Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Шайлоодо административдик ресурс күчтүүлүк кылып кетет го”

-Алдыдагы шайлоодо административдик ресурс күчтүүлүк кылабы же финансы маселесиби?

-Менимче административдик ресурс күчтүүлүк кылып кетет го. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден – бир жолку алган акчага ай сайын алып жан баккан маяна кызыкчылыгын алмашпайт. Экинчи – акча берген тараптагы талапкер элдин каалоосун толук канааттандыргандардан эмес. Тескерисинче, бийлик тараптан коюлуп административдик ресурс жардамдашкан талапкер кайсыл бир деңгээлде элди ынандырып турат. Ошондуктан акча чачкандардын акчасын алып кол шилтеп коюшу толук мүмкүн. Үчүнчү – бүт шайлоо участогун толук көзөмөлгө, катуу кароого алууга админ.ресурстун гана күчү жетет. Канча акча чачсаң да баарын толук көзөмөл кылуу мүмкүн эмес. Төртүнчү, компьютердик эсептөөгө ишеним аз. Аны жасап коюу иттен оңой экенин азыр компьютер жөнүндө кичине түшүнүгү бар балдар деле жакшы билет. Шайлоого үгүт иштери башталганда абал өзгөрүшү да толук мүмкүн. Эл жаңы жүз, жаңы лидерди издеп турат. Эгер андай элге жаккан талапкер суурулуп чыкса эл админ, ресурсунду да, акчаңды да четке түртүп коёт. Эл катуу колдосо эч нерсе токтото албай турганын Кочкордо 2000-жылы Т. Усубалиевди депутаттыкка шайлаганда өз көзүм менен көргөм. Ар бир айылдан депутаттыкка бир эмес экиден күркүл коюлуп акча суудай аккан. Админ, ресурс деген укмуш иштеп шаардагы эле эмес республикадагы мамлекеттик кызматта иштеген бүт Кочкорлуктар агылып районго барышкан. Баары бир элге алдары жетпей, эч нерсе кыла албай коюшкан. 80 пайыздан ашык эл Т.Усубалиевди шайласа керек эле. Араң баскан абышка кемпирлер да өздөрү барып добуш бергенин өз көзүм менен көргөм. Анан шайлоонун жыйынтыгын угууга айылдардан агылып келгендер рай.администрациянын астына батпай калган. Бийлик коркконунан Т.Усубалиевди шайланды деп жарыялоого аргасыз болгон. Өкүнүчтүүсү ошол шайлоодон кийин кайран киши бийликке жан тартып ооп кетти. Эл ишенимин актабай койду. Бул бүгүн тарых болуп калды. Ошондуктан шайлоо жыйынтыгын астын ала болжош өтө кыйын го.

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *