Булчуңу чоң эргул Мурашев муздаткыч иштеген салкын кабинеттен чыга элек

Өңү-түсү министрге окшобогон, тулку бою криминал балдарга куюп койгондой төп келген Айыл чарба министри Нурбек Мурашев эмне менен алектенип, кандай иш кылып жатканы дале белгисиз бойдон кала берүүдө.

Негизи бул тармактагы министр азыр “жаз жарыш, күз күрөш” дегендей эгин эгилген талааларда, сугат жерлерде тердеп- кургап жүгүрүп жүрүшү кажет эле. Ал эми булчуңу чоң бул эргул муздаткыч иштеген салкын кабинеттен чыга элек.

Элдин түйшүгү менен иши да жок. Кызыгы, кылган иши туурасында маектешүү максатында байланышкан журналисттерден дыргаяктап жаа бою качат экен. Анан кылган иши болбосо эмнени айтмак эле? кыскасы, ушундай колунан да, тилинен да иш келбеген кишилерге туш болуп калдык кашайып.  Мындай жоон моюн жетекчилер менен кайда барар экенбиз?

Булак: “Де-Факто”

3 comments

  • Чалкан says:

    Негизи акыркы эки жылдан бери Айыл чарба министрлигине жалан парашют менен айыл чарбасына тармакка тиешеси жок адамдар (бекбоев дегени мугалим, мунусу спортсмен) дайындалып жатат. Мындай практика дагы кайталана берсе биз агрардык тармагыбыздагы дыйкандарыбыздын эмгегин талаага кетирип алабыз го. Министрликтин кызматкерлери айткандай тармакты билбегендигинен буларга депутаттарга барганда, обмотко барганда да берилуучу суроолорго даяр жоопторду жаздырып алып, ошол шпаргалка менен жооп беришет экен. Ишенбесенер Барып сурап коргуло министрликтин кызматкерлеринен. Азыр болсо иштеп жаткан кызматкерлерди кызматтан бошотуп, алардын ордуна жалан озулорунун партиясынын (мурда ” Онугуу” партиясы болсо, эми “Бир бол” догу жалалабаддыктары кызматка койулуп жатат. Биздин президент менен премьер ушундай маселелерге качан конул болушот. Качанкыга чейин министрлик кызмат партиялардын энчисине болунот? Качан мындай кызматка профессионалдар келип тармактарды жандандырат?

  • ПатриотМанас says:

    Ушундай заказ статьяларга эч кандай фактыларга таянбаган негизсиз сын пикирге алынган, эмне учун редакция жол берет….мен билишимче бугунку кундо биздин Окмот берген отчеттору жалан Айыл чарба министирлиги жасаган жумуштар менен негизделенет….тв, радио интервьюлордогу кооз соз менен эмес , конкретуу жумуш менен корсотуп жаткандыр Айыл чарба министри…мурдагы окмот башчылар баш болуп пиардан башка кылаар жумушу жок болчу жыйынтыгында эмне болгондорун баарыбыз билебиз….ошондуктан классикалык кыргызча коралбастык жана трайбализм менен гана негизделген, Президентибиз айтакандай “гавкание” токтотолу!!!

    • Марат says:

      Мен калыс пикиримди айткым келди, Нурбек Мурашев кыргызстандын аймактарын кыдырып жүргөнүн телевидениядан көрүүдөбүз. Айылда чоңойгон дыйкандын баласы иш жүзүндө жакшы түшүшнөт. Сөз менен эмес ушундай иш билги жаштар келүүсү керек болчу. Бул мырзанын министр болгонуна 1 жыл боло элек. 4-5-жыл иштегенден кийин ишке баа берүү керек. Лабораториялар курулуп, Айыл чарбасында жаңы өзгөчөлүктөр, өнүгүгп өсүүдө.
      Ушул Де-Факто 3,4 жыл башта окумдуу жакшы гезит болчу. Тиражы көбөйгөн терилген мыкты журналистер иштечүү. Эшегине жараша тушагы демекчи, азыркы “Де-Факто” гезити адилеттүүлүк, акыйкаттык, калыстыктан тайды. Главный редактору тилемчи, журналисттик кесибин так билбеген көчөдөгү кайырчы Амантур Мусагулов деген бир маңкурт экен.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *