“Бригадир” – Алмаз Атамбаевдин саясый бейнесине сүртүмдөр

2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин КР өкмөтүнүн “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору болуп дайындалган журналист Абдувахаб Мониевдин Алмаз Атамбаев тууралу 2011-жылы жазып, гезиттерге жарыялаган макаласын кайрадан сунуш кылабыз.

Курманбек Бакиев жаңыдан бийликке келип, Кыргыз Республикасына президент болгон кезде айтылуу аалым, сынчы Салижан Жигитовдун көзү тирүү болчу. Кыраакы киши эмес беле, Бакиевдин жыйындардагы сүйлөгөн сөзүнө, айткан-дегенине карап багып: “Ой, мунуңар кагазга үңүлүп, текст окуса – президент! Анан кагаздан көзүн алса эле колхоздун башкармасы болуп калып жатпайбы?!” деп сын берген эле.

Аскар Акаев качкандан кийин Жогорку Кеңештин бир топ депутаттары атайын Москвага барып, кызматтан кетүү боюнча качкын президенттин өз арызын алып келишкен. Ошондогу сүйлөшүүнүн видеотасмасын көрсөңүз, депутаттар биринчи күнү эле арызын жаздыра коюу үчүн Акаевди шаштырышса, ал: “Мен эми колхоз башкармасынын кызматын өткөрүп берип жаткан жокмун да” деп туйтуңдап, кадимкидей тырчый түшкөнүнө күбө болосуз. Тагдырдын тамашасын караңыз, негизи А.Акаевдин ал айтканы туура болгону менен, кайманага бурганда натуура болуп чыкты. Туура, ал мамлекет башчысы делген улук кызматты өткөрүп жаткан, бирок, аны башкарма-раистин деңгээлиндеги ортозар адамга бербедиби?!
Экинчи президент К.Бакиевдин лидерлик дарамети СССР учурундагы колхоз башкармасынын деңгээлинен ашып түшпөгөндүгү, тек, сүйлөгөн-дегенинен гана эмес, бүт кылган-эткенинен, жасаган иштеринен далай жолу айгине болбодубу… Жарыктык киши “Кыргыз Республикасы” аталган бүтүн мамлекетти “КПССтин баланчанчы съезди” атындагы колхоздой эле элестетти. Кыргызстан жөнүндө ой-жүгүртүп, акыл чабытташы ошол чектен ашкан жок. “Мамлекет, улут, тарых, идеология, коопсуздук, дүйнөлүк, тышкы жана геосаясат, эларалык мамиле, демократия” деген сыяктуу түшүнүктөр Бакиевдин көкүрөгүндө, мээсинде эмес, спечрейтерлер даярдап берген кагаздын бетинде гана орун алчу. Караңгы караламанды алдап-соолап, баш көтөргөн тыңчыкмаларды башка чаап коркутуп (керек болсо тындым кылып), амалпараз кошоматчылар катмарына “сага да, мага да жетет” деген принципте сөөк ыргытып коюп, кыргыз мамлекетин колхоз башкаргандай эле оңой-олтоң, ойноп-күлүп башкаргысы келген эле… Боводу.
А бүгүнкүбүзчү? Жаңы Конституцияга ылайык, азыр Кыргызстандагы мамлекеттик бийликтин эки тизгин бир чылбыры премьер-министрдин колунда. Иш жүзүндө бүгүн Алмазбек Шаршенович Атамбаев мамлекетти башкарып атат.
Окурман, өзүңүз тараза болуңуз, биринчи качкын президент Акаевдин деңгээли экинчи качкын президент Бакиевдикинен кыйла жогору болгон деп баалоо сизди ынандырат го деп ойлойм. А соңку лидерибиздин деңгээличи? Азыркы Атамбаевди кечээги Бакиев менен салыштыра келсек, тараза ташы кимге оойт?
Калп айткан менен болобу, К. Бакиев “кагаздан көзүн алганда” деле карапайым калкка түшүнүктүү көчө лексикасын колдонуп, “дыйканча” сүйлөгөндүктөн көпчүлүк тарабынан жылуу эле кабыл алынчу. Карапайым стили жагынан Атамбаев да ага окшош. Экөөнүн тең оозунан өздөрүнүн алдыдагы эң башкы милдети болгон мамлекетти чыңдап, өнүктүрүү стратегиясы тууралуу олуттуу ой чыкпайт. (Казанда болсо, чөмүчкө чыгабы? ) Сөздөрүнүн жалпы маани-маңызы мамлекеттик ишке келгенде экөөнүн тең эле билими тайыз, интеллектуалдык дарамети чектелүү экендигин айгинелеп турат. Кыргыздын бул “лидерлери” Россиядан жогорку билим алышкан. А бирок “Кудай өзү дээр бербесе, Гарвард жардам бере албайт” турбайбы…
Мисалы, К.Бакиев убагында келечектүү экономикалык программа сунуштагандын ордуна, “электр энергиясын үнөмдөп, уйдун тезегин терип жагуу керек” деген демилге көтөргөн. Биздин лидерлер Зеңги-Баба тукумуна анча неге ашык болгонун ким билсин, өткөндө А.Атамбаев дагы ошондой демилге менен чыкты. Анын жарыя айтканына караганда, Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн уй жана анын сүтү кыймылдаткыч күч болуп бере алат экен. “Уй үйбүлө үчүн эркек кишиден дагы пайдалуу” деди ал.
“Алы жетпеген аллачыл, күчү жетпеген кудайчыл” деген накыл айтылат кыргызда. Эмнегедир экөө тең Алла-Кудайды да көп оозанышат. “Кудая тобо, Кудайга койдум, Кудай жазалайт” деген сөз айкалыштары Бакиевдин ар бир жыйындык чыгуусунда кайра-кайра кайталанчу эмес беле. Ошол сыңары Атамбаев да “Кудай көрүп турат, Кудай жазасын берет” деген сөздөрдү оозунан түшүрбөй келатат. Мисалы, 7-апрель-элдик төңкөрүштүн 1 жылдыгына арналган жыйында деле ал: “Бакиевдин тушундагыдан начар жашап жатабыз дегендер Кудайдын каарына калат” деп жарыя айтпадыбы. Кудайды биротоло жеке менчиктеп алгандай сүйлөшү эки лидердин ички туюму, адамдык насили да бири-бирине окшош экендигин кабарлап тургансыйт.
Ал эми айтылган сөздүн манерасына, моралдык-психологиялык мүнөзүнө көңүл бурсак, “К…..тани” дегендей вульгардык сөздөрдү кошуп, мурдагы “досторуна” да, саясый санаалаштарына да жөнсүз асылып, айт күнү ушакташкан аялдардын деңгээлине түшүп жамандап, арманын айтып, же көзүнө жаш алып бышактап жиберип, а бирде ашкере кызууланып, кол шилтегилеп, столду муштаган А.Атамбаевдин жанында К.Бакиев кыйла бараандуу, салабаттуу жетекчиге окшоп көрүнөт.
Чын-чынына келсе, “мамлекет, эл, келечек!” деп чыккан кырчындай жигиттердин каны төгүлгөн революция датасы Атамбаевдин арман айтчу күнү эмес эле. Лидер катары ошол күнү өткөн иштерге калыс баа берүү менен бирге миңдеген жарандарыбыздын күрөшү, ондогон жарандарыбыздын төгүлгөн каны жоопсуз калып кетпеши үчүн “биз мамлекетти өнүктүрүүнүн момундай жолуна түшүп, момундай ишенимге келип, момундай иштерди жасашыбыз керек” дегендей мамлекеттик идеологиянын концепциясын айтып чыкса жарашмак. Чыныгы лидер коомдо келечекке болгон ишеним, үмүт отун тутандырып, коомду кайсы бир деңгээлде бир максатка бириктирип, элди артынан ээрчитип кетиши керек. Ток этери, лидер, бул – жол башчы, милдети – жол баштоо. А биздин лидер Атамбаев антип жол баштамак турсун, бирде ак жерден күйүп аткан бечаранын, бирде Кудайдан башка таянаары жок, ага чын дилинен ишенген сопу-момундун образына кирип артисттенип, элдин мага боору ооруса, эл мени аяса, ошентип боор толгоп, кызмат ордумду коргоого жардамдашса дегендей көрпенделик кыйды максаттан өйдө көтөрүлө албай келатат.
Ушул жерде дагы бир өткөн окуяны эстеп койгонубуз жөн. 2007-жылкы парламенттик шайлоонун тушунда К.Бакиев А.Атамбаевдин көкүрөгүнө “Данакер” орденин тагып, жонунан таптап, премьер-министрлик кызматтан айдаганы эсиңиздеби? Ошондо биздин азыркы лидерибиз жаш баладай жалжактап сүйүнүп, “башкарма”-президентти кайра-кайра кучактап жибербеди беле…
Эми токтой туруңуз, башкарма аталып, дарамет-турпаты, акыл-парасаты колхоз жетекчисинин деңгээлине салыштырылган К.Бакиевдин жанында андан кыйла жеңил-желпи, оргу-баргы мүнөздөгү Атамбаев ким болуп калат? Карапайым дыйкан, катын-калачтарды кызылча, пахта талаасына, же чөп чабыкка айдап чокчоңдогон, анан өзүнө баш ийбегендерди, каяша кылгандарды чогулушта жамандап, башкарманын алдында арызданып отурган колхоз бригадиринин элесин берип жаткан жокпу анын жорук-жосуну?!
Ынанбай турсаңыз, дагы бир жагдайга көңүл буруңуз. Коалициялык өкмөт түзүлүп, премьер-министрликке бекигенден кийинки алгачкы кадамын А.Атамбаев Кыргыз Ала-Тоосунун бир чокусуна Россия Федерациясынын премьер-министри Владимир Путиндин ысымын ыйгаруу демилгеси менен баштады. Ошондон бери Кыргызстандын өкмөт башчысынын Москвада В.Путиндин, кээде Астанада Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин кабылдамасында отургандыгын телеберүүдөн арбын көрчү болдук. КТР, ЭлТР баш болгон өкмөттүк ЖМК “мынакей премьер-министр Атамбаев Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн чет өлкөлөр менен ийгиликтүү сүйлөшүп, эларалык байланышты чыңдап жатат” деп даршан кылууда.
Тилекке каршы, Атамбаевдин иш сапарларын “ийгиликтүү” дегенди биякка кой, эгемендүү мамлекеттин атынан жүргүзүлгөн кадыресе жолугушуу, сүйлөшүү, макулдашуулардын катарына да кошууга болбойт. Эл аралык саясаттын, дипломатиянын өзүнүн калыптанган, жалпыга таанылган так жол-жобосу, эреже-нормасы бар. Анда бүтүн мамлекеттин атынан сүйлөгөн расмий адамдын олтурган-турган ордуна эле эмес, ар бир кадамына маани берилет. Айталы, Россия Кыргызстандан миң эсе чоң, миң эсе күчтүү мамлекет болсун, эл аралык аренада анын өкмөт башчысы менен Кыргызстандын өкмөт башчысынын статусу бирдей. Өкмөт аралык сүйлөшүү- жолугушуулар жок дегенде формасы жагынан тең ата негизде жүргүзүлүшү керек. Атамбаев башкарып жаткан Кыргызстан менен Россиянын алакасында ошол эл аралык норма сакталып жатабы? Жок! Качан көрсөң, А.Атамбаев В.Путиндин кабылдамасында Россиянын кайсыл бир губерниясынын же ведомствосунун жетекчиси сыңары отчет берип олтурган болот (Казакстан боюнча да ушундай көрүнүш). Аны көргөн башкалар Атамбаевди Кыргыз Республикасы аталган өзүнчө мамлекеттин премьер-министри эмес эле, Чукотканын же Алтайдын губернатору экен деп билбейби?! Өзүнчө туу көтөргөн мамлекеттин лидери бирөөнүн кабылдама бөлмөсүндө олтурмак беле?!
Түпкүлүгүндө, бул – бүтүндөй мамлекеттин, улуттун намысын тебелеп, Кыргызстандын баркына оңбогондой доо келтирген өтө осол көрүнүш. Эл аралык норманы бек сактап, мамиле түзүп, сүйлөшүү жүргүзүүгө биздин премьер-министрдин акыл парасаты, эрки жетпесе айла канча? Кантсе да андай жолугушуу, сүйлөшүүлөрдө ордун билип, өзүн олуттуу кармап, башкалар менен тең ата болууга аракеттенген К.Бакиев эл көзүнө мамлекет дымагын мынчалык түшүрчү эмес.
Эми, А.Атамбаевдин деңгээлиндеги адамга бүтүн өлкөнүн тагдырын ишенип тапшырууга болобу деги?

Түшүндүрмө ордуна

Урматтуу окурман! Бул Мониев деген неме Атамбаевди неге мынча жектеген деген түпөйүл ойго келгениңизди туюп турам. Анын жообу: мен Алмазбек ага менен таанышмын. Жеке адам катары алганда аны жакшы киши деп билем. Бирок, менин Кыргызстандан башка мамлекетим жоктугунан, а өз мамлекетимдин ар-намыс, кадыр-барк, келечегине кайдыгер карай албастыгымдан улам, анын мамлекеттик ишмердиги тууралуу оюмду ачуу да болсо айтууга аргасыз болдум.

Абдувахаб МОНИЕВ

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *