Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Коррупция менен күрөшөлү” – деп атып экономика унутта калбасын

Коррупция менен күрөшүү керек. Бул жети баштуу ажыдаар тынымсыз туруктуу күрөштү талап кылат. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө да муну менен үзгүлтүксүз күрөшүшөт. “Коррупцияны таптаза жок кылдык”- деген мамлекет тууралуу уга элекмин. Кылмыш иши далилденээри менен эл алдында коррупционерди атып таштаган Кытайда да бул “оору” айыккан жок. Коррупцияга кулагынын учуна чейин баткан Кыргызстанды андан таза арылтууга Президент Сооронбай Жээнбековдун Президенттик мөөнөтү эле эмес өмүрү да жетпейт го. Ошондо да “Мамлекеттик кызматка баргандардын баары жегич, ичкичтер. Мамлекетти талап-тоноп бүтүштү”- деген коомдук пикирди оңдоп, бийликтин эл алдындагы кадыр-баркын көтөрүп, келечекке болгон эл ишенимин кайра жаратууга жетишсе да оңой иш кылган болбойт.

Президент коррупция менен катуу күрөш баштагандан бери коомчулуктун көңүлү ушул жакка бурулуп, Өкмөт эмне кылып атат эч кимдин иши деле болбой калды. Элдин жашоо турмушун, мамлекеттин өсүп, өнүгүшүн жалгыз коррупция менен күрөшүп жакшыртуу мүмкүн эместиги балага деле түшүнүктү. Жаз жарышы кандай аяктады? Президент “Аймактарды өнүктүрүү жылы”- деп атады эле бул багытта конкреттүү кандай программалар башталды? Деги эле мамлекетибиздин экономикасын кризистен алып чыгуунун жолун тапкан Өкмөт болобу? –деген суроолор бүгүн көңүл сыртында калууда.

Мамлекеттин экономикасынын өсүшүнө түздөн түз Өкмөт жоопкер. 27 жылдык эгемен мамлекеттүүлүгүбүздө 30 га чукул Өкмөт башчы алмашты. Биринин да артында “Баланча өкмөт башчы мыкты иштеди” –деген сөз калган жок. Эми Өкмөт башчыларды күнөөлөйүн десең алардын асты 2 жыл, арты 1 ай иштеп алмашкан учурлар болду. “Анан кантип өздөрүн иштен көрсөтө алышсын”- десем миллиондорду жеп ийүүгө үлгүргөндөрү кылтыйып чыгууда. Арга жок “Жеп ичүүгө үлгүрсө болот экен. Иштен өзүн көрсөтүүгө болбойт экен го.”- дейсиң.

Жаңы болгон Өкмөт башчыбыз Мухаммедкалый Абылгазиев ишин батыл деле баштап жиберген жок. Кантсе да такшалган мамлекеттик кызматкер эмеспи аяр жүрүш жасоодо. Ал ортодо “аяр жүрүшкө” убакыт дегениң карабайт экен минтип жаз бүтүп жай кирип келди. Эртең эле күз болот. Анан “жөжө санайбыз” Ошондо Мухаммедкалый мырза “растрат” болбойбу? Деги эле Кыргызстандын экономикалык жактан оңолуу жолу табылабы? Элдин жашоо турмушу жакшыруу жагына оойбу? Айлык маяналар, жөлөк пулдар көтөрүлөбү? Жаш кары дебей тамтаңдап чет өлкөгө иш издеп кеткендердин агымы токтойбу? Өзүбүздө айлык маянасы жогору болгон иш орундар ачылып сыртта тентип жүргөндөр кайра кайрылып келе башташабы? Жүрөк ооруткан суроолор көп. Жооптор азырынча жок.

Аймактарды өнүктүрүү жылы

Демек, айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жылы. Анткени аймактарыбыздагы жашоочулардын дерлик бардыгы айыл чарбачылыгы менен алектенет. Жалпы элибиздин 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде жашайт деген маалымат бар. Чындыкты айтсак шаардыкпыз дегендерибиздин деле 70–80 пайызыбыздын тамыры айылда. Дагы деле айыл менен байланышып мал жан күтөбүз. Демек кыргыздар үчүн айыл чарбачылыгын өндүрүү орчундуу маселе. Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери мамлекет бул багытта элге кандай жардам көрсөттү? Бир гана жардамы Айыл чарба министрлигин жойбой сактап келатат. Ал эми аталган министрлик эмне иш кылат, кайсыл дыйканга же фермерге эмне жардамы тийди эч ким айтып бере албайт.

Эгер чындап эле аймактарды өнүктүрөлү десек Кыргызстандын ар бир аймагынын өзгөчөлүгүнө карап мамлекеттик деңгээлдеги бери дегенде беш жылдык программа кабыл алынса туура болот эле. Маселен Нарын, Көл, Кара-Кулжа, Алай аймактарынын жер шарты мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө болгондо да эт багытындагы мал өстүрүүгө ылайыктуу. Чүй, Талас аймагында сүт багытындагы уйларды өстүрүүгө ылайыктышкан.  Дыйканчылыктын түрдүү тармактарын өздөштүрүүгө ылайыкташкан аймактарыбыз да бар.

Айыл чарбачылыгы мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай, кароосуз калгандыктан төрт түлүк малдын асыл тукумдуулугу өтө төмөндөп кетти. Айыл жерине барганда ашса 20 кг эт берген тыртайган койлорду, көп болсо 200–250 кг эт берген уйларды көргөндө зээниң кейийт. Сүт багытындагы уйларыбыз деле ушундай абалда. Төрт түлүк малдын тукумун асылдандыруу багытында мамлекеттик деңгээлде деги эле иш жүрбөдү. Айыл эли өз арабасын өздөрү тартып келатат. Акыркы жылдарда республика боюнча өздөрүнүн жеке демилгелери менен ар-ар жерден асыл тукум кой же уй өстүргөндөр пайда боло баштады. Булар деле мамлекет тарабынан колдоого алынышы элек.

Эми жөнөкөй эсеп жүгүртөлү, 20 кг эт берген 10 койдон 200 кг эт алынат. Бүгүнкү орточо базар баасы менен 1 кг 250 сомдон десек, 50000 сом болот. 60 кг эт берген 10 койдон 600 кг эт алынат, 1 кг 250 сомдон десек 150 000 сом болот.

Ал эми ошол 20 кг турган же 60 кг турган 10 койдун кайсынысын бакпа бирдей эле жем-чөп, бирдей эле кол күчү кетет. Болгону 60 кг турганы бакканыңды актайт, ал түгүл пайда берет. 20 кг турганы өзүн актаса актайт, актабаса чыгашага учуратат. Уйдуку деле ушундай. 200–250 кг эт берген уй менен 700–800 кг эт берген уйларды эсептеп көргүлө. Бүгүн дүйнө олуттуу өзгөргөн. Эт багытында 70–80 кг эт берген койлорду бул эле коңшубуз Тажикстанда өстүрүүдө. 900 кг, 1.5 тоннадан, 2 тоннага чейин эт берген уйларды өстүргөн мамлекеттерди четтен саноого болот.

Республикада малдын асыл тукумдуулугун жакшыртууну массалык колго алуу ишин мамлекет өзү жүргүзмөйүн карапайым чарбакердин колунан келчүү иш эмес. Малдын асыл тукумдуулугун колго алуунун бир гана жолу республиканын аймактарында коммунисттик доордогу совхоздор тибиндеги жок дегенде 7–8 мамлекеттик асыл тукум мал өстүрүү заводдорун ачуу керек. Асыл тукум мал өстүрүү заводунда малды асылдандырып аны чарбакер менчик ээлерине жайылтуу оңойго турат. Элдин малын аргындаштырып, уруктандырып берүүнү бекер, ал эми асыл тукум малды өтө кымбат эмес сатыкка койсо иш жакшы жылат эле. Жалпы республика боюнча минтип малдын тукумун асылдандыруу иши 5–10 жылда өз үзүрүн бере баштамак. Асыл тукум мал өстүрүү заводдоруна мамлекет алгач кредиттик багытта жардам берсе арадан 10 жыл өтпөй өздөрүн камсыздап, кредитинен да кутулууга жетишмек.

Туура, айыл чарбачылыгы мамлекетин бюджетин толтурууга орчундуу салым кошо албайт. Бирок жалпы элдин жашоо турмушун жакшыртууну тездетет. Мамлекеттин бюджетине каражат түшүрүү үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды аймактарда ачуу сөзсүз керек. Эт багытындагы мал өстүрүлгөн аймактарга эт комбинаттары курулбаса анда өндүрүлгөн эт көбөйгөндө баасы тез түшүп кетет да чарба кризиске кабылат. Ошондуктан эт комбинаттарын куруу сөзсүз керек. Буга ачык мисал 2017- жылы күздө казактар чек араны жапканда Нарын, Көл аймагындагы малдардын баасы арзандап кетти. Себеби көпчүлүк малды казактар алышууда. Деги эле эртерээк Нарын, Көл аймагына эт комбинаттары курулбаса малдын тукумун асылдандырбаган күндө да 3–4 жылдын аралыгында малдын башы көбөйүп, эти арзандап, кризистин алгачкы таасири башталат. Союз тараган жылдардагы 1 кой 1 шише арак болгонго жетпесе да баккан чыгашаны актабай калат. Дүйнөлүк стандарттагы эт комбинаттарын курмайын этти сыртка экспорттой да албайбыз. Бүгүнкүдөй сырьё түрүндө гана сата беребиз.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иштей баштаганына канча болду? Ого эле көп каражат фонддо бардыгы айтылат. Эмне үчүн карапайым жеке ишкерлерге аймактарга кайра иштетүүчү комбинат, заводдорду ачууга каражат берилбегени түшүнүксүз. Фонддун иши эмне үчүн ачык жүргүзүлбөй мамлекеттик сыр сыяктуу жабык сакталып келүүдө? Фонд Нарында эт комбинаттарын, Таласта төө бурчакты кайра иштетүүчү комбинат, Аксыда жемишти кайра иштетүүчү комбинат ачууга ачык конкурс жарыяласа ага катышуучу ишкерлер четтен чыгат деп ойлойм. Канткен менен бүгүн четте иштеп жүрүшүп бутуна туруп, ишти үйрөнүп, бирок мамлекет тарабынан колдоо таппай келаткан ишкерлер бар экенине ишенем. Ал эми фонд өз ишин ачык жүргүзүп ар жарым жыл сайын эл алдында толук отчет берип турса туура болмок. Болбосо бул фонддо да “бармак басты көз кысты” көбөйүп кеткени эл арасында сөз болууда. Фонд Ө. Бабановго 17 миллион доллар кредит бергенде бир чууга кабылган. Азыр соода түйүн, базар сала коюп тез байып кетүүнү көздөгөндөр көбөйдү. “Азия Молдой” мыкты соода түйүн да керек. Андай комерциялык багытты көздөп тез байыгысы келгендерге кредитти проценти жогору берсе болот. Ал эми кайра иштетүүчү ишканаларды кургандарга проценти төмөн, кайтаруу мөөнөтүн узак берүү керек.

Кыргызстандын ар бир аймагы уникалдуу. Баткендин өрүгү, Ноокаттын тамекиси, Аравандын пахтасы, Аксынын кайнаалысы кайсыл бирин айтайын. Туура иштете алсак асыл жерде жашайбыз. Токсонунчу жылдарда Жапандардан келген дыйкандар Чүйдү кыдырып көрүшүп “Бир эле Чүй өрөөнү менен Жапонияны камсыздай турган жашылча өстүрсө болот экен”- дешкен имиш.

Мисалга; Аксы өрөөнүндө жок дегенде бир жемишти кайра иштетүүчү дүйнөлүк стандарттагы комбинат болгондо Аксы чиркин керемет жер го. Кайнаалысынан башка канча түрлүү жемиш өсөт. Ар бир капчыгайы толо жер жемиш. Керек болсо дарылык касиети менен эле дүйнөгө Кыргызстандын атын чыгаруучу мөмө жемиштер толо. Аларды санаганда санабаганда эмне.

Өбөктөгөн өнөр жай

Коммунисттик доордо Кыргызстан жеңил өнөр жайы да, оор өнөр жайы да мыкты өнүккөн мамлекеттердин катарында элек. А. Акаев Президент болгон 15 жыл ичинде жеңилин да оорун да айыл чарбасын да тымтыракайын чыгара талкалап коррупцияны гүлдөтүп, карызга батырып, аз эле жерден мамлекети жок кылып жибере сактады да качып кете берди. “Бийликке келсем 3 эле жылда Кыргызстанды гүлдөгөн мамлекеттердин катарына кошом”- деп күпүлдөгөн А. Атамбаев бийликте турганда, эл алдына чыккан сайын качан кетер күнүн санап, кемчилдикти болсо качкандарга шылтап отуруп 6 жылын өткөзүп, мурдакылардан 21 жылда калган 2 миллиард сырткы карызга 6 жылда дагы 2 миллиардды кошуп 4 миллиардга жеткизип баса берди. Артында калган коррупциянын жарасы улам чукулуп кызыгына батуудабыз.

Улам кийинки келген Президент өзүнөн мурункуну жамандап бүт күнөөнү ошол кеткендерге шылтап убактысын өткөргөн жаман адат пайда болду. Мен С. Ш. Жээнбековго мындай тагдырды каалабас элем. Туура, кеткендердин күнөөсү тоодой бирок эртең өзүң кеткенде артында кандай сөз калат ойлоп астыны карап иштеш керек го.

Өнөр жай өнүкмөйүн бюджети оңолбойт. Демек мамлекет байыбайт. Кыргызстанда жеңил өнөр жайы тымызын өз алдынча өнүгүүдө. Эгер мамлекет катуу колдоого алса дүркүрөп кетет беле дейм. Казылган кендерди сыртка ташып кеткен сырьёлук мамлекетке айландык. Өзүбүздө иштетүү жагын колго алууга болбойбу? Орто Азия боюнча аты чыккан Кара-Балта алтын иштетүү комбинаты, Хайдаркен сымап иштетүү комбинаттары эмнеге толук иштей албай атышат?

Сырттан келген кредит, гранттык каражаттарды жалаң эле ичкен жегенге салбай кайтарымы бар тармактарга салууга 27 жылда үйрөнө албай койдук го.

Бизде өнүккөн мамлекеттерге караганда жумушчу күчү арзан. Элибиздин билим деңгээли эмне иш болсо да окутса үйрөнүп өздөштүрүп кетүүгө жетет, Жапония сыяктуу мыкты өнүккөн мамлекеттердин белгилүү фирмаларынын жок дегенде чөнтөк телефон чыгарган филиалдарын республиканын аймагында ачууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болбойбу? Бир кезде нечендеген фирмалар келишип алардан биздин чиновниктер 10 процент сураганда “Акмактар экен”- дешип баса беришкени эл арасында сөз болуп жүрөт. Эми “10 процент сурабайбыз. Коррупцияга жол бербейбиз”- деп мамлекеттик деңгээлде ачык жарыя кылсак кантет. Кыскасы өнөр жайды деле ойлонуп туура багытта иш алпарса өбөктөтпөй тургузуп кетүүчү мүмкүнчүлүк бар. Жаңы өкүмөт ушул багытта иш алпара алар бекен же “Президент коррупция менен катуу күрөшүп атат. Биз ага жардам берүүдөбүз”- деп сүрмө топтун чуусу менен күн өткөрө беришеби?

Жогоруда Айыл чарба министрлиги жөнүндө учкай кеп кылдык. Менимче бул министрликти экономика министри менен бириктирип, “Экономика, өнөр жай, айыл чарба тармактары боюнча менеджерлик багыттагы министрлик”- деп атаса туура болчудай. Экономика министрлигин ачканыбызга канча жыл болду? Экономикабыз төмөндөп карызыбыз көбөйбөсө оңолгон жокпуз.

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *