Бүгүн Ахмат Келдибеков уулун үйлөп той берүүдө, өкүл ата болуп Раим Матраимов дайындалды

Бүгүн, 28-сентябрда экс-депутат Ахматбек Келдибеков уулун үйлөп, Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанында “Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартып” той берүүдө. Кудалары Алматынын таасирдүү уйгур кландарынын өкүлдөрү экен. Келдибеков уулу Бекболот менен келини Камилага өкүл ата кылып, экс-бажы башчы Раим Матраимовду дайындаган. Бул тууралу ал тойдо өзү салтанаттуу түрдө жарыялады. Раим Матраимов той ээсине, жаштарга куттуктоо сөзүн айтып, ийгиликтерди тиледи. Тойдогу кадырлуу меймандардын катарында Үсөн аке Сыдыков, Нариман Түлеев, Темир Сариев, Камчыбек Ташиев, Феликс Кулов, Медеткан Шеримкулов, Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Мейраждин Зулпуев, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов, Руслан Казакбаев жана башкалар олтурушат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *