«Чемпиондун» кадыр-баркы артууда

Парламентке «Кыргызстан» партиясынын арты менен келген Урмат Самаевди билесиңер да. Башта депутат катары ың-жыңы чыкпай, ким экени анчейин билинбей келсе, учурда бул жигиттин кадыр-баркы кадимкидей өсүүдө. Эстүү жигит сөзсүз эле парламенттен микрофон талашып, эл көзүнө көрүнө калуу үчүн публикага ойнобостон, ыңгайы келген ирмемдерде кичи мекениндеги көйгөйлөрдү байма-бай көтөрүп, карапайым калктын таламын талашканы кубандырууда. Жаш депутаттын мындай кадамы жердештерине да жагып, кичи мекениндеги спорт үчүн көптөгөн иштерди кылып жатканын Токмок калаасынын тургундары биздин редакцияга чейин кабарлашууда. Баса, эң башкысы, бул жигит жаштыгына карабай Сары Өзөн Чүйдөн атасы Канатбек Исаев үчүн алгачкылардан болуп акыйкат сөзүн айткандыгы менен айырмаланып, өзүн саясатта да анык «чемпион» экенин далилдеди. Мындай кадамдары менен бу балакай келечекте дагы далайга чуркайт го?

Булак: “Азия Ньюс”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *