Бүгүнкү өпкө, же эртеңки куйрук дагы эмес…

Президенттик шайлоо деген саясий өнөктүк болсо дагы ал сөссүз түрдө со­циалдык психологияга байланыштуу. Кимдир бирөөлөр: “президенттик шай­лоого психологиянын кандай тиешеси бар?” дешээр. Тиешеси сопсонун бар. Себеби, бул жарыкта адамдын жашоо­су, алардын коомдук жеке мамилелери исандын психикасына, психологиясына байланыштуу.

Эгер социалдык психоло­гиянын алкагында карасак, президент­тикке талапкерлердин баары деп айтсак ашепке кылган болобуз го, бирок, дээр­лик бир тобунун психологиясы күзгүдөй эле чаңкыйып, акыл-эси бар, өзүнчө ой жүгүрткөн адамдарга эмитен эле бештен белгилүү болуп калды. Алар элди бетке кармоо менен, жалган, айрымдары ай­мактык ыкманы ачык колдонуп, жасал­ма чакырыктарды жамынышып, мансап­ка, мансап аркылуу өз турмушун жак­шыртуу далалатында делбектешүүдө.

Демек, азыркы талапкерлердин бир то­бунда, кээ бирлери эбак критке кеткен картадай эл назарында иргелип калышса да калп-чынды аралаштырып элдин мээ­син тегеретүүгө өтүштү. Анан да аларда эмнегедир эгоисттик психология деген көбүрөөк орун алгандай. Андай экенде­рин айрымдары жасаган кадамдары ме­нен, Гүлчөтай жүзүн ачкандай эмитен эле “үчилтик”, төртилтик”, “алтылык жетиликтери” менен өз жүздөрүн өздөрү сыйрып бүтүшмөк болду.

Кечээ эле баш­каны сүйлөсө, бүгүн таптакыр башканы айтышып. Көрөсүздөр, шайлоо бүткүчө андайлар дагы далай жолу өзгөрүшөт. Анан ошондойлорго кантип өлкөнүн штурвалын ыроологуң келет? “Улуу сөздө уят жок” дейт, жеткен сойкунун сойкулары да аларчалык сойкулана алышпаса керек. Алар туурасында дагы далай жазылаар, жазылат…

Психология демекчи, эми шайлоочу­лардын психологиясына сарэсеп салып көрөлүчү. Негизинен шайлоочулар төрт топко бөлүнөт делет.

Биринчи топ: – бул жалпы элдин, өлкөнүн кызыкчылы­гынан аймактык куру намысты жогору койгон шайлоочулар. Андай шайлоочу­лар өздөрү добуш берүүчү президенттик­ке талапкердин “ит” экенин, башкы так­ка татыксыз экенин жакшы эле билишет. Ошентсе да, алардын психологиясына куру намыс терең сиңип калган. Шай­лоочулардын эң көбү ушул топтогулар.

Экинчи топ:- бул топтогу шайлоочу­лар шайлоолордон үмүттөрү үзүлбөгөн, куру сөзгө, куру чакырыкка тез таасир­ленишкендер. Бирок, булар күчтүү шай­лоочулар. Жаман жери, бул топтогу шай­лоочулар манипуляцияга тез азгырылы­шат. Анан калса кийинки кездерде кыр­гыз коомчулугунда өнөкөт болуп бара жаткан “пиар”, “кара пиар” (азгырык) деген коомдук аң-сезимди адаштыруу­чу, ошонун негизинде келечек үчүн өтө зыяндуу кадамдарга талапкерлер сөссүз барышат себеби, алардын пиары ушул экинчи топтогу шайлоочулардын психологиясына багытталган.

Үчүнчү топ: – Булар кызматтагы адамдар. Иши кылса чиновник аттуу­лар. Шайлоого зор таасир берүүчү дал ушул топтогулар. Алардын көпчүлүгү элдин келечегине таптакыр кайдыгер караган адамдар. Бийликтин жогорку тепкичтериндеги адамдар кимди кол­доо керектигин айтса, ошонун сөзүн эки кылбай аткаруучулар. Алардын болгон максаты- үстүлөрүнөн үстөмдүк кыл­ган бийликтин чөйрөсүнө эптеп ыңгай­лашып кетишсе болгону. А психология­лык жактан алганда бул конформисттер чын-чынына келсек коом үчүң корку­нучтуу адамдар. Көп учурда карапайым элдин жашоолору жаңыланбай, жаңыр­бай, жакшырбай калышына ушулар то­скоол болуп келет.

Төртүнчү топ: – Тигил же бул талап­кердин шайлоо штабдарында иштеп жүргөндөр. Негизинен алганда буларда деле позитивдүү идеялар аз. Болгону, жек-жааттык максатта, кокус сүрөгөнү такка жетип калса, ошонун аркасы ме­нен жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу болуп саналат. А бирок, араларында сүрөгөн талапкерин жеңишке жеткирүү үчүн мыкты идеяларды таап, шайлоочу­нун аң сезимине таасир эте алган, добуш берүүчүлөрдү өз талапкеринин пайдасы­на бурууга жөндөмдүүлөрү да бар.

Бешинчи топ: – кайсы талапкер акча, белек берсе ошого сатылып кетчүлөр. Булар эртеңки күнүнө таптакыр кайды­гер адамдар. Демек, арзыбаган акчанын кулдары.

Кыскасы, канчалык моюнга алгыбыз келбесе да бул чындык, президенттик шайлоо саясий өнөктүк болгону менен баары бир ага коомдук социалдык пси­хология үстөмдүк кылат. Негизи эле эл качан прогресске жетет? Элдин ишени­мине адалдыгы, абийрдүүлүгү, ишмер­диги, аймактык кызыкчылыктан улуттук кызыкчылыкты жогору койгон, прин­ципиалдуулугу менен жалпы журттун колдоосуна ээ болгон инсан коомдук аренага чыкканда гана алдыга жылат. Ошондо гана жогорудагыдай коомдун психологияларында ажырым кескин азаят. Бир түшүнүк менен айтканда мо­ралдык сапаты бийик, (а мораль болсо психологияга түздөн-түз байланыштуу) адам бийликке келгенде гана.

Булак: Айгай

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *