Чойбековду чоёңдотпой текшербейсиңерби?

Токмок шаардык Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Максат Чойбеков Жайыл райондук милициясында башчы болуп турганда контрабанда менен келген товардан түшкөн акчаны оперлер менен бөлүшпөй жалгыз өзү лап этип койгонунан улам, коллективи «бунт» көтөрүп кууп чыгышкан эле. Акчасы көп неме экен да, кайра кызматтан кызматка секирип отуруп, азыр Токмокто. Кечээ жакында түштүктө мал уурдаган чоң мафиянын жүзү ачылып, бир топ мал түндүк аркылуу Токмоктун мал базарына келип турганы боюнча маалымат тарады. Ошондо Токмок милициясы уурдалган малдар тууралуу эмнеге ушул кезге чейин бир да кылмыштын бетин ачпай келишет? Токмоктун мал базарын Токмок милициясы көзөмөлдөп тураарын эл жакшы билет. Ошондо кандай болуп калат? Ууруларга көмөк көрсөткөндөр кимдер?

Булак: “Ачык саясат”

1 ой-пикир

  • К says:

    Анекдоттогудай эле эл болуп калдыкко. Бут улуттардын кайнап жаткан казандын ичинен шайтан баласы атасына, – ата кыргыз чыгып баратат десе, – жон кой аларды, алар оздору бири бирин тушуруп алышат дегендей… Чойбеков Максатты милиция кызматкерлери дээрлик таныгандардын баары эле жакшы жагынан тааныйт. Ишин так аткарган профессионал бир кадр катары усту жактагылардын байкоосуна ээ болуп жатканда озунун эле бирге иштеген коллегалары тарабынан коралбастык кылгандар же кандайдыр бир жол менен жетекчиликти ээлеп калган ИИМ дегилер озунун ордун ээлеп калышынан коркуп тургандар заказ менен жаздырышканы корунуп турат. Ким экени деле белгилуу… Жайылдагы окуясы деле кимдердин буйуртмасы менен болгону белгилуу болгон. Ал жетекчилер азыркы учурда сахар инсульт болушуп ишке жарабай калганын билебиз. Ак ийилет бирок сынбайт демекчи бираз ийилип коюп иштеп журот. Каралар эбак эле сынып калышкан. Бул киши наркотик сатып же акча уурдап жетекчи болгон эмес. Же креслосун жоготуп койом деп да кэйибейт, себеби акчанын артынан чуркап дуйно, байлык, мансапка байланып калган эмес…
    статьяны окуп чыдабай бир гана калыстыкты жазгым келди…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *