Буктурмада дымын чыгарбай жаткан Алмаз  Атамбаев “Шизофреник” деген айыптоого неге жооп бере албайт?

“Власть и богатство без друг-друга не могут обходится, а опасность хронической тяги через богатство в кластьялюбию и наоборот в так как раз и состоит, что цель здесь достигается способом, во что бы то ни стало.

И тут уж что кому на роду написано: Кто-то усладу найдет, кто-то с проклятием в могилу уйдет…”

(Ч. Айтматов)

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сизге терең ишенимимди артып, сыйлоо жана терең ызат таазимим менен, активдүү жөнөкөй жарандардын бири катары, кээ бир тынчтык бербеген, көйгөй пикир, сунуштарымды ортого салып кайрылуумду туура го деп чечтим.

Бийлик, мансап, байлык үчүн жанын үрөп, шилекейин куюлтушуп, формасын 90% буруп (өзгөртүп): чөөнүн, карышкырдын жана такайдын терисин жамынышып, эски бийлик менен жаңы бийликти кайраштырып, тымызын партизандык, диверсиондук ыкма, жолдор менен учкундан жалын тутантып, бороонду чакырып, экономиканын өсүшүнө тоскоолдук кылышып, элибиздин тынч жашоосун бузуп, өлкөбүздүн бүтүндүгүнө доо кетиришип, божомол, далилденбеген — ​такталбаган фактыларга таянышып, маалымат согушун күндөн-күнгө күчөтүп жатышкандары белгилүү.

Мындай көрүнүш өтө кооптуу… Азыркы тапта, экс-президент Алмазбек Атамбаев, жемин күткөн жырткычтын тонун жамынып, комдонуп, дымын чыгарбай, формасын өзгөртүп, топ-топ болуп өзүнүн тегерегинде жүргөн чөөлөрдүн кандай чыйпылдап жүргөнүн (ичинде акаевчилер да, бакиевчилер дагы бар), казылып жаткан чуңкурдун тереңдигин, кенендигин байкап жаткандай сезилет…

Эл билет, сиздин түздөн-түз колдооңуз болбосо, убактылуу өкмөт кулап, экс-президент Алмазбек Атамбаев командасы менен түрмөдө отуруп каларын…

Туйгуналы Абдраимов массалык маалымат каражаттарынын биринде: “Мен профессионал врач катары расмий билдирем, кыргыз бийлигинде эки “Шизофреник” бар, бирөөсү экс-президент Алмазбек Атамбаев” дейт.

Мындан алыстабай ушундай эле мааниде коомдук ишмер Т. Калматов: “Атамбаевдин жин оорусу бар деп жүрүшөт” деген мааниде жоромолун узатат.

Ушундан улай, менде негедир “уютку” ойлор пайда болуп, кээ бир суроолорду ортого салууга мажбурлайт.

Эгерде, экс-президент Алмазбек Атамбаев: “Шизофреник”, жин оорусу менен ооруса, эмне үчүн Роза Отунбаева Исаковна, кыргыз элинин жалпы тагдырын, мекенинин тагдырын оорулуу А. Атамбаевге тынчтык жолу менен президенттик бийликти кармата берген?

Эгерде, А. Атамбаевдин орчундуу оорусу болсо, дүйнөдөгү мамлекет башчыларынын мыктысынын мыктысы, кимдин-ким экенин талдай билген В. Путин байкабай калдыбы? Чын эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жин оорусу барбы, “Шизофреникби” же жөн эле ойлонуп чыгарылган Крыловдун тамсилдеринин бириби? Буга Атамбаевдин өзү же болбосо маалыматын тейлегендер эмне үчүн жооп беришпейт?

Өлкөбүздүн экономикасы анча түзөлбөй, 5 млрд долларга жакын тышкы карыз кредит басып, төлөө мөөнөтү дагы жакындап 5-6 жылдан кийин босогого кирип келери байкалгансыйт.

Мына ушундай ал-ахвалыбызды сезишпей, жалаң мансап бийликти эңсеп, бузукулук, чагымчылдык иштерди жүргүзүшүп, өздөрүнчө эле “Калыгул олуя” болушуп дөөрүгөн “ойду-тоону” сүйлөгөн кошоматчы саясатчылар көбөйүп кетти.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиздин бир өткөргөн кеңешиңизде (Совет безопасности) белгилеп кеткен жериңиз бар: “Настало время и для выработки деловых подходов и переосмысления деятельности Счетной Палаты, ее роль в проведении антикоррупционной политики” деген маанидеги.

Жогорку көрсөтмөнүн негизинде болушу керек: “Рекомендовано Жогорку Кеңеш, Правительству и Верховному суду во взаимодействии с аппаратом президента пересмотреть ряд применямых мер в законодательстве практической деятельности” О счетной палате”…

Ошол мезгилде бул өтө орчундуу көрсөтмөлөрдү негиздеп сунуш кылган жайым бар: Эсептөө палатасын президенттин кол астына өткөрүү, а кадр (аудит-сотрудниктерди) дайындоо Эсептөө палатасынын жетекчисинин өзүнө ыйгаруу деген мааниде…

Азыркы тапта, коррупция күчөп, жөргөмүштүн желесиндей өлкөнүн экономикасын алдыга жылдырбай тушап салынган, эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында турган биздин өлкөдө, Эсептөө палатасынын аброюн, ролун көтөрүү талаптын учуру.

Эсептөө палатасы гана чаташкан, чиелешкен: экономика, финансы жана банкынын счетторунун операцияларынын кылмыш иштеринин жүзүн ачып, айкындыкка чыгара алат.

Эсептөө палатасынын текшерүүсүнөн кийин, корутунду, жыйынтыгына таянып: УКМК, Прокуратура — ​изилдөө, иликтөө иштерин жүргүзүшсө, иштери шыдыр болуп жөнү жок кайталанмай убаракерчиликтен арылат…

Ошондуктан: Эсептөө палатасы, Прокуратура жана УКМК бир жеңден кол чыгарып, бир упряжкада иштөөлөрү абзел.

Мисалга, төмөнкүдөй: метом аферство, же шаманства дейбиз, автору айрыкча ушундай учурларга кабылганда? (“Фабула” 18.05.2018-ж.).

— Эксимбанкы жана ТВЕА менен болгон келишимге ылайык; ТЭЦти модернизациялоо боюнча Кыргызстанга эч кандай эсеп ачылган эмес;

…Кытай тараптан бир тыйын акча келген эмес;

— Кытай тараптан “Эксимбанк бөлгөн насыя ТВЕА компаниясына КНР ичинде эле которулган;

— ТВЕА компаниясынын башкы эсепчиси А. Шадиева болгон;

— Жогорку Кеңеш бул акчаны келишимди Ротациялай электе эле, Өкмөт бул акчаны алып алган…

Эгерде, мындай контрабанда (эл аралык) жана “афера” жолдору менен болгон сыяктуу көрүнүштөр; эл астында, коомчулук жана окурмандар астында мыйзамга ылайык суроолорду пайда кылат:

1) Кайсыл премьер-министрдин тушунда ратификацияланбай акча алынып кеткен, суммасы жана кайда жумшалган (сарпталган)?

2) ТЭЦти модернизациялоо боюнча Кыргызстанда эч кандай эсеп (счет) ачылбаса, Шадиева А. кандайча гл. бухгалтер ТВЕА болуп эсептелген?…

3) Кандайча Кытайларга эмгек акы төлөнгөн, кайсы булактан, кайсыл банктан?…

4) Мына ушундай башаламандыктан пайдаланып (ХАОС): аттиштин баасын 600 долларга, 1 км түрмөк зымды 1 млн долларга, а дегеле 450 млнду 600 млн (Датка-Кемин) бааларын асмандаткан мощенничествого (групповое) жол берген ким болгон?

ТЭЦтин директорлору: Өмүркулов менен Воропаев эмне себептен жоопкерчиликке тартылбай сыртта калган?

Мына ушунун баарын чечмелеп, кыргыз уулдарынын бирден-бир мыктысы, келечеги кенен жаш кадрлардын бири, эсептөө палатасынын жетекчиси У. Марипов УКМК, Прокуратура менен биргеликте өтө чеберчиликти, калыстык, адилеттүүлүктүн чегинде элине, коомчулукка жыйынтыгын чыгарып берет деген ойдо болом.

Эми мен, ой-пикиримди, сунуштарымды кыргыздын генийи, кеменгери, кара сөздүн чексиз устасы, өтө курч, терең мааниде алысты көргөндүк менен айтылган сөзү менен жыйынтыктайын:

“Власть и богатство без друг друга не могут обходится, а опасность хронической тяги через богатство к властлюбию и наоборот в том, как раз и состоит, что цель здесь достигается любым способом, во что бы то ни стало.

И тут уж что кому на роду написано: кто-то усладу найдет, кто-то с проклятием в могилу уйдет…”

Урматтуу Сооронбай Шарипович, айтыла турган пикир-сунуштарымды кыргыздын генийи, Манастан кийинки океан Чыңгыз Айтматовдун өтө таамай айтылган курч, терең, коррупцияны аныктамасына улай, ой-пикир сунуштарымды жыйынтыктай келип, “кызыл омпол ”бороонунун болоору же болбосу, сиздин адилеттик, калыс башкарууңузда тургандыгын белгилеп кетүүм керек.

Сатынды Самыкбаев, КР финансыны контролдоо отличниги

Булак: “Жаңы ордо

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *