УКМК бүгүн КСДПчылар Сапар Исаковду, Кубанычбек Кулматовду жана Осмон Артыкбаевдерди шашылыш суракка чакырды

Бүгүн, 5-июнда УКМК КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөлөрү экс-премьер Сапар Исаковду, экс-мэр Кубанычбек Кулматовду жана Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаевди, үчөөсүн тең Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында шашылыш суракка чакырды.

Суракка кирип баратып экс-премьер Сапар Исаков журналисттерге “Азыр менин статусум ушундай, тергөөчүлөр чакырганда жетип келишим керек. Ошондуктан алдын-ала чакыруу кагазын бербей эле, 1,5 саат мурун менен телефондон шашылыш чакырышты”, деп билдирди.

Депутат Осмон Артыкбаевди УКМКнын абагында олтурган Айбек Калиев менен беттештирүү үчүн чакрышканы белгилүү болду.

Азыр алардын үчөөсү тең сурак берип жатышат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *