Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: Кадр – мамлекет үчүн терең маанилүү саясат

“Кадрлар баарын чечет”- деген Сталиндин учкул сөзү менен баштабасам бул макаланын бир тузу кем болуп калат го. Өзү бийлик жүргүзгөн 30 жыл ичинде СССР дей империя түзүп,граждандык жана Улуу Ата Мекендик согуштардын тийгизген таасирлерин бүт жеңип, буурусун менен жер айдаган мамлекеттин экономикасын атомдук денгээлге өстүргөн Сталиндей мамлекеттик ишмерлер чанда чыгат окшобойбу. СССР империясы кыйрап, суверендүү мамлекеттердин парады башталганда, катардан калбай өз алдынча бөлүнүп чыккан Кыргызстандын экономикасы коңшу мамлекеттердикинен ашса ашык бирок кем эмес эле. Канчалаган завод, фабрикалар күнү түнү 2-3 сменде иштеп колхоз, совхоздорубуздун өрүшүндө төрт түлүк мал батпай турчу. Эгемендүүлүккө жеткенден кийин 3-4 жыл убакыт өтпөй эбегейсиз байлык кый-сыпыры чыгып талоонго түшүп жок болуп, баягы завод,фабрикалар иштебей токтоп, колхоз, совхоздор тарап, чачылып, өрөөн-өрөөнгө батпаган төрт түлүк мал жылан соргондой дайынсыз болду.

Мунун башкы себебин мен так ушул кадр маселесинен көрөм. “Эгемендүүлүккө жеттик. Демократия. Өзүбүздү өзүбүз билебиз”- деп эдиреңдеп кетип А.Акаевди Президент кылып алып келип элибиздин шору шорподой кайнады. Мамлекет эмес, өмүрү он кишиге жетекчи болуп көрбөгөн, өзүнүн бир тууган агасы айткандай “Катынын деле башкара албаган” адам малекет башына келип аз эле жерден Кыргыз улутун улут катары жоюп, Кыргыз мамлекетин таптакыр талкалап кое сактады. Бүгүнкү күндө биз баарыбыз заарканып жок кыла албай жаткан “коррупция”- деген жети баштуу ажыдаарды кыргыз мамлекетине “тууп берип” кеткен так ошол Аскар Акаев болду. Акаевдин учурунда “Мамлекеттик кадрлар жөнүндө” –деген мыйзам таптакыр иштебей калды. Коммунисттик доордо канчалаган жылдар бою сыноодон өтүп тартипке түшкөн кадр саясаты өлдү. Акаевдин учурунда, жол жана транспорт тармагын түшүнмөк түгүл өздүк машинасын оңдуу айдай албаган адамды ошол тармакка министр кылып койгондо  “Физиктерге айла жок экен.Жакшы айлыгы бар врач –хирируг болосуңбу?”- десең, ойлонбой туруп, “Жакшы айлыгы болсо макулмун. Жаныма мыкты медайым алсам, эптеп сокур ичегини сойгонго жараармын”- дешет деген аския чыкты. Тармактар боюнча кесипкөйлүк деген түшүнүк жоголду. Бир кесипте көп жылдар иштеп тажырыйба топтоп анан кызматтык тепкичтерге көтөрүлүү деген мыйзам талабындагы түшүнүктөр иштебей калды. Жыйынтыгы эмнени берди? Мамлекет экономикалык жана руханий-маданий жактан терең кризиске түштү. Мамлекетин мамлекеттүүлүгүн камсыздаган маданий этикасы талкаланды. Бийликтин кадыр-баркы баркы түштү. Кызмат кариерасын жазаш үчүн кесипкөй болуш керек деген түшүнүк жоголду. Мамлекетик бийликте тартип жоголуп,  бардак өкүм сүрдү. Муну пайдаланып кылмышкерлер бийлик жүргүзө баштады. Адамдар айрым бир маселелер боюнча мамлекеттик оргондарга эмес кылмышкерлерге кайрылып, чындыкты, мыйзамдуулукту издей башташты. Кыскасы А.Акаевдин учурунда түшкө кирбей турган жомоктогудай мезгилди баштан өткөздүк. (Бул боюнча кийинчерээк кеңири жазам деп жүрөм.)

Так ошол Акаев “өндүрүп-өстүрүп” кеткен кадр саясатындагы “ооруну” А.Атамбаев ого бетер күчөтүп тим эле гүлдөттү. Мамлекет жана мамлекеттүүлүк, кадр саясатындагы кемчиликтер тууралуу Акаевдин учурунда деле көп жазгам. Атамбаевдин учурунда да өз ой пикиримди жазам деп анын элдешкиз душманына айланып, мени өздөрү эле оппозиценерлердин арасына кошуп коюшту. Болбосо позиция- оппозициясы жок эле коомдогу кемчиликтер тууралуу өз ой пикиримди жазып келатам.

Республиканын билим берүү тармагына өмүрү билим берүү системасында иштебеген, билим берүү тармагынын ички көйгөйү түгүл, деги эле бул тармак тууралуу түшүнүгү бар экени шектүү, болгону чет элдиктер каржылаган коомдук уюмдарда иштеп жүргөн жаш кызды министр кылганда күйбөгөн жерим күл болуп чыдабай макалаларды жазгам. Колумдан макала жазгандан башка келбесе кантмек элем. Билим берүү тармагы түшүнгөн адамга мамлекеттин келечеги. Дүйнөлүк алдынкы өнүгүп-өскөн мамлекеттердин катарына жетем, мамлекеттин келечегин гүлдөтөм деген жетекчи биринчи кезекте билим берүү тармагына көңүл бурат. Атамбаевдин эрке кызы мамлекеттин билим берүү тармагын аз эле жерден таптакыр талкалап кое сактады. Бир жолу Жогорку окуу жайына жолугушууга бара коем деп катардагы студент берген суроого жооп бере албай шермендеси чыгып,экинчи жогорку окуу жайларына барганды кой мектептерге да баргандан коркуп, кабинетине кирип-чыгып жүрүп акыры кызматынан кетти. Атамбаевдин бийлиги учурундагы мындай кесиптик жактан да мыйзам талап кылган критерийлер жактан да туура келбесе да кызматка коюлган кадрларды санасак узак сөз. Аларды айтпасам да бүт окурман билет.

А.Атамбаев өзү жактырган кадрларды кызматка коюп жатып балким “Мамлекеттин кожоюну менмин. Эмне кылсам өзүм билем. Мыйзам деген менмин”- деп ойлоп алышы жана ошол жасаган иштерине корустон болуп сыймыктанышы мүмкүн. Чындыгында жумшак айтканда бул анын түшүнүгүнүн тайкылыгы жана жөнөкөй мамлекеттик этикага акылынын жепегендиги. Баш мыйзамыбызда “Президент конституциянын гарнты”- деп турат. Демек Президент бардык мыйзамдардын гранты. Президент өзү мыйзамды тебелеп тепсей баштаса анда эмне болот? Мыйзам жөнөкөй адамдар үчүн иштейт Президент үчүн каалагандай бурмаланат болгондо кандай болот? Биринчи кезекте мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнүн пай дубалына жаракка түшөт. Мамлекеттин бийлигинин кадыр баркына шек келет. Букаралардын мамлекеттик бийликке ишенбөөсү пайда болот. Мисалга;жөнөкөй райондук билим берүү тармагынын бөлүм башчы кызматына коюш үчүн  мектепте 5 жылдан кем эмес директорлук кызматта иштеши керек. Тигинтип өзү бир күн билим берүү тармагында иштебей туруп министр болгон адам ушул сыяктуу талапты башкалардан сурай алабы? Төмөнкү катмарда “Мамлекеттик кадрлар мыйзамы” сакталып, жогор жакта сакталбашы керекпи? Президенти бир жагын жыра тартса, бийликке келдик деген партиялар экинчи жагынан жыра тартып, көчөдө көмөч-самсы бышырып жүргөндөр аким, базаркомдор губернатор болуп, секратарлар генпрокурор болсо ыйлайсыңбы же күлөсүңбү. Ушундайга жол берген мамлекети мамлекет деп атоого болобу? Мамлекеттик  мыйзам иштейт, тартип бар деп атоого болобу? Ушинтип чындыкты жазып койсоң сен душман болсуң да малекетин түбүнө жетүүнү көздөп, мыйзамдуулукту тебелегендердикин туура дегендер азаматтар болушат.

Тармакты түшүнбөгөн кыз министр болуп башына келгенде илимдин кандидаты, докторлор,пофессорлор, нечен жылдап билим берүү тармагында иштеп сары тиш болгондор,ректор, декан,директорлор кандай абалда калышты? Министрлике жарай турган бул тармакта кадр жок беле?Генпрокуратура жөнүндө деле ушундай мисал келтирсек болот. Эми муну айтканда айтпаганда эмине.

Бүгүн бийлик бутактарында кадрлык өзгөрүүлөр жүрүүдө. Алгачкы кадамдар жүрөк жылытаарлык. Кайсыл тармакты албайлы кесипкөйлөр келе баштады. Бул макаланын жазылышына соц.тармактардагы “отделкадрлардын” пикирлери түрткү болду. Эгемендүүлүкө жеткен 27 жыл ичинде “Кадр саясаты” – деген түшүнүктүн такыр ишпалдасы чыгып бүтүптүр. А.Акаевдин калтырып кеткен “оорусу” коомго терең кирип кетиптир. Коомчулуктун көпчүлүк бөлүгү ЖК депутат болсо, анан тирбунадан бакылдап бир эки сүйлөп койсо “Баланча татыктуу. Баланча кызматка коюш керек”- деп калышыптыр. Орустардын жакшы макалы бар “Карышкырды канча тойгузсаң деле токоюн карап улуй берет”- деген. Саясатчыдан жыргаган деле кесипкой мамлекеттик кызматкер чыкпайт. Кайсыл кызматка барса да саясат оюнун ойноп, интиригага култ коюп, өзүнүн саясый кызыкчылыгы үчүн кылтыңдайт. Чыныгы мамлекеттик кызматкерлер саясат менен, популизим менен алектенбейт. Антүүгө аларда убакыт да болбойт. Болгону өзүнө берилген тармакта жанын үрөп иштейт. Мына ушундай мамлекеттик кадрлардын резерви бүгүн барбы?

Чындай келсе бизде кесипкөй кадрлар, чыныгы малекеттик кызматкерлер 27 жылдан берки туура эмес жүргүзүлөн саясаттын негизинде жок болуп тансыкка айлана баштады. Коммунистик партия калтырып кеткен резерв кадры деген эчак жок болгон.Болсо да формалдуу. Аны эч ким сактабай калган. Мындай кадрлык кризиске баткан системада мамлекетин мамлекеттүүлүгүн чыңдоо оор түйшүк. Жогоркудай “түндүктөн түшүп келип” убактылуу иштеп кайра жок болгондор кадр резервин сактоо тартибин чехардага айландырып таштаган.Тармактык кесиптерде профессиясына карап кызматка алуу жоголгон.

Президентибиз Сооронбай Шарипович “Коомду өзгөртөм, мыйзамдуулукту орунотом”- десе, биринчи кезекте өз ишин мыкты билген, ак,таза иштей турган, кесипкөй кадырларды таппай кыйналары турган иш. Жогорку билимдүү кесипкөй адистен мыкты жетекчи чыгаруу үчүн бери дегенде 10-15 жыл кетет.Кыргызстандын мыкты кесипкөй, чындыкты сүйгөн, жагынууну, тааныш издөөнү, пара берүүнү билбеген, өз акыл эмгеги менен жан багууну адат кылган нечен адистерибиз коррупцияга белчесинен баткан мамлекеттик системага чыдабай чет өлкөлөргө иштеп кетишкен. Бүгүн аларды кайрып келүү мүмкүнбү? Кыргызстанда абал өзгөрүп, мыйзам диктатурасы орной баштаганына ишенишеби? Ай ким билет. Президенттен үмүттөнгөн күндө да ЖК, өкүмөт козголбой жатат го. Жалгыз Президент бүгүн элдин колдоосуна таянып өтө оор болсо да астыга жылууда. Бирок канчага чыдайт.

Парламенттик башкаруу кийребиз дейбиз. Так ушул ЖКтеги партиялар “Биздин партияга мүчө, шайлоодо бизди колдоду”- деп наабайчыны аким, кызылкулакты министр кылышпадыбы.Кантип анан ушундай партиялар менен парламенттик башкарууга барабыз? Мамлекет өнүгүшү үчүн аздап болсо да жыл сайын астыга кетиши керек. Бизде 27 жыл бою астыга эмес артка эле жылып келатабыз. Мунун башкы себептеринин бири кадр саясатын туура жүргүзө албагандан болуп жатканын баарыбыз көрмөксөн, билмексенбиз. Коррупция деген балакеттин жыл өткөн сайын  семирип, чоңоюп, өсүп баратканынын себеби да кадрларыбыздын алашемдигинде. Өзү таза эмес жол менен кызматка келген адам таза эмес иштерди жасайт.

Жакында менден маек алган журналист мындай суроо берди. “Бүгүн мамлекеттик бийликтин кадыр баркы коомдо жокко эсе. Канткенде бийликтин кадыр баркын көтөрсө болот?”- деген. Мен жооп бердим. Бийликтин кадыр баркын көтөрүш татаал деле иш эмес.Жаңы велосепет деле ойлоп чыкпайсың. Болгону төбөдө отурган Президент, Премьер минстр, Генпрокурор, УКМКнын төрагасы, Жогорку Соттун төрагасы, ИИМдин министри  пара албай, өз абройлорун таза сактап, жердешчилик, тууганчылык дегенге ообой, мыйзамды туу тутуп иштешсе, “Мамлекеттик кызмат тууралуу” деген мыйзамдын талабы так сакталса, ЖКтеги бийлик партиясы бул мыйзамды бузбаса, буга чейинки бузулган жерлерин оңдошсо болду, ашса 2-3 жылда бийликтин кадыр баркы өсүп, эл сыйына татыйт- деп жооп бердим. Себеб аталган тармактагылар таза, мыйзамды туу тутуп иштешсе төмөн жагы өзүнөн өзү таза иштеп калат. Бирок мындай болооруна ким ишенет. Маселен мен ишене албай турам.

Дайыма эки революцияны баштан өткөздүк деп келебиз. Чынында үч революцияны баштан өткөздүк. 1990- жылы, эл ак үйдү тегеректеп кетпей, айланта чатыр тигип, жумалап ачкачылык жарыялап атып бийликтин алмашуусуна аргасыз кылган. Анан эмне болду. А.Масалиев кетип, А.Акаев келгенде дуулдап кубанганыбызды таш капты. А.Акаевди кубалап,К.Бакиев келгенде дагы кубанычка баттык эле аныбыз да узакка созулбады. Эл Бакиевди кубалап, Атамбаевди апкелсе эмне кылганын кайталап айтпай эле коеюн. Бийлике келгендердин улам кийинкиси мурункусунан жаман,акмагыраак чыга берип элдин жүрөгү ушунча калган экен бүгүнкү Президентибиз Сооронбай Шариповичтин жөн эле туура кийинип түз басып койгонуна жетине албай кубанып тимеле жаш баладай култуңдап атабыз.Бул кубаныч канчага созулаар экен мен ошого жүрөк заадамын.

Президент Сооронбай Шариповичке экономикалык жактан да, руханий маданий жактан да, кыйраган, карызга белчесинен баткан, ичпей жебей таза иштеп бере турган кадрга тансык мамлекет мураска калды. Сооронбай Шариповичтин ишиндеги дагы бир оорчулук өзү ишенген командасы менен келбеди. А.Атамбаев аны “Өзүм “Аталык” болуп үстүңө отуруп алам да каалаганымдай башкарып иштетем”- деген максат менен алып келди.Тегерегиндеги иш аткаруучулары бүт Атамбаевдин мураскерлери. Президенттин кийинки кадамдарына карасак “Аталыктын” тилинен чыкпай айдаган жагына баса берүүчүдөй эмес. Өз акылы, өз көз карашы менен иш алып баруучудай. Демек толук кандуу иштеши үчүн өз командасын топтошу керек. Кимдерден? Бул жеңил аткарыла калуучу иш эмес. Бүгүн Президенттин бир гана күчтүү таянычы элдин колдоосу болуп турат. Туура элден ашкан күчтүү таянычты таппайсың. Бирок эл ишеними  канчага чейин созулат? Эл ишеними сына электе өз командасын топтоп,  түз жолго түшө алабы? Бул оор суроо.

Автор: Чолпонбек Абыкеев

(Ред: автордун орфография жана стилистикасы сакталууда)

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *