Чолпон Жакупова “азыркы депутаттардын 95%ы бийликке жатып берди” деп чыркыраган чындыкты бетке айткан

Эки жүздүүлүк менен карөзгөйлүк, шылуундук менен шумпайлыктын арааны жүргөндө адилеттик, чынчылдык, ыймандуулук сыяктуу улуу касиеттер жоголгон сыяктуу эле азыркы жалаң өзүн ойлоп, элди эсинен чыгарган кыргыз бийлиги менен парламентинде ыймандуу адамдарга иштөө кыйын эле болууда. Адардын бири “Бир бол” партиясынын депутаты Чолпон Жакупова болчу. Өткөндө оппозициянын курултайында да трибу­нага чыгып сүйлөп, бул айым “азыркы депутаттардын 95%ы бийликке жатып берди”,- деп чыркыраган чындыкты бетке айткан болчу. Эми чөөлөрдун арасына түшүп калган койдой өзүн ыңгайсыз сезген де­путат айым эркек депутаттарга окшоп бийликке “жатып бергенче” ыйманы менен уятын жогору коюп, 1-январда мандатын тапшыра тургандыгын билдирди. Констатуцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөн кезде ага айрым саясатчылар жана депутаттар каршы чыккан. “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова эгер рефе­рендум өтүп, Баш мыйзам өзгөрсө, мандатын тапшырарын билдиргендиги дайын болчу. Эми ал “эркекче” сөзүнө туруп, депутаттык менен кош айтышууда. Бал­ким, туура эле кадам жасагандыр…

Булак: “Майдан”

1 ой-пикир

  • Райымбек Усупжанов says:

    Бийлик үчүн, бир кезде “нан” тиштешкен досторун жамандап. Элдин камын ойлобой эле, кантип кайра бийликке келиштин амалын ойлоп жүрүшкөн анча-мынча “эркектер”терге караганда Чолпон айымдын бул жасаган кадамы абдан эле туура жана алкоого татыктуу. Чолпон айымды туурап бийлик үчүн абийирин сатпаган депутаттар ушундай кадамга барышса, балким парламенттин ичи тазалана түшөт беле? Мамлекетибиздин карызы күн санап өсүп жатканын көрүп билип туруп, өкмөттү тез аранын ичинде чара көрүүгө чакырып бир да депутат чыккан жок. Анткени алар өздөрүнүн бизнестерин депутаттык иммунитет менен сактап калуу үчүн шайлоого барышкан. Ал эми Чолпон айымдын ал жерде коргой турган бизнеси болбогондон кийин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо жалгыз экенин жон териси менен түшүнсө керек

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *