​автоматтын огу жок эле.

Оперативдүү топ Сарыбулакка жакындаганда каршы тараптан катуу ылдамдыкта келаткан “Москвич” автоунаасына туш болот. Шектүү автоунаадагылар МАИнин инспекторунун “токто!” деген талабына моюн сунбастан, ылдамдыкты ого бетер күчөтүшөт. Милиция кызматкерлери унаасын артка буруп жатып, тигилердин Арал тарапка бет алышкандыктарын баамдашат. Шектүүлөр кууп жете келген милициянын автоунаасын бир нече ирет кысып, жолдон сүрүп чыгарууга аракеттенишип, кырсыктуу кырдаалды түзүшкөндүктөн, М. Турсуниязов эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга мажбур болот. Көп өтпөй куугунчулардын автоунаасы кагылышуудан качам деп, жол четиндеги ташка урунуп, ылдамдыгын кескин жоготот. Антсе да, качкындардын автоунаасы токтоп турган жерге жете келишкенде, тигилер майы түгөп калгандыктанбы, адырды көздөй качып баратышкан болот. Ушул учурда лейтенант Турсуниязов: “токто, атамын!” деп кыйкырып, андан соң, эскертүү иретинде көктү көздөй дагы 2 жолу ок чыгарат. Кызматкерлер анчалык алыс эмес жерден шектүүлөрдүн бири болуп эсептелген Дөөталиев дегенди кармашат. Ошол эле төгөрөктөн баңгилик заттарына байланыштуу мурда 2 жолу соттолгон жана издөөдө жүргөн, ок тийип, онтолоп жаткан Төлөнов Эмилди табышат…

Арадан бир сааттай өткөн соң, көп кан жоготкон неме ооруканада жан берет. Көп өтпөй, окуя болгон жерге жете келишкен район прокурору менен РИИБүнүн начальниги сержант Орозобековду: “автомат менен сен атып өлтүрдүң” деп, күнөөлөп киришет. Муну угуп-көрүп турган лейтенант Турсуниязов: “автоматта ок жок болчу, автоматты мен нөөмөт бөлүгүнөн оксуз алып бергенмин” деп, тигилерге каяша айтат. Анда тигилер асманды карай тапанчадан ок чыгарган лейтенанттын өзүн күнөөлөп киришет… Азыр эстесе, сержантты коргойм деп, жоомарт офицер өзүнө өкүм чыгарып алган белем. Себеби, мына ошол кырсык болгон күнү Турсуниязов сыякту эле өзүнүн табелдик куралынан ок чыгарган ага лейтенант Жумадыловго негедир эч ким унчуккан эмес…

Натыйжада өзгөчө оор кылмышка шектелип, заматта камакка алынган лейтенант М. Турсуниязов шашылыш түрдө коммунисттик партиянын катарынан чыгарылып, киши өлүмүнө байланыштуу айыпталып, Жумгал райондук сотунун 1988-жылдын 6-декабрындагы өкүмү менен Кыргыз ССРинин кылмыш-жаза кодексинини 99-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 178-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде 5 жылга эркинен ажыратылат.

Райондук соттун өкүмүн Ысык-Көл облустук соту өзүнүн ИК‑004 сандуу аныктамасы менен өзгөртүүсүз, б. а. өз күчүндө калтырат. Мындай натыйжа менен макул болбогон айыпталуучу тарап (адвокат Чынтурган Сыдыков, тээ 50-жылдардын аягында ак жерден айыпталып, 10 жылга кесилип, жаза мөөнөтүн толугу менен өтөп келип, өзүн актоого жетишкен милициянын офицери) СССРдин Башкы прокуратурасына арыз менен кайрылат. Ал жактагылар кылмыш ишинин материалдары менен таанышып, жогорудагы өкүмгө көзөмөл иретинде протест келтирип, “этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө байланышкан 99-берене алынып салынсын, жаза мөөнөтү 3 жылга чейин кыскартылсын” деген аныктама чыгарат.

Нарын облустук соту жогорудагыдай абройлуу аныктаманын бар экендигине карабастан, 99-беренени алып салганы менен, жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырат. Анын себеби, бир чети, соттолгондун туугандары облустук прокуратура органдарынын “тилин табууга” аракеттенишкен эмес. Экинчиден, союздук органдардын таасири мурдакыдай болбой бараткан кез эле…

“Төлөновду мен өлтүргөн эмесмин” деген бекем ишеним 24 жылдан бери Мелисбекке жатса да, турса да, тынчтык бербей келди. Миңкуш милиция бөлүмчөсүнүн ошол кездеги начальниги, майор Курманбековдун: “Мелис, сен али жашсың, мойнуңа ала бергиниң. Мен сени соттотпой, куткарып алам…” дегеничи…

1988-жылдын 25-сентябрында Мелисбектин атасы Макен 52 жашында, үй-бүлөнүн башына түшкөн кайгыдан улам инфаркт кармап, каза болот. РИИБүнүн начальнигинин орун басары баш болгон 3 кишиден турган конвой Мелисбекти кечигип жеткиришип, шордуу жигит атасына топурак салганга үлгүргөн эмес. Камалгандан 1 ай өтпөй үчүнчү перзенти — ​Мирлан төрөлөт.

Ак жерден күйүп, сөөгүнө канжар жеткен жигит ошол кездеги өз тагдырынын ар бир күнүн гана эмес, ар бир саатын да эстейт. Унута албайт. 1989-жылдын 2-мартында Жамбулга этап кылынды. Ал жерде туптуура 10 күн кармалган соң, башка зектер менен чогуу вагонзакка отургузулуп, 5 күндөн кийин Нижний Тагилдеги 13-түрмөгө жеткирилет. Арадан 3 ай өтүп-өтпөй, уулунун азабын көтөрө албай, инфакрттан улам 53 жаштагы апасы Асил да мезгилсиз каза болот…

13-колониядагы кесипчилик-техникалык окуу жайдан токарлык өнөргө үйрөнүп, эң мыкты окугандыгы үчүн соттолгон Турсуниязовго 1 баскычка өйдө — ​3-разряддагы токарь деген квалификация ыйгарылган. Заводдо манжасын станокко жанчтырып алып, кыйлага чейин азап тарткандыгы да эсинде.

Дагы бир эсте каларлык нерсе — ​Мелисбек жаза мөөнөтүн өтөп жатып, СССРдин ички иштер министри Щелоковдун мурдакы 1-орун басары, ички кызматтын экс-генерал-лейтенанты Юрий Чурбанов менен таанышкандыгы. Убагында КПСС БКнын Генералдык секретары Леонид Брежневдин күйөө баласы болгон мындай мартабалуу зек менен жолугам деген окуя Мелисбектин үч уктаса түшүнө кирген эмес. Тагдырдын тамашасы дегендей, Юрий Андроповдун доорунда коррупциялык ири кылмыштар менен айыпталып, узак мөөнөткө кесилген экс-генерал-лейтенантты түрмөнүн начальниги, ички кызматтын полковниги Владимир Тимофеев колониянын клубунда 300дөй зектин көзүнчө:

— Чурбан, тур ордуңан. Эсиңдеби, мындан 3 жыл мурда мен главканын начальнигинин орун басары болуп турганда МВДнын коллегиясында ак жерден “катуу сөгүш” бердиргениң?! Сен унутсаң да, мен унута элекмин! Көргүлүктү эми менден көрөсүң! — ​деп, кагып-силккендиги Мелисбектин күнү бүгүнкүдөй эсинде. Чурбанов болсо жооп кайтарган эмес.

Өз убагында СССРдин ички иштер министринин 1-орун басары болуп иштеп турганда ошол кезде министрликтин курамында болгон Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгына Чурбанов кураторлук кылган тура. Жаңы түрмөлөрдүн курулушун көзөмөлдөө милдети да министрдин 1-орун басарына жүктөлгөндүктөн, өзү курдурган түрмөгө өзү түшкөн Чурбановдун: “эгерде 13-колонияга камалаарымды алдын ала билгенимде, бул түрмөнү Кавказга курдурмакмын” деп, бармак тиштегендигин Мелисбек азыргаче унутпайт.

Жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Мелисбек Турсуниязов 1990-жылдын 15-ноябрында мөөнөтүнөн мурда 5-разряддагы токарь наамы ыйгарылып, үлгүлүү жүрүм-туруму, ак ниет эмгеги үчүн мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө жатак абакка (колония-поселение) чыгарылат. Ошондо алыскы Жумгалдан келинчеги Гүлниза 5 жаштагы Чыңгызды алып, Нижний Тагилге келгендиги да эсинде. Ал кезде Мелисбек колонияга жанаша жайгашкан вагон куруу заводуна токарь болуп жумушка орношуп, ишкананын жатаканасынан бир бөлмө алган эле. Арадан 1 ай өтпөй, Гүлниза Кыргызстанда калган 2 баласын да алып, бөтөн шаарга көчүп барды. Ошондо мусаапыр үй-бүлө шаардан ижарага батир алышкан. Мелисбек кайда болбосун, эмне менен алектенбесин, Төлөновдун өлүмү эсинен кетпей койду: ал тигини мээлеп атпастан, 2 жолу тең көккө атпады беле?

Соттук-баллистикалык экспертизанын корутундусунда белгиленгендей, маркум 7,62 калибриндеги октон каза болгондугу тууралуу кылмыш ишинде атайын корутунду тиркелип турса да, болбой эле 9 мм калибриндеги Макаров тапанчасынан, болгондо да М. Турсуниязовго бекитилген табелдик куралдан атылып өлтүрүлгөндүгү тууралуу айыптоону кантип түшүнүүгө болот? Мына ушул маанилүү жагдайларды негиздеп, КР Башкы прокуратурасына жаңы ачылган жагдайлар боюнча Мелисбектин жазган арызына Нарын облустук прокурорунун орун басары Мизамбеков “536К” номерлүү Макаров тапанчасынын каналынын эни 9 мм түзөт, аталган тапанча оң абалда жана атууга жарактуу экендигине байаныштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кайра жандандырууга болбойт” деп, кылмыш ишиндеги олуттуу кемчиликтерди, дал келбестиктерди эске алуунун ордуна, эптемей жоопту шилтей салган. Анын үстүнө ошол кезде жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусунда маркумдун денесин тешип өткөн октон коргошундун изи калгандыгы тууралуу ачык жазылып турат. Макаров тапанчасынан атылган октон жездин гана микробөлүкчөлөрү калышы мүмкүн эмес беле? Бул тууралуу соттук-баллистикалык комплекстүү экспертизанын 2013-жылдын 15-январындагы 7373/04 сандуу корутундусунда: “маркум Төлөновдун денесиндеги жараат Макаров үлгүсүндөгү тапанчадан атылган октон келип чыгышы мүмкүн эмес” деп бадырайта жазылган. Анын үстүнө, атылган ок алды жагынан тийген. Ал эми милиция кызматкерлери артынан кууп баратышпады беле?

А мүмкүн, маркумдун шериктери өздөрү атып кеткен болуп жүрбөсүн? Кылмыш ишиндеги жогорудагыдай карама-каршылыктар менен дал келбестиктерди КР Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын мүдүрү М. Кулжабаев: “эксперттин корутундусунда техникалык ката кеткендиги көрүнүп турат” деп, дээрлик 25 жылдан кийин Американы ачууга жандалбастайт. Мейли, соттук-баллистикалык эксперт киши өлүмүнө тиешеси бар объектилерди изилдеп жатканда жаңылыштык кетирип, 9 мм деген маалыматты 7,62 мм деп жазып койду дейли. Автоматтын да, тапанчанын да огу жезден жасалаары талашсыз. Маркумдун денесине ок кирген жерде жездин эмес, коргошундун изи калып отурбайбы. Бул да техникалык катабы? Же, бул кимдир-бирөөнүн экспертти кылмыш жоопкерчилигине тартылсын дегениби? Муну, баарынан мурда тергөө органдарынын, тактап айтканда, айрым прокуратура кызматкерлеринин кылмыштуу шалаакылыгы деп гана эсептөөгө болот!

Өзүңүздөр байкап тургандай, 1988-жылы милициянын лейтенанты Мелисбек Турсуниязовго карата прокуратура органдары баштаган “жүз жылдык согуш” 2016-жыл бүтүп баратканда бактысыз лейтенанттын жеңиши менен аягына чыкты өңдөнөт. Жалаакорлуктун жана акмакчылыктын туусун желбиреткен райондук жана облустук прокуратура органдары Турсуниязовдун 30 жылдык өмүрүн жеди, ата-энесинин мезгилсиз өлүмүнө “өбөлгө” түздү, 3 ымыракайын 5 жылга жетим кылды, ошончо эле убакка аялы Гүлнизаны жесир калтырды.

30-жылдардагы сталиндик-ежовдук геноцид учурун эске албаганда, Кыргызстандын тарыхында ак жерден күйүп, түрмө жазасын толугу менен өтөп, андан соң, соттолгон киши 28 жылдан кийин тирүү кезинде акталган окуя 1-жолу болуп отургандыгына адвокат Күмүшбек Ыбыкеев жана ушул саптардын автору түздөн-түз күбө жана Мелисбекке карата адилеттик салтанат курушуна белгилүү бир деңгээлде себепчи болушту десек жаңылышпайбыз. Мындай 30 жылга созулган киши тагдырын, анын үй-бүлөсүн ойрон кылган каргаша кыргыз милициясынын тарыхында 1-жолу болуп отурат.

Жогорудагы окуядан улам окурманда лейтенант М. Турсуниязов чейрек кылымдан ашуун неге унчукпай жүрдү деген мыйзам ченемдүү суроо туулбай койбойт. Биздин оюбузча мунун себеби төмөнкүлөр: 1-ден, лейтенант СИЗОго жабылгандан кийин белгисиз бир күмөндүү адамдардан “жашагың келсе унчукпай отургунуң, талашып-тартыша турган болсоң өзүңдү гана эмес, бала-чакаңды кошо өлтүрүп салабыз” деген малява (кат) келген. Чынында эле колу-буту байлануу Мелисбек үй-бүлөсүнүн тагдырын ойлоп, корккон. 2-ден, генерал-лейтенант Юрий Чурбановго окшогон лөктөрдүн сынгандыгын көрүп, соттолгон Турсуниязовдун ындыны ого бетер өчкөн. 3-дөн, атасынын соттолгондугу балдарынын келечегине да жолтоо болоорун ойлоду; 4-дөн, учурда адвокаттык менен алектенген, бир кезде милициянын атайын орто мектебинде бирге окуган курсташы, лейтенантты актоонун демилгечиси, милициянын отставкадагы подполковниги Күмүшбек Ыбыкеев Мелисбектин киши өлтүрбөгөндүгүнө ишенген жана досун “ак ийилээрине, бирок сынбастыгына” ынандыра алган.

Дагы бир маанилүү жана кызыктуу нерсе — ​Турсуниязов адвокатттары менен жогоруда аталган 123–88–82 сандуу кылмыш иши менен таанышуу, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн алуу максатында Нарын облустук архивине барганда, изделип жаткан керектүү дело сакталуу мөөнөтү бүткөн документтердин катарында акт түзүлүп, жокко чыгарылып, Токмоктогу картон фабрикасына жөнөтүлдү деп жооп беришкен. Тилекке жараша, “Кудай деген кур калбайт” дегендей, сактоо мөөнөтү жеткен бир “КАМАЗга” жүк болгон архивдик материалдарды ошол кезде пенсияга чыгып кеткен архивариус аксакал Жумадил Кыязов обработкалоо үчүн үйүнө түшүртүп койгон экен. Сураштыра келгенде, Жумадил ава Кочкор шаарчасынын Абабакиров көчөсүндөгү 35-үйдө тураары, учурда райондук архивде жетектөөчү адис болуп иштеп жаткандыгы маалым болду.

Түзүлгөн актынын негизинде жокко чыгарылып, дөбө болуп үймөктөлгөн материалдар аксакалдын үйүндөгү бастырманын астына түшүрүлгөн экен.

— Бул материалдардын тең жарымын обработкалап, картон фабрикасына жөнөткөнбүз. Калганы ушул, обработкалоо бүткөн соң, баарын фабрикага тапшырабыз. Чачпай, ирээти менен издегиле. Багыңардан көргүлө — ​балким, силер издеген дело фабрикага тапшырыла электир, — ​деди аксакал архивариус, бейтааныш 3 азаматка түшүнүү менен мамиле кылып.

5-6 сааттай издеген соң, көптөгөн жылдар чаң басып, эскирген делолордун арасынан биз 123–88–82 сандуу кылмыш ишин таап чыктык. Аттын башындай алтын таап алсак да, мынчалык кубанбас элек. Бул күн ызгаардуу кыш — ​2012-жылдын 15-февралы болчу. Биз өзүбүздү чоң жеңишке жеткендей сезгенибиз менен алдыда сарсанаа менен жек көрүнүүгө, азап менен түйшүккө толгон 6 жылдык кыйноолор тургандыгын ойлогон эмес экенбиз. Ошентип, Мелисбек Турсуниязов өз адвокаттарынын колдоосу менен соңку 5 жылда прокуратура органдары менен болгон ырайымсыздыктын жана укуктук зомбулуктун кармашусунда 25 жолу “эр сайышка” (соттук процесстерге катышып) чыгып, жасалма тоскоолдуктарга толгон соттук инстанциялардын ортосунда чарчабай чуркап жүрүп, прокуратура органдарынын лөктөрүнө Калашников автоматына түшчүү 7,62 калибриндеги ок Макаров тапанчасына ылайык келбестигин, сайлуу куралдардан жезден жасалган ок гана атылаарын эптеп-септеп түшүндүрүп, акырында биротоло жеңип чыкты.

2016-жылдын аягында биз, адвокаттар, соттун тийиштүү чечимдерин тиркеп, Мелисбек Турсуниязовго карата болгон тарыхый адилетсиздикти калыбына келтирүүнү суранып, Ички иштер министрлигинин жетекчилигине кайрылдык. Жогорудагыдай кырдаалга биринчи жолу туш келген ИИМ жетекчилиги бизди чакырып кеңешүүнүн ордуна, кадрлар башкармалыгынын начальниги Б. Имангазиевдин колу менен биздин арызыбызды канааттандыруудан баш тарткан жоопту: “…Нарын ОИИБынын 1988-жылдын 3-октябрындагы 31-буйругунун негизинде терс кылык үчүн бошотулгансыз” деп (2.06.17.) жооп жазып жибергендигин кантип түшүнүүгө болот?! Ал эми ИИМдин башкы штабынын начальниги кол койгон жоопто: “сиз Нарын ООИбынын 1988-жылдын 5-октябрындагы № 31-буйругунун негизинде ИИОнун катарынан штаттар кыскаргандыгына байланыштуу бошотулгансыз” деп айтылат. Жогорудагы бири-бирин жокко чыгарган официалдуу эки жооптун кимисине ишенебиз? Бул өлгөндүн үстүнө көмгөн эмей эмне?! Эмне үчүн ИИМдин кадрлар башкармалыгы өзү айткан “терс кылык” Нарын райондук, Чүй облустук сотторунун М. Турсуниязовду актаган калыс, мыйзамдуу чечими менен жокко чыгарылгандыгын эске албайт? Эмне үчүн милициянын лөктөрү өзүнүн ак жерден күйгөн кызматкерин коргой албайт?!..

Бул жерде баса белгилей кетчү дагы бир нерсе — ​ошол кезде Мелисбек табелдик куралын мыйзамдуу колдонуп, эскертүү иретинде асманга ок чыгаргандыгына карабастан, Төлөновду “өлтүргөндүгү” үчүн камалып кетип жатпайбы. Ошондуктан, өтө кооптуу кездерде — ​көптөгөн милиция кызматкерлери өзгөчө оор кылмыш болуп жаткан учурда курал колдонуудан коркуп жатышкандыгы да мына ушундан улам болуп жүрбөсүн, урматтуу министр Исраилов мырза?! Милицияны ким коргойт?! Эмне, коркунучтуу, куралдуу кылмышкер кишини өлтүрүп жатса, же милиционердин өмүрүнө түздөн-түз коркунуч туудурса — ​камалып кетпейин деп, жандалбастап качып жөнөшү керекпи?!

Мындан 30 жыл мурда райондук милициянын начальниги ак жерден күйүп бараткан лейтенант М. Турсуниязовду прокуратура органдарына кошулуп чуңкурга түрткөндүгүн, мейли, өткөн иш дейли. ИИМде, анын кадрлар башкармалыгында калыстыкты, гумандуулукту түшүнгөн, кызматтын азабын анча-мынча башынан өткөргөн чиновниктер болгондо, эр жүрөк, чарчабас-чаалыкпас Мелисбекти жаналакетке түшүп колдоого алууга тийиш эле!.. Эмне, мунусу лейтенанттын 30 жылдык албаган айлыгын, орду толгус моралдык запкысынын акысын талап кылат деп коркушканыбы? Милициянын жетекчилеринин жогору жакты карап жалтактаганы качан калат?!

Учурда М. Турсуниязовдун курсташтарынын алды генерал наамына, арты майор наамына жетишип, орто эсеп менен 15 миң сомдон пенсия алышат. … 5 баланын атасы болгон жумушсуз Мелисбек соңку 6 жыл аралыгында тепселген укугун калыбына келтирүү менен гана алек. Жубайы Гүлниза тамтыгы кетип аты эле калган илим изилдөө институттарынын биринде 0,5 ставкада иштеп, айына 1600 сом таап келчү. Кедейди төөнүн үстүнөн ит кабат болуп, өткөн жылы ал да, багы жокко дагы жок дегендей, кыскарууга дуушар болуп отурат… Балдарынын үчөөсү өзүнчө түтүн булатышып, уядан учуп кетишкен. Калган экөөсү студент-контрактник.

…КР Конституциясынын 39-беренесинде: “ар ким мамлекеттик бийликтин жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттери аркылуу келтирилген зыяндын ордун толтуруп алууга укуктуу” деп көрсөтүлгөн. Ал эми жазык-процессуалдык кодекстин 316-беренесинин 2-бөлүгүндө: “актоо өкүмү соттолуучунун күнөөсүздүгүн таануу дегендикке жатат жана анын толук акталышына алып келет” деп ачык көрсөтүлгөн. Конституцияда жана кодексте баса белгиленгендей, М. Турсуниязовдун келтирилген зыяндын ордун толтуруп алууга жана толук акталышын таанууга ИИМдин кадрлар башкы башкармалыгы, министрликтин жетекчилиги колдоо көрсөтпөсө, анда ким акыйкатка жетүүгө жардам берет?! ИИМ өзүнүн мындан 30 жыл мурдакы Жумгал РИИБүнүн жана азыркы кадрлар башкармалыгынын колу менен жасап жаткан кылмыштуу шалаакылыгын токтотуп, өз кемчилигин мойнуна алып, өз катачылыгын оңдой алар бекен?!

КР Башкы прокурорунун орун басары Нурлан Дуйшембиев айткандай: “өз катачылыктарын оңдой билүү прокуратура органдарына абийир гана алып келет”. Мындай пикирди Исраилов мырза баш болгон ИИМ жетекчилиги айтса жакшы болбойт беле?..

30 жылдан бери ак жерден камалып, тагдыры талкаланган азаматка карата жети баштуу желмогуздун милдетин аткарып келген укук коргоо органдарынын жетекчилигине каршы коркпой, сабырдуулук, чыдамкайлык менен чаалыкпай күрөшүп келген лейтенант Мелисбек Турсуниязовдун акыйкаттык бар экендигине бекем ишенгендиги бизге, адвокаттарга, 5 жылдан ашуун мезгилге созулган теңдешсиз күрөштө — ​адвокаттык иликтөөлөрдүн жүрүшүндө дем-күч, кайрат бергендигин баса белгилеп кеткибиз келет…

Номанжан АРКАБАЕВ,

адвокат, милициянын отставкадагы полковниги

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *