Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын колдоосу менен Ак Талаа районунда 13 миллион 900 миң сомго курулган мечит ачылды

Нарын облусунун Ак Талаа районундагы Баетов айылында Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын демөөрчүлүгү менен курулган мечит-медресенин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Мечиттин ачылышына Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясынын төрагасынын орун басары Мухаммад Мади жана Муфтий Максатбек ажы Токтомушев катышып, мечитти курган демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирди. 

Муфтий жергиликтүү айыл элин ысырапкорчулуктан оолак болуп, кайрымдуулук иштерин жосоого, балдарды билим аркылуу тарбиялап, алардын ыйман, адебине көңүл бурууга, ата-энени сыйлоого, улууларга урмат көрсөтүү менен алардын тажрыйбасын, акыл-насааттарын алууга чакырып, эн башкысы мамлекеттин тынчтыгы үчүн эл ичиндеги ынтымакты туу тутууга чакырды.

Эскерте кетсек, Ак Талаа районунун Баетов айылындагы Абу Бакр ас-Сыддык  мечитинин курулушуна Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы 100 миң АКШ долларын бөлсө, жергиликтүү тургундар 100 миң сомдук салым кошуп, жалпы мечиттин курулушуна 13 млн 900 миң сомдук каражат сарпталган.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *