Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: Эмне кылуу керек? (Багыттама)

Эгемен мамлекет болгонубузга 25 жылдан өттү. Бул чейрек кылым. 25 жыл мурда төрөлгөн балдардын асты эчак үй жайлуу бала бакыралуу болууга да жетишти. Эки Президентибизди кууп жибердик. Баш мыйзамды тогуз жолу өзгөрттүк. 28 жолу Өкүмөт башчыны алмаштырдык. 6  жылдан бери иштеп келаткан Президент Алмаз Атамбаевди жөн иштетпей “жерден алып көргө, көрдөн алып жерге уруп” иштеген ишин жактырбай сындап келатабыз. Себеби ошончолук катачылыктарды кетирүүдө. Өткөн эки жолку бийлик алмаштырган төнкөрүштөн сабак албай керек болсө үчүнчү төнкөрүш болуп кетүү коркунучунун астында турабыз. Мамлекетибиз бар бирок мамлекеттүүлүгүбүз жокко эсе. Бизге жакшы санаалаш деген коңшу мамлекеттердин мамлекет башчылары “ Кыргызстан мамлекет катары жок болуп кетүү коркунучунда турат”- дешип бир эмес бир нече жолу ачык айтышты. Мындай орой сындан да жыйынтык чыгарбадык. Мамлекеттик денгээлде жар кырына такалган кризстен чыгып кетүүнүн жолу барбы? Бар. Эгер кылчактабай төмөндөгү жолду тандасак.

Бул жол ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ИНСТИТУТУН орнотуп, толук кандуу ишке киргизүү. Кантип?

  1. Баш мыйзамга Элдик курултайдын укугун толук кийрип, Элдик курултай жөнүндөгү мыйзамды кабыл алуу керек.

Эгер ушул жолго түшсөк бийликти төнкөрүш жолу менен алмаштырам деген арам ой токтойт. Ички жана сырткы күчтөр бийлик башында отургандарды “Керек болсо революция кылып сени алмаштырып коем. Сайда саныңды таппай качасың. Ал үчүн болгону 15-20 миллион доллар кетет”- дешип коркута албай калышат.

Бийликте отургандар өздөрүн өздөрү билип мамлекетти жеке фирмасындай көрүп бизнесин гүлдөтүүгө каалагандай пайдалана албай калат. Колунан келгендер мыйзамды “Буйлалаган төө” кылып буза албайт.

Баш мыйзамдагы “Бийликтин  ээси эл”- деген аныктама толук кандуу иштейт. Бийликке келгендер мамлекети 25 жылдан бери талап тоноп келатса да эч нерсе кыла албай эл четте үшкүрүп карап турган процесс токтойт. Эл  иштей ала тургандарды иштетип, иштей албай тургандарды кызматтан мыйзамдуу айдап турат. Маселен бир күн да билим берүү тармагында иштебеген, мамлекеттик жогорку кызмат дегенден түшүнүгү да жок сары ооз кызар Билим берүү министири болуп иштеп, билим берүү тармагынын таш талканын чыгарган окуялар болбойт.

Себеби жөнөкөй. Президент, Жогорку Сот, Генаралдык Прокурор, Эсеп палатасы жыл сайын элдик курултайдын астында отчет берет. Элдик курултайда иши жактырылса иште калат. Жактырылбаса иштен кетет.

Элдик курултай жөнүндөгү бүт жол жоболорду майдалап жазбай эле коеюн. Ал бир эмес бир нече вариантта жазылып даяр турат. Болгону саясый эрктүүлүк менен кабыл алуу гана керек.

Мамлекеттик бийликтин өз букараларынын (граждандарынын) алдында төмөндөгү негизги  милдеттери бар.

  1. Букараларынын ден соолугуна ар тараптан кам көрүү. Коркунучтуу илдет оору сыркоолордун жайылышына жол бербө.
  2. Букаралардын укуктук теңчилигин сактоо. Мыйзамдардын бузулбай иштешине шарт түзүү. Коомчулуктун укуктук билимин өстүрүү.
  3. Букаралардын билим алуусуна толук кандуу шарт түзүү. Дүйнөлүк цивилизациялык өсүштөн арта калбашын шарттоо. Илимий, маданий, руханий ачылыш, өсүштөрдүн өнүгүшүнө кам көрүү.
  4. Букараларын ар кандай табигый кырсыктардан коргоо. Табигый же ар кандай кырсыкка кабылгандарга токтоосуз жардам берүү менен жашоо шарттарын калыбына келтирип кайра түзүп берүү.
  5. Картайгандарды, майыптарды, жардамга муктаждарды камкордукка алуу, алардын жашоо шарттарын толук көзөмөлдөө.

Мамлекеттик бийликтин мамлекеттүлүктү  бекемдөө жана анын туруктуулугуна кам көрүү боюнча негизги милдеттери төмөнкүчө;

  1. Мамлекеттик башкаруу системасынын так, туруктуу бузулбай иштешине кам көрүү
  2. Мамлекеттин бүтүндүгүнө, чек аранын так аныкталышына жана анын корголушуна кам көрүү.
  3. Ички жана сырткы ар кандай күчтөрдөн мамлекетти коргоого дайыма даяр болуучу куралдуу күчтөрдү кармоо.
  4. Мамлекеттин экономикалык өсүшүнө кам көрүүгө. Ар кандай табигый же башка кырсык болсо мамлекеттин мамлекетүүлүгүн сактап букараларына белгилүү мөөнөткө чейин жардам бере алгыдай мамлекеттик кампаны кармоо.
  5. Коомдун жана дүйнөлүк өсүп-өнүгүүнүн талабына ылайык мыйзамдарды жаңылап туруу жана анын сакталышына кам көрүү.
  6. Мамлекеттин малекеттүлүгүн сактоодо өзөк болгон идеологиянын туура так жүргүзүлүшүнө кам көрүү, жана көзөмөлдөө.

Мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн бекемдей турган, коомчулуктун тынч жол менен өнүгүүсүнө шар түзгөн негизги багыттама өзөк ушул. Өзүңөр байкагандай жаза келгенде эки баракка деле жетпейт. Тилекке каршы ушул негизги багыттарды 25 жылдан бери ордуна коюп иштете албай келатабыз. Анын себептери өтө көп жана тереңде. Ага мен токтолбой эле коеюн. Жогорку багыттаманы толук ишке киргизип орунотуучу бир гана күч, бир гана жол бар. Ал ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ИНСТИТУТУ. Элдик курултай оруномоюн кыйналганыбыз кыйналган. Ал эми ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ИНСТИТУТУН орунотуш үчүн саясатчылардын биргелешкен саясий эрки керек. Бийликке барабыз деген саясатчылар бийликти байыш үчүн бизнестин ынгайлуу жолу катары карабай элге, мамлекетке кызмат кылуу катары карап ак тилектен аракеттенси бул ишке ашат.

 Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *