Чаң баскан китептер! Жаштар эмне үчүн китеп окушпайт?

Коомдук транспорттордо жаштардын китеп кармап отурганын көрдүңүз беле? Көрсөңүз да чанда болушу керек. Азыркы “заманбап” дүйнөдө китептин ордун интернет деген ээледи. Каалаган маалыматты каалаган учурда ала аласың. Ушул ойду карманган жаштар китептен алыстап кетеби же жокпу, аны териштирип көрдүк.

Алгачкылардан болуп мектеп окуучуларынан китеп окууга кандай мамиле жасаарын сурадык. №26 мектеп-гимназиясынын 5-классынын окуучусу Уланбеков Иманбек, китеп окууну жактырбаганын айтат. “Мен китеп окуганды жакшы көрбөйм. Андан көрө компьютердик оюндарды ойногон мага жагат”, — дейт Иманбек.

Кыргызстан-Россия Славян университетинин алдында ачылган мектептин 11-классынын окуучусу Айбек Шамурзаев, бала кезинде китеп окууга кызыктар болсо, азыр кызыгуусу башка тармакка өзөргөнүн белгилейт. “Кичинекей кезимде китеп көп окучумун . Азыр китеп окуу билим алууда артыкчылык деле болбой калды. Ошондой эле китеп окуудан мурункудай ыраахат албай калдым. Мен Москва мамлекеттик университетинин юридикалык факультетине тапшыргым келет. Мындан улам, мен башка сабактарга көңүл бурушум керек”, — деди Шамурзаев.

№61 физико-математикалык лицейинин 11-классынын окуучусу Даутбек Атабековдун айтымында, азыркы коом гуманитардык билимден табигый так илимге өзгөрүп жатат. “Мен китеп окугум келбейт. Андар көрө эсеп чыгарганды же Youtube каналынан билимимди тереңдетүүчү видеолорду көргүм келет. Мен ойлом, биздин коом табигый так илимдерге жакынкы арада өтөт. Бош убактыңды китеп алдында өткөрүү керектелбей калды. Москва физико-техникалык институтунун “Инновациялык технология” факультетине тапшыргым келет”, — деп билдирди Атабеков.

 Телевидение жана кино окууга болон кызыкчылыкты азайтат

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Радио, телевидение жана киноискусство” бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Кадыров Азамат, телевидение, жаңы маалыматтык технологиялар жаштарды окууга кызыкчылыгын азайтып, “окуу кризисине” алып келээрин билдирет. “Негизинен телевидение жана кино окууга болгон кызыкчылыкты азайтат. Бизге белгилүү болгондой жаштар китеп окуудан мурда, ал китептин негизинде тартылган кинолорду көрүшөт. Бирок, классикалык адабият аталган “Гарри Поттер”, “Сумерки” жана башка китептер жаштар арасында кеңири таралып, киносу чыгаардан мурда окулат”, — деди 3-курстун студенти. Кадыров, интернеттин өнүгүүсү менен жаштар китеп дүйнөсүнө саякат жасабай калганын жана китептерди сатып алган жаштарды көрүү да азайганын белгилеп кетти.

 “Ата-эне китеп окубаса баласы да окубайт”

Бишкек шааарындагы №26 мектеп-гимназиясынын тарых сабагынан берген мугалими Нина Николаевнанын айтуусунда ата-энелер өз балдарынын китепке болгон кызыгуусун бала кезинен баштоосу керек.  “Алгач ата-эне сүрөт тартылган китептерден баштаса болот. Себеби, мындай китептер кичинекей балага кызыгуу жаратат. Бала биринчи китепти барактап анын сүрөттөрүн карап чыгат. Ошол кезде “бул сүрөттөрдү түшүнгүң келсе, анда окуганды үйрөнөлү”, деп кызыктырыш керек. Эгер ата-энелер өздөрү китеп окууга көңүлү жок болсо, баласы да ошондой болот. Китеп үй-бүлө ичинде талкууга айланган тема болушу керек”, — дейт Нина Николаевна. Китепти аз окуган жаштардын сүйлөө маданияты да аксап калаарын Николаевна кошумчалап кетти.

“Электрондук китеп аркылуу мен убактымды жана акчамды үнөмдөйм”

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 3-курсунун студенти Бердибекова Канышайдын айтымында чөнтөк телефондун жардамы менен каалаган китептерди жүктөп алса болот.

“Мен доклад жазуу үчүн китептерди издеп отурбайм. Бардык керектелген маалыматтарды интернеттен эле алам. Ал эми, китептерди телефонумда электрондук китепкана программасы бар. Жаккан китептерди жүктөп алам да каалаган учурда окуйм. Бир эле учурда акчамды жана убактымды үнөмдөйм. Бирок, интернетте көпчүлүк маалыматтар чектелүү, бизге берилгенин гана окуйбуз. Керектүү, кызыктуу билимдерди өткөрүп жатабыз”, — деди Бердибекова.

“Китеп окуу табияты боюнча узун жана жалгыздыкты талап кылат, ал эми жаштардын чыдамы жок”

Бишкек шаарындагы №26 гимназиянын директорунун орун басары Надежда Даниловна, социалдык тармактардын өнүгүүсү жаштардын сабаттуулугун, сүйлөө, жазуу маданиятын төмөндөткөнүн баса белгилейт. “Социалдык тармактар жаштардын баарын кыска маалымат алганга үйрөттү. Узун текстерди көргөндө убактымды кетирип аламбы деп коркушат. Китеп окуу табияты боюнча узун жана жалгыздыкты талап кылат, ал эми жаштардын чыдамы жок. Сүйлөмдөрдү да кыска кылып жаза берип ошого көнүп калышкан. Тект жазуу окуучуларга кыйынчылык жаратат. Анткени, бир абзацта башка ойду айтса экинчисинде башка ойго өтүп кетишет”, —дейт директордун орун басары.

“Мугалимби, мамлекеттик кызматкерби баласына жок дегенде бир китеп сатып берүүсү керек”

№26 гимназиянын директорунун орун басары Надежда Даниловна, бардык жоопкерчилик мугалимдин моюнуна жүктөлбөй, ата-энелер да балдарын тарбиялоо менен алектениши керектигин айтат. “Ата-энелер балдарына китеп окууну үйрөткөн биричи мугалим болушу керек. Мектепти аяктап, университетке тапшырышына гана кам көрүү жетишсиз. Кимдер гана болбосун мугалим, мамлекеттик кызматкерби баласына жок дегенде бир китеп сатып берүүсү керек. Азыр аны унутуп кымбат телефонду, ноутбукту белекке берип жатпайбы”, — дейт Надежда Даниловна. Надежда Даниловна мектепте билим берүү системасы өзгөрүү жолуна түшүп, окууну оңой жана кызыктуу өтүү керектигин белгелейт. Совет доорунан бери келе жаткан окуу китептерин жаңылатуу. Башталгыч класстардын китептериндеги каталарды оңдоп чыгуу башкы маселе экенин кошумчалайт.

Аяна Орозалиева,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүн студенти

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *