БШК Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо күнүн тактады

2017-жылдын 13-ноябрындагы  КР БШК жыйынында Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо  2017-жылдын 23-ноябрында саат 9-00дөн 12-00гө чейин  өткөрүү дайындалды. Бул туурасында комиссиянын басма сөз кызматы маалымдайт.

Белгилүү болгондой,  2017-жылдын 9-ноябрында жаңыдан шайланган Жалал-Абад шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өткөрүлгөн.

Шайлоону  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп өткөрүү Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *