БШК: “Аскарбек Шадиев “Бир Бол” фракциясынын чечиминин негизинде депутаттык мандатынан ажыратылган”

Аскарбек Шадиев “Бир Бол” фракциясынын чечиминин негизинде депутаттык мандатынан ажыратылган. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бүгүн, 5-ноябрда маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясына Аскарбек Шадиевди фракциядан чыгаруу тууралуу “Бир Бол” фракциясынан арыздын көчүрмөсү келип түшкөн.

Эске салсак, Аскарбек Шадиев фракциядан чыгуу тууралуу эч кандай арыз жазбагандыгын, бул башкалардын атайын жасаган иши экендигин билдирген.

Булак: Кyrgyztoday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *