Чолпонайым Бөрүбаева, кинорежиссер: Киночулар жерге түшүшсө…

Кыргыз кино индустриясы өнүгө баштаганы абдан кубандырат. Ар бир чөйрөдө атаандашуу, тирешүү жакшы жагынан өнүккөндө ошол тармак өнүгөт. Кыргыз кино индустриясында оозго алынаарлык тасмаларды жаратууга белсенип жүргөн жаш режиссерлордун арасында Чолпонайым Бөрүбаева да бар. Эмесе кызыктуу маекке назар салыңыздар!

– Чолпонайым, кино тартуу бул кыйноо тартуу деген кеп бар го. Кино тармагында жүргөн инсан катары ушул сөзгө кандай маани берет элеңиз? Чынында эле кыйнообу?

– Чынында, оңой эмес. Бир топ эле оор! Бирок мен үчүн кино бул жумуш эмес, менин жашоомдун мүнөзү болуп калды десем жаңылышпайм. Ошондуктан кино жаратуу процессинин азабын да, жыргалын да бирдей кабыл алам.

– Киного тагдырыңыздын байланып калганынын себеби эмне болду?

– Кичинекей кезимде артист болом дечүмүн. Уюштуруучу катары сапаттарым тээ балалык кезде эле бар болчу. Ошондуктан бешенеме төрөлгөндө эле жазылып калса керек деп ойлойм. Ушул чөйрөдө кызмат кылганыма абдан ыраазымын.

– Кандай гана тасма болбосун кадр сыртында жүргөндөр чоң эмгек кылышат эмеспи. Кээде кадр артында эмес, астында башкы каарман болуп тасмага тартылуу жөнүндө ойлондуңуз беле же тартылгансызбы?

– Тартылгам. Бирок кадрга түшүүгө умтула бербейм. Өзүм кастингге барбайм. Сергей Дворцевойдун “Айка” аттуу кыргыз мигрант кызы тууралуу тасмасына тартылдым. Бул да болсо мен үчүн чоң тажрыйба болду десем эч жаңылышпайм.

– Ар бир иштин жөнгө салуучуларынын өз устаттары болот экен, сиздикичи?

– Менин устаттарым бир нече адам. Алар: Марат Алыкулов – сценарист. Сценарий жазганда алгач ушул кишиге окутам. Кеңешин угам. Экинчи режиссёр катары ушул кесиптин майын чыгарып иштеген Турсун Усенов деген кинодо тапкан атам бар, ушул кишини устатым дей алам. Ыраматылык Талгат Асранкулов деген сүрөтчү, режиссер бар эле, ошол кишиден да көп нерсени үйрөндүм. Талгат Асранкулов байке “Топурак” аттуу кыска метраждуу тасмамды жаратканыбызда абдан чоң жардам берген. Жогоруда айтып кеткендей, Сергей Дворцевойдун тасмасында съёмкада жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Бул кинорежиссер дүйнө жүзү боюнча  эң мыкты, күчтүү режиссерлордун бири. Анын тасмалары “Канн” кинофестивалында байгелүү орундарды ээлеп кетет. Ушул 4 адамды мугалимдерим десем жаңылышпайм.

– Жаңы тасма тартуу алдында турасыздарбы? Негизги командаңыздар, өзүңүздүн ишмердүүлүгүңүзгө токтолсоңуз?

– Негизи жакшы командабыз бар. Ар дайым сапаттуу, мааниси терең тасмаларды жаратууга аракет кылабыз. Быйыл бир кыска метраждуу тасма тартсам деп даярданып жатам. Кудай буюрса, балким тартып калаарбыз.

-Жакынкы 30 жылдыкта биздин кино дүйнөлүк аренанын туу чокусу болгон эл аралык конкурстарга катышып, балким “Оскар” сыйлыгына татыйт деген илгери үмүтүңүз барбы?

-Болушу ыктымал. Бирок ал үчүн өз казаныбызда эле кайнай бербей чет жакка көп чыгууга аракет кылуу керек. Эл аралык долбоорлорго иштөө керек. Дүйнөлүк кинематографта кандай тенденция болуп жатканына көңүл буруу керек.

– Кино индустриясынын өнүгө баштаганы чынын айтыш керек, сапаттуу да, сапатсыз да тасмалар тартылууда. Сапатсыз, элдин табитин буза турган тасма тартуучуларына берген бааңыз же кеңешиңиз?

– Критиканы, конструктивдүү критиканы туура кабыл алууну үйрөнүү зарыл. Мен кыйратып жатам деп көкүрөк кага бербей анча-мынча жерге түшүп, эйфория боло бербестен, кичине мен кандай тасма жаратып жатам, кандай катачылык кетирдим деген суроолорду күнүгө өзүнө-өзү бериш керек. Өзү тарткан киносуна өзү суктана бербей. Ар дайым эле туугандары достору тарабынан мактоо боло берсе, анда өсүү деген болбойт. Өсүү болуш үчүн өз тасмаларына анализ жүргүзгөндү үйрөнүү керек.

– Учурда эң күчтүү киносценарист деп кимдердин ысъшын атай алабыз?

– Кыргызстанда Марат Алыкулов. Ыраматылык Талип агай мыкты сценарист эле…

– Айтматовдун 90 жылдыгына карата тасма тартуу планыңыздарда барбы? Өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу…

– Жок, былтур “Мугалим” аттуу социалдык ролик тартканбыз. Айтматовдун “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деген цитатасын колдонуп. Менимче Айтматовдун чыгармаларын экранизациялоо абдан эле оор.

– Жеке жашооңуз тууралуу да азыноолок маалымат бере кетсеңиз?

– Менин үй-бүлөм бар. Бир кыз, бир уулдун апасымын.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *