Чолпонбек Абыкеев, жазуучу, коомдук ишмер: “Экиден кийинки үчүнчү революциянын жолу”

Бүгүн коомчулукта “2005- жылдын 24- мартындагы, 2010- жылдын 7- апрелиндеги эки революция , мамлекеттин келечеги, элдин жашоо турмушун оңдоо үчүн эмне берди? “- деген суроо көп коюлууда. Мындай суроонун чыгышы бир чети мыйзам ченемдүүлүк. Демейде суроолор элдин көксөгөн максаттары ишке ашпай тилектери ойдогудай орундалбай калганда пайда болот.

Сөздү 2005-жылдагы 24- мартта болгон революциядан баштайлы. Тарыха “Кызгалдак” революциясы деген ат менен калган коомдогу бул өзгөрүш кантип кайдан чыга калды эле? Кайсыл бир саясий күч уюшуп, астына ала план түзүп, атайын программа иштеп чыгып аракеттенди беле? Жок. Андай болгон эмес- деп ишенимдүү айта алабыз. Анан кантип, кайдан чыга калды?

Ошол кездеги бийликтин мыйзамды оюна келгендей бузган адлетсиздиги, калыстыктан тайганы, улам барган сайын Президент А.Акаевдин үй бүлөлүк- кыландык бийлик орунотууга жасаган аракети коомдун кыжырлануусун күчөтүп ичтен кайната берди. Кандайдыр бир саясий топтордун күчтүү биригүүсү аркылуу уюштуруу болбогону менен коомдун бийлике болгон нааразычылыгы 2005- жылы чегине жетип калган эле. Бийлик ого бетер биринин аркасынан экинчи жаңылыштыктарды кетире берди. Элдин жашоо турмушунун төмөндөгөнү аз келгенсип, Үзөнгү-Кууш, Каркыра сыяктуу кыргыз жерлеринин четинен кетиши, Аксыдагы тынч митинге чыккандардын атылышы коомдук жарылууга  баштап баратканда, ошол жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо бийлик элди таптакыр эле көзүнө илбей өзүм билемдикке өтүп шайлоо жыйынтыгын каалагандай бурмалашы жалпы республика боюнча элдик толкундоого алып келди.

Макаланын мүмкүнчүлүгүнө жараша кыскартып жазсак, Көлдө, А.Малиевдин, кочкордо А.Жапаровдун, Жалал-Абадда   Сыдыковдун, К. Бакиевдин шайлоочулары катуу чыгышып мындай каршылык тездик менен башка аймактарга да жайылып, аз убакыттын ичинде Чүй обулусунан башка аймакта бийлик өз таасирин жоготуп койду. Эл бийликти өз колуна алды. Саясатчылар элди ээрчитпей эле тескерисинче саясатчы лидерлер элди  айдагында калышкан кырдаал түзүлдү.

Мамлекеттеги абал өтө курчуп, бийлик башкаруу мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажыраса да жок дегенде ошондогу оппозиция саясатчылар менен сүйлөшүүлөргө келбеди. Өлкөнүн бүт аймагынан агылган нааразы болгон эл борборго топтолгондо да бийлик эсине келбеди. Керек болсо бийликте отургандар 22-23 – мартта да сүйлөшүүлөргө барып, элдин талабын кабыл алып революцияны болтурбай токтотуп калууга мүмкүнчүлүк бар эле. Андай мүмкүнчүлүктү колдонушпады.

Кыжырланган элдин сүрмө тобунун астында баштоочулар болуп жүргөн лидерлердин биринин да А.Акаев башында турган бийлик орундарын таштап качаары ойорунда болгон эмес. Ошондуктан “Эгер бийликти колго алсак эмне кылабыз?”- деген плаан түзүшпөгөн. “Биз бийликке келсек мына бул программаны ишке ашырабыз”- деген идеяга биригишпеген. Чындыкты айтсак керек болсо ошол кездеги саясий лидерлердин бир пикирге келип бир лидердин атынан ээрчиген ширелишкен ынтымагы да жок эле. Түзүлгөн кырдаалдын талабына жараша аргасыз биригишип, аргасыз К. Бакиевди астыга салышкан болчу.

Бир эле мисалды айтайын. Жалал-Абаддагы революциялык бурулуш жасаган митингдин астында Жалал-Абад шаарында эртеңмененки саат 6 га К.Бакиевдин иниси раматылыгы болгур Жусуп Бакиевдин үйүндө Ү.Сыдыков, Н. Досбол, И.Болжурова, А. Бекназаров. К. Бакиев болуп чогулуп кеңешме өткөздүк. Эки эле маселе талкууланды. “Эл алдына кандай ураан менен чыгабыз? Кимди лидер кылып астыга салабыз?”- деген. Эки маселе тең бир пикирде чечиле калган жок. “Акаев кетсин!”- деген талап менен чыгалы деген А.Бекназаровдун сунушун мен эле колдодум. Ү. Сыдыков каршы чыкты калгандары калыс болуп туруп алышты. Ошондо “Эл арасындагы аксакалдардга салалы. Алар эмне айтса ошого макул бололу.”- деген чечимге келип, элге чыкканда аксакалдар биздин сунушту колдоп кетип “Акаев кетсин!” кабыл алынып калган. Экинчи маселеге келгенде да баштаганда эле лидерликке К. Бакевге макул боло калган эмеспиз. Ү. Сыдыков биринчи А.Бекназаровдон сураган “ Сен астыга түшүп бересиңби?” – деп. Бекназаров караманча каршы чыккан. Бекназаров “Ү.Сыдыковдун өзүн астыга түшүп бериңиз”- деген. Үсөн аке да макул болбой койгон. Ошол жыйынга өкүнүчтүүсү Роза Отунбаева менен Д. Сарыгулов катышпай калган эле. Эгер экөнүн бири катышканда балким  бирин лидер кылып астыга салышмак. Себеби ага чейин эле “К. Бакиев баласы Максимдин тилинен чыкпайт экен. Бүт финансыны баласына тейлетет экен.Бул келсе Акаевдин эле түгөйү болот го.” – деген күбүр кептер чыгып Бакиевге көп ишеним артышпай калышкан болчу. Ошентип эки маселени 4 саат карап талашып тартышып атып саат 10 дон өткөндө араң эл алдына чыкканбыз. Ошол эле күнү Жалал-Абады толугу менен, эртеси Ош, Баткенди толугу менен эл бийлиги алган. Ошндогу жыйын 24- мартты алып кеген бурулуштун башталышы болуп калды. Кудай турат. Анда ал жыйындын келечек маанисин анчалык терең түшүнө алган эмеспиз. “Лидерлер элди ээрчитпей эле эл лидерлерди астыга күчтөп салып түртүп алышкан”- деп айтпадымбы. Ошентип эл алдына К.Бакиев деп чыгып күү менен кете бергенбиз.

Муну эмнеге келтирдим. Ошентип жөнөкөй маселеде да бир пикирге келе албаган топ бийликке келип мамлекетти андан ары кантип башарууну билбей албастап калышты да баягы эле тапталган эски жолго түшүштү. Үч жыл өтпөй пикир келишпестиктер күчөп баягы революцияда баштап жүргөндөрдүн дээрлик көпчүлүгү кайра оппозицияга кетишти.  Жыйынтыгы 2010 – жылдын 7- арпрелине алып келди. 2005- жылдагыга караганда 2010- жылы эл оңой, ишенимдүү уюшту. Себеби 2005- жылкы революцияда эл бийликти  кетирип кое турган күчтөрүнө ишенип калышкан эле. Тилекке каршы экинчи революциянын башында келген лидерлер деле биринчилерден айырмалана алышпады. Элди ээрчитип келишпеди. Биринчи жолкудай эле элин астына кырдаал талабына ылайык түшүп калышып түртүлүп келишти.Идея жаратып ошого биригишпеди. Максаттары бийликти кетирүү гана болду. Калганын бара көрөлү дешти. Бир лидерге да токтоло алышпай “Убактылуу өкүмөт” дегенди түзүштү. Убактылуу өкүмөттүн иштеген учурунда да идея жаратышып мамлекеттин келечек өсүш планын түзө алышпады.Болгону Мамлекеттик башкаруу системасына оңдоо киргизгенге аракет кылышып “Парламенттик башкаруу” – деген Баш мыйзамды кабыл алышты. Бирок кайра эле өздөрү кабыл алган Баш мыйзамды өздөрү бузушуп, конституциялык мыйзам аркылуу бүт бийликти Президентке берип коюшту. Аты “Парламенттик башкаруу” аталганы менен эмне деген мамлекеттик башкаруу болуп жатканын эч ким түшүнбөгөн боткого айланды. Абал мурдагы кеткен эки бийликтин учурундагыдан өзгөргөн жок. Дагы деле баарын Президент бийлеп, жаманаттысы болсо Жогорку Кеңеш менен Өкүмөткө калууда.

Жогорудагы эки революциянын аркасы менен кимдер бийликке келишти? 1. Кандай да болсо бийлике жетип жеке кызыкчылыгын ишке ашырууну көздөгөндөр. 2. Бийликке жетип арам жол менен чогулткан байлыгын сактап калууну көздөгөндөр. 3. Бийликке жетип  эл кызыкчылыгы үчүн иштеп калыс башкаруу бийлигин оруноткусу келгендер. Бул жерде 1-2- топтогулар көптүк кылып негизги бийлик ошолордун колуна тийип, 3- топтогулар бийлик бутагына илинсе да колдорунан эч нерсе келбей кайра сүрүлүп чыгып калып жатышты.

Эгемендүүлүктү алганыбызга 25 жылдан өттү. Арада эки революция жасап  эки Президентти куудук. Бирок  элдин талабына жооп бергидей туруктуу  мамлекеттик башкаруу системасын түзө алган жокпуз. Мамлекетибиздин мамлекеттүлүгүн бекемдей албадык. Мамлекетин келечегине ишеним жараткан маданий, руханий,экономикалык өсүштөргө жетише албадык. Тескерисинче көп жагынан артка кеттик.

Өлкөдө кырдаал кайрадан курчуп коомчулукта нааразылык ичтен кайнай баштады.

Эмне кылуу керек? Бир гана жолу бар. Ал мамлекетти эдик курултай институту аркылуу башкаруу системасын орунотуу. Муну биз 20 жылдан ашык убакыттан бери какшап айтып келатабыз. Баш мыйзамга болгону 4 гана статя оңдоо киргизилет. 1. Бийликтин ээси эл. (Бул бар) 2. Эл өз бийлигин шайлоо жана шайлануу аркылуу жүргүзөт. (Бул да бар) 3. Эл өзү шайлаган бийликтин ишин элдик курултай институту аркылуу көзөмөлдөйт жана отчет алат. 4. Элик курултай институтунун ишмердүүлүгү конституциялык мыйзам менен аныкталат. Болгону ушул. Ал эми эл кандай башкарууну каалайт, Парламенттикпи же Президенттикпи  референдумда өздөрү чечиши керек. Бүгүнкү күнгө чейин элден “Кандай башкарууну каалайсыңар?”-деп эч ким сурай элек. Бийликке келген бир ууч топ эле өздөрүнүн кызыкчылыгына карап каалагандай башкаруу кийирип келатышат. Элдик курултай институту ишке кирсе, кандай башкаруу болгон күндө да бийлик элге жыл сайын отчот берет. Жаңылыштык кетирүүгө жол берилбейт. Кетирсе ошол замат Курултай иштен айдайт. Бийлик бүгүнкүдөй каалаганын жасап Сагымбайдын ким экенин билбеген адамды маданиятты тейлеген вице-премьер министр, өмүрү бир саат сабак бербеген адамды Билим берүү минисрти кылып бекитпейт. Көчөгө митинге чыкмайлар токтойт. Бардык маселени Элдик Курултайда элин өзү чечет.

Азыркы “Текебаевдин кониституциясы” аталган Баш мыйзамыбыз эмне берди? Мамлекеттин, элдин байлыгын түрлүү арам жолдор менен болсо да талап, тоногон олигархтарды Жогорку Кеңешке, бийликке алып келгенге кеңири шарт түздү. Андай арты булганчтардын бир гана кызыкчылыгы бар. Байлыгын коргоо жана аны көбөйтүү. Буга бүгүнкү Жогорку Кеңештин жүзү айкын далил. Бийлик эмне десе “лапай” дешип жүгүнүп атышат. Коомдогу таптар ортосундагы баланс бузулду. Маданий ишмерлер,интеллегентер, чыгармачыл, окумуштуу адамдар Жогорку Кеңешке барууга жол жабылды.ЖКте отургандардын 70-80 пайызына Текебаевди камагандай четинен кылмыш ишин козгоп камап койсо болот.

Бүгүн бийликти алмаштыруу үчүн күч колдонгон жогорку эки революциядагыдай жолду колдонууга караманча каршымын. Бийлик бул жолу тынч, мыйзамдуу алмашышы керек. Коом ансезимдин революциясын жасоолору керек. Саясий лидерлер эгер чындап эле мамлекеттин, элдин келечегин ойлошсо Элик Курултай институтун орунотуу идеясынын астына биригүүлөрү керек. Кайталайын идеянын астына биригүүлөрү керек.  Мындан башка жол жок. Канчалык эрте бириге башташса ошончолук жыйынтыгы жакшы жана эрте болот.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *