Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Мамлекеттик түзүлүшүбүздү мыйзамдуу жол менен кыйроо кырдаалына жеткиздик”

Глобализацияны кыргыздар дүйнөлөшүү деп жакшы которуп алдык. Чын эле баары билинбей дүйнөлөшүп баратат. Тил, илимий техникалык өсүш, маданият, экономикалык алака, акча бирдиги. Экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттер чакан мамлкеттерди кысып жок кылуунун жаңы доору,жаңы жолдору башталды. Маалымат согушу, идеологиялык согуш, акча бирдигинин согушу, экономикалык согуш, улам күчүнө алууда.

Дүйнөлөшүүнүн арышы жыл өткөн сайын күчөбөсө басаңдачуудай эмес.  Саналуу эле жылдар мурун ( 15 жылча мурда) теле берүүнүн каналы онго жетпесе бүгүн  Кыргызстандагы эң кеңири жайылган “Акнетте”  174 канал  көрсөтөт. Анын 10 го жетпегени кыргызча калган 160тан ашыгы орус жана башка тилдерде. Дүйнөлүк интернет булактары дээрлик орус жана башка тилдерде. Кыргызстанга дүйнөдөгү илимий ачылыштар, жаңы чыккан техникалык жетишкендиктер бүт сыртан агып келет. Мындан 20 жыл мурда саналуу адамдар чөнтөк телефон көтөрсө азыр мектептин 1- классынын баласы  көтөрүп жүрөт. Ошентип  балдарыбыз бешиктен бели чыга электе эненин тилин эмес башка чет тилдерди көбүрөөк угуп, ошол тилдерде ойлонуп чоңоюшууда. Биз каалайбызбы каалабайбызбы дүйнөлөшүүнүн агымы менен агууга аргасызбыз.  Ал агым бизди аячудай эмес.

Ушундай туш тарабыбыздан муунтуп турган кысымда улутубузду сактап кала турган мүмкүнчүлүгүбүз барбы? Биздеги абал кандай?

Улуттун улуттук жашоосунун  жаны тилинин, нарк-каада- салтынын, көөнөрбөз маданиятынын,  мамлекеттүлүгүнүн,  Мекенинин аймагынын сакталышына байланыштуу болот эмеспи. Тилеке каршы улутту сактоо маселесине келгенде бүгүнкү абалыбыз өтө чоң коркунучта.

Жогоруда биз сырттан болгон кысым тууралуу кыскача кеп кылдык. Сырткы кысымга каршылык көрсөтүүчү ички күч болушу керек. Андай күч мамлекеттин мамлекеттүүлүгүн туура өнүктүрүү үчүн кам көрүүдө турат. Бизде мамлекет бар бирок мамлекеттүүлүккө кам көрүү жокко эсе. Бул түшүнгөн адамга өтө коркунучтуу прцесс. Бул мамлекет катары өзүн өзү билип туруп жок кылууга багыт алуу деген кеп. Так далилдерге өтөлү. Эгемендүүлүктү алганыбызга 25 жылдан өттү. Кыргыз тили мамлекеттик тилге айлана алдыбы? Жок. Демек тилибиз жок болуп баратат. Салыштырмалуу эгемендикти биз менен кошо алган коңшулаш мамлекеттердин биринде дагы тил маселеси биздегидей курч эмес. Бары тил маселесин туура чечип алышкан. Биринин да ЖК мамлекеттик тилди билбегендер депутат болуп отурушкан жок. Мамлекетте дин саясаты туура жүргүзүлбөгөнүнүн кесепетинен сыртан келген акчага кызыккандар диндин шылтоосу менен көз көрүнө улуттук нарк-каада-салтыбызга туура келбеген башка улуттун маданиятын, тилин күчтөп тануулай башташты. Өзгөчө ислам багыттындагы түрлүү агымга киргендер арабдардын акчасы үчүн улуттун, тилин, маданиятын, нарк-салтын сатып кыргызды улут катары жок кылыш үчүн көз көрүнө  жанталашып күнү-түнү иштөгө өтүштү. Муну көрүп туруп көрмөксөн болуудабыз.

Мамлекеттүүлүгүбүздүн келечеги кандай? “Кыргызстан келечеги жок, жок болуп бараткан мамлекеттеридин катарына кирет? – деп коңшу мамлекеттин белгилүү жетекчилеринин бири айткандар бери мен бул маселеде көп ойлондум. Таасын назар салып ойлогон адамга абал чын эле ошондой.

Келтирилген мисалдарды өзүңүздөр таразалап көрүңүздөр. Кумтөрдү дүйнөлүк куйту алдамчылар, көз боемочулук менен бир кездеги мамлекеттик жетекчилердин оозу-мурдун майлап ит бекер алдап алып койгонуна 20 жылдан ашса да “Бүт байлыгыбызды чет элдиктер талап ташып кетүүдө”- деп коюп  кайра алалбай келатабыз. Арадан 3 Президент алмашып төртүнчүсү кеткени турат. Мамлекеттик күчүбүздү көрсөтө алдыкпы? Каркыра,Үзөнгү-Кууш өңдүү жерлерибизден айрылып жер сыйпап кала бердикпи? Сырткы карызыбыз эбегейсиз өстү. Кайта кайтарып берүүнүн конкреттүү жолун, экономикалык булагын таба элекпизби? Экономикабыздын абалы өлө – сөлү, элибиз жарды. Мамлекетте жарандар иш орду  менен камсыз болбогондуктан сыртка агылган миграция агымы апогейине жетип акыл-эс,билим, иштерман күчтүн негизги баалу катмары сыртка агып кеттиби?

Эң башкы коркунучту айтайын. Мамлекеттик түзүлүшүбүздү (атайлап сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү мененби же билбегендиктенби?) мыйзамдуу жол менен кыйроо кырдаалына жеткиздик . Бүгүн бизде мамлекеттик кайсыл башкаруу өкүм сүрүүдө? Ким жооп бере алат? Конституция боюнча Парламенттик, иш жүзүндө кандай? Бүгүнкү Жогорку Кеңешибизге шайланып келген депутаттарыбыздын абалы кандай? Кимдер шайланып келди? 200-300 миң доллары барлар автоматтык түрдө эле депутат болуп отуруп калышты. Ушунча акчаны кайсыл бир партияга төлөштү да депутат болушту. Көчөгө чыгып эл аралап шайлоочуларга жоолугушуп убара болушкан деле жок. Анткени мыйзамдуу түрдө ушундай шайлоо системасы түзүлгөн. Ошондуктан азыркы 120 депутаттын ашса 20 сын эл тааныйт. Анын ичинен көп болсо онго жетпегенин мамлекеттик ишмер саясатчы катары тааныса дагы бирлерин Күмөндөр менен Тынардын ордун талашкан куудул, дагы бирлерин оозунан эмне чыгып атканын билдеген бок ооз сөгүнчөөк, дагы бирлерин исламчылардын ордун талашкан динчи катары таанышат. Калган 100үн эч ким деле билбейт. Ал эми биздин баш мыйзам боюнча ЖК депутаттары жогорку бийлик органынын өкүлү, эл шайлаган мамлекеттик ишмер.

Ошентип 20 миллион доллары бар бир олигарх келип шайлоодо ар бир депутаттык орунга 300 миң доллардан салып, 70 ке чукул орунду сатып алып Кыргызстанды эмне кылса өзү биле бере турган шартты мыйзамдуу түзүп койгонбуз. Эртең дагы бир олигарх келип 100 миллон салып Президенттикти Жогорку Кеңеши менен кошуп оптом сатып алса болот. Андай эмес шайлоочулар сатылбайт деп ким айта алат? Күнө кимде? Шайлоодо добушун саткан шайлоочулардабы же мамлекеттик системабыздабы? Мен айтаар элем мамлекеттик системада деп. Орустардын жакшы макалы бар. “ Эки кыктын түзүгүрөөгүн танда”- деген. Шайлоочулардын чындап татыктууларды тандоо мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, арга калбагандан, тандоого шарты болбогондон, “Эки кыктын түзүгүнө” ачыгы ким акчаны көп сунуштаса добушун сатууга аргасыз болушууда.

Жогорку мисалдардан улам доордун агымы Улутубуздун да, Мамлекетибиздин да жок болуу жагына иштеп жатканын аз болсо да түшүндүк окшойт.

Канткенде бул абалдан чыгабыз? Жалгыз жол мамлекеттик башкаруу системабызды оңдоодо калды. Бул Элдик Курултай Иниститутуна мыйзамдык макам берүү менен мыйзамдык реформага баруубуз керек.

Эл өзү укугун колуна алып өзү шайлаган бийликтен жыл сайын отчот алуу укугуна ээ болушу керек.

 

Учурдан пайдаланып Жогорку кеңештин депутаттарынан суранып кетет элем.

Эгер сиздерде аз болсо да улуттук сезим сакталган болсо! Кыргыз улутунун келечегин кичине болсо да ойлосоңор! Улуттун, Мамлекеттин келечеги үчүн жоопкерчилигиңер бар экенин түшүнсөңөр! Күнүмдүк көр пенделик кызыкчылыктан аны жогору койсоңор! Келечек муундардын тагдыры силерди аз болсо да тынчсыздандырса! Биз сунуштаган Элдик Курултай жөнүндөгү өзгөртүүлөрдү Конституцияга кийирип Элдик Курултай Институту жөнүндөгү мыйзамды кабыл алып берет деп ойлойбуз.

Сиздерди урматтоо менен курултайчылардын атынан Чолпонбек Абыкеев

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *