БШК Ош шаарынын мэрин шайлоону 18-июлга дайындады

Бүгүн, 4-июлда КР БШК өзүнүн кезектеги отурумунда Ош шаарынын мэрин шайлоону 18-июль күнгө дайындады. БШКнын токтомунда белгиленгендей Ош шаардык кеңешинин депутаттары 18-июлда саат 9.00дөн 12.00гө чейин катталган талапкерлерге добуш берип, алардын ичинен эң көп жана жетиштүү добуш алган талапкер мэрликке шайланыш керек.

Азырынча Ош шаарынын мэрлик кызматына талапкердикке расмий эч ким каттала элек. Бирок ММКларда жана социалдык тармактарда 10дон ашык жарандардын ысымдары сунушталууда.

Буга чейинки мэр Айтмамат Кадырбаев кечээ, 3-июлда кызматынан бошотулган.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *