Чакан ишканалар өнүгүү жолуна түштү

Жалал-Абад шаарында соңку жылдарда кичи жана орто бизнес чөйрөсү өнүгүү жолуна түштү. Бул тармактагы ишканалар менен ишкерлердин өндүргөн продукциясынын жалпы көлөмү шаарда өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнүн 20,9 пайызын түзүп олтурат. Жалал-Абад шаардык мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришкендей, былтыр калаа боюнча кичи жана орто бизнес чөйрөсүндөгү ишканалар, жеке ишкерлер тарабынан 564,9 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 2016-жылга карата дээрлик 257,1 пайызды чапчыган. Ал эми жеке ишкерлер тарабынан өндүрүлгөн продукциянын көлөмү дагы жыл өткөн сайын улам өсүп баратат. Маселен, 2017-жылдын ичинде жеке ишкерлер тарабынан 76,7 миллион сомдук продукция өндүрүлүп, өсүү темпи 169 пайызды түзгөн.

Булак: Майдан.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *