Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу Канат Жумагазиевге эмнеге чара көрүлгөн жок

Жол коопсуздугун камсыздоо же тил көнүп калгандай айта турган болсок МАИлердин башчысы Канат Жумагазиев ушу тапта беймарал жумушунда иштеп жатат. Негизи анын ушу тапта ишин улантууга моралдык укугу жок эле. Неге? Эмесе, кеп башынан болсун. Кыз ала качуунун курмандыгы болгон 20 жаштагы Бурулайдын өлүмүнөн кийин 23 милиция кызматкери жумуштан четтетилгени маалым болду. Туура, чырактай кыздын өмүрү кыйылып жатат, болгондо дагы ИИМдин Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратынан, киши колдуу болуп. Мына ошол РИИБнин имаратында болгону үчүн алар жазасын алды дейли. Ал эми ала качуу фактысы катталганда жолдон тосуп, кылмышка шектүү менен Бурулайды кармаган МАИ кызматкерлери эмне себептен кылмышка шектүүнү тинтип, бычакты алып койгон эмес. Бул шалаакылыкка жатабы? Жатат. Ошол МАИ кызматкерлери кармаган кезде тинткенде бычак табылат эле. Окуя мынчалык татаалдашмак эмес. Демек, биринчиден МАИ кызматкерлери күнөөлүү. Катардагы кызматкери шалаакылык кетирип жатса демек жогорку жетекчилик көңүл бурган эместикке жатат. Кызматкерлерин тиешелүү тактыкка үйрөтө албаган жетекчи мындай кырдаалда кызматтан кетиши шарт. Арийне, эмне себептен республикалык МАИ кызматынын жетекчиси Канат Жумагазиевге чара көрүлгөн жок? Же Жумагазиевге жолдо турган МАИлер акча жыйноо үчүн эле керекпи?

Булак: De-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *