Бүгүн Моңголияда Чыңгыз хандын 856 жылдыгы белгиленип жатат

Бүгүн, 8-ноябрда Моңголияда Чыңгыз хандын 856 жылдыгы белгиленип жатат. Бул тууралуу “ca-news.org” сайты жазып чыкты.

Мыйзам боюнча 8-ноябрь монголиялыктар үчүн дем алыш күн болуп эсептелет. Алар бул күндө Чыңгыз хандын туулган күнүн белгилешет.

Эскерте кетсек, Чыңгыз хан Улуу Моңгол мамлекетинин негиздөөчүсү, колбашчысы. Онон дарыясынын боюндагы Делпун-Болдан деген жерде туулган. Моңгол урууларынын кол астында бириктирүү үчүн күрөштө татарларды жана алардын союздаштарын талкалаган. 1206-жылы бүткүл моңголдордун курултайында «Чыңгыз» (түрк тилдеринде «тениз», «дениз» деген ысымды алып, өзүн каан («хан») жарыялаган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *