Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Улуттун өзөгүндөгү коркунуч”

Бийлик келип кете берет экен. Үч Президент, отузга чукул өкүмөт башчы алмашты. “Эгемен мамлекетпиз”- деп дүйнөгө жар салганыбызга 25 жылдан ашты. Бирок бийлик башына келгендердин кыргыз улуттун улут  катары жок болуу коркунучуна алпараткан “ооруга” каршы мамлекеттик денгээлде ойлонууга жана ага каршы системалуу күрөшүүгө дарамет түшүнүктөрү жетпей келатат.

“Кыргыз тили кийинки 100 жылдыктын ичинде жок болуп бараткан тилдердин катарына кирет”- деген БУУнун  изилдөсүнүн окуганга чейин кыргыз тилинин абалы тууралуу терең деле маани берчү эмес элем. БУУнун маалыматын алгач окуганымда “Кайдагыны айтат”- деп ишене бербедим. Ошондон баштап тилдин өсүп – өнүгүү, өзүн байытуу, түпкү маани-маңызын сактоо маселесине кызыга баштадым. Жыйынтыгы көңүл жубатаарлык деле эмес. Чын эле кыргыз тилин  бүгүнкү калыбында колдонууну улантсак 100 болбосо да 150-200 жылда жок болоруна ишенсек болот.   “Кыргыз тили Манастын тили. Ал эч убакта жок болбойт”- дешкен фанаттарга айтаарым “Оозуңарга май ошондой эле болсун”- демекчимин. Бирок төмөнкү абалга көз жүгүртүп көрөлү.

Биринчи; Дүйнөлүк илимий техникалык өсүш, дүйнөлөшүү процессин  укмуштуудай ылдамдыкка салып койду. Дүйнөдө маалымат алмашуу ылдамдыгы минуталык убакыт менен эсептелип калды. Бул процессте  дүйнөлүк 6 тилдин катарындагы өнүккөн  тилдер да кысымга учурап, англист, кытай,орус тилдери астыга жулунуп башкаларын маалымат майданынан сүрүп чыгарууда.

Азыр бешиктен бели чыга элек бала да көзү ачылары менен колуна уюлдук телефон кармап, интернетке кирип биринчи уккан тили англист, орус, кытай тили болууда. Тамтуң баскан балдарыбыз энесинин кыргыз тилинде жалынып жалбарганына караганда интернет оюндардагы, теле берүүлөрдөгү башка тилдеги кызыктуу жомоктордун тилин көп угушууда.

Демек мээнин ойлонуу жөндөмү башка тилдерге көнүгүп андан кыргызчага которушууда. Бул процесс жыл өткөн сайын күчөбөсө басаңдабайт.

Экинчи; Бала бакчадан баштап, жогорку окуу жайларына чейин 60-70 пайыздан ашыгы орус жана башка тилдерден кирген маалыматтарды алышууда жана ошол тилдерде сүйлөшүүдө. Илимий техникалык өсүштөгү жетишкендиктер бүт башка тилдер аркылуу кирүүдө. Дүйнөлүк илимий ачылыштар менен учурунда кабардар болуш үчүн башка тилдерди билүү талабы күчөөдө.

Үчүнчү; Жыл өткөн сайын күнүмдүк жашоо турмушубуздагы муктаждык башка тилдерди бүлүүгө мажбур кылууда. Бул барган сайын күчөп баратат. Жөнөкөй далил; Эгемендүүлүгүбүзгө 25 жыл болду кыргыз тилин билүүгө башканы кой Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты Карамушкина сыяктуулар деле кызыккан жок. Болбосо эгемендүү мамлекеттин Жогорку Кеңешинде мамлекеттик тилди билбегендер отурбашы керек эле. Ошол эле маалда мамлекетибизде жашаган кыргыздардан баштап, бардык улуттардын өкүлдөрү орус, англист, кытай тилдерин чоң каражат жумшап үйрөнүшүүдө.

Төртүнчү; Коомдун алдынкы катмары болгон интеллигенциянын, саясатчылардын, окумуштуулардын, улуттук тилди билүнүн зарылдыгы жок. Тескерисинче чет тилдерин, орус, англист тилин билүү муктаждыгы күчтүү. Дээрлик бардык мыйзамдар, илимий иштер орус тилинде жазылат. Кыргыз тилине 20-30 пайызы котрулбаса  көбү жазылган тилинде кала берет.

Бешинчи;  Кыргыз тили ашканада анан көчөдө урунулган карапайым тилге айланганына көп жылдар болду. Тил түшүнүгү тарып, ал түгүл ашкана менен көчөдө сүйлөшкөндөр да таза сүйлөбөй эки ооз  сөзгө орусча кошушат.

Алтынчы; Бүгүнкү күнгө чейин кыргыз тилин сактоого, өнүктүрүп өстүрүүгө мамлекеттик денгээлде жеткиликтүү мамиле жасалбагандыктан өз мамлекетинде экинчи- үчүнчү сорттогу тилдердей абалда калууда.

Жетинчи; Улуттук тилдерде чыккан, жарык көргөн массалык маалымат каражаттарындагы сөз байлыгы тарып, маалыматтык тилдин маани маңызы төмөндөп, көркөмдүүлүгү кемүүдө. Улуттук тилде маалымат алмашууда образдуулук жоголуп, кайталанма сөздөр көбөйүүдө.

Сегизинчи; Улуттук тилдин байлыгын сактоочу көркөм дүйнөнүн өкүлдөрү, жазуучуларга, акындарга, тил изилдеген окумуштууларга такыр көңүл бурулбай калгандыктан окурмандар тил байлыгы кеңири камтылган көркөм образдарга бай түшүнүктөр берилген көркөм чыгармалар менен таанышуудан кемишүүдө.Бул болсо тилдин өсүп-өнүгүшүнө терс таасирин берүүдө.

Тогузунчу; Жыл өткөн сайын кыргызча сүйлөп бирок кыргыз тилинин (өзү сүйлөгөн сөздүн) маани- маңызын терең түшүнбөгөндөр арбууда. Качан тилдин ички маани-маңызына толук түшүнмөйүн уккан маалыматыңа ишеним болбойт. Көкүрөгүңдө кандайдыр бир жетишпегендик сакталып тура берет. Жеткиликтүү түшүнүккө ээ болгонуңда гана көксөң сууйт. Ошондуктан “Кыргызга оручса айтмайын ишенбейт, түшүнбөйт”- деген лакап пайда болгон. Бул болсо кыргыз тилинин кадыр баркын ого бетер жоготууда.

Онунчу; Улам кийинки муундун өкүлдөрүндөгү мекенчилдик, улутун сүйгөн улутчулдук руханий сезимдер төмөндөп  жоголуп баратат. Жөнөкөй мисалдар; Орус маданияты кире баштаган 30-40 жылдардын муундары калпакты, улуттук кийимдерди чанып, башка шапка, шляпа, үстүлөрүнө Европа кийимдерин кийишип, эки оозунун бири орусча сүйлөп калса, бүгүнкү жаштар арасында жарашса-жарашпаса да сакал коюп, үстүлөрүнө шалбыраган кийимдерди, башына топу кийип, эки оозунун бир оозу арапча аралаштырып сүйлө моодага айланууда. Тилдин тазалыгы үчүн күрөшкөндөр эгемендүүлүк алганда тилибизди басмырлаган орус тилинен кутулабызго десек, тескерисинче орус тилине кошулуп эми улутун тааныгысы келбегендердин азабынан арап тили баса баштады. Тигил кырда кезегин күтүп кытай тили турат.

Мына ушул аныктамалардын өзөгүнө сүнгүп терең чечмелеген адам чын эле кыргыз тилинин жоголуу коркунучу чоң экенине ишенет.  Аталган аныктамаларга каршы кое турган фундаменталдуу далилдер барбы?

“Кыргызча эле сүйлөп атабыз. Манасчыларыбыз Манас айтып, төкмө акындарыбыз айтыш өткөрүүдө”- деген аргумент эмес.  Манасчыларыбыз бери алганда Сагымбайдын тил байлыгында Манас айтып атабы? Акындарыбыз бери алганда көзү тирүү Замирбектин тил байлыгында айтышып атабы? Кыргыз тили канчалык тарып баратканын абай салган киши ушундан деле салыштырып түшүнсө болот.

Тил бул улуттун жаны, каны. Тил жоголсо улуттун аты өчөт. Кошо жоголот. Тил бул идеология. Тил бул тымызын күрөштүн булагы. Дүйнөдө ар бир тил жашап калыш үчүн күрөшөт. Тил аркылуу кайсыл бир улутка үстөмдүк жүргүзүү бул ошол улутту басып алганга тете иш. Ошондуктан СССР империясынын 75 жылдык өмүр сүрүшүндө биринчи орунда орус тилин бүт аймагына толук кийирүү турган. Мындан эмнеге жетишишти. Орус тили дүйнөлүк 6 тилдин катарына кирди. Саны боюнса орустардан эки-үч эсе көп түрк тилин дүйнөлүк тилдердин катарынан сүрүп чыкты.

Орус мамлекети “Орус тили дүйнөлүк тилдердин катарына кирди”- деп тынчып калган жок. Тескерисинче тилге болгон мамилени күчөтүп канча бир чараларды көрүп, саны аз кичинекей Кыргызстан өңдүү өлкөлөрдөн да орус тили чыгып кетпей тескерисинче тереңдеп киришине кам көрүшүп, бала бакчадагылардан баштап, жогорку окуу жайларына чейинкилер үчүн нечендеген окуу куралдарынан чыгарып жөнөтүшүүдө. Массалык маалымат каражаттары аркылуу да толук үстөмдүк кылуушууда. Мисалга; “Акнет” теле интернет булагы аркылуу 175 теле канал көрсөтүлсө анын 10го жетпегени кыргызча да калган 160тан ашыгы орус тилинде. Болгондо да баладан чоңдорго чейин үзбөй көргөн эң кызыктуу каналдар. Интернет тууралуу болсо унчукпай эле коелу.

Ушундай абалда кантип анан кыргыз тили жоголуп бараткан тилдердин катарына кирбейт деп айтууга болот?

Кыргыз тилин сактап, сактап эле эмес өнүктүрүп өстүрүп, кийинки муундарга өткөзүүгө аз болсо да салым болсун деп, “Келечек. Билим кинепканасы” деген  келечек муундардын руханий дүйнөсүн калыптандыруу, тилге кам көрүү, мекенчилдикке, улутун сүйүүгө тарбиялоонун жолдорун сунуштаган программа түзүп ЖК баштап сунуштабаган жерим калбады. Бардык жактан “ Идея жакшы экен бирок ишке ашырууга каражат жок.”- деген жооп алам.

Россия байлыгы ашып ташыганынан Кыргызстан сыяктуу кичинекей мамлекеттерде Славиян Университети сыяктуу окуу жайларын ачып, орус тилиндеги нечендеген окуу куралдарын жиберип жаткан жок. Тил маселеси улуттун сакталышына жана өсүп өнүгүшүнө өбөлгө түзсө туризим, байлыктын булагы экенин 1400 жыл мурда эле мыкты түшүнгөн акылман Муханбет пайгамбар “Жаратканга “Аллах”-деп арап тилинде кайрылгыла, куранды арап тилинде окугула, намазды арап тилинде окубасаңар зыяратыңар кабыл болбойт” – деп дин аркылуу арап тилин дүйнөгө жайылтып, жыл өткөн сайын башка улуттардын тилин басып, жоготуп, тереңдеп кире баришине шарт түзсө, “ Мекеге барып кара ташты айлануу парзыңар”- деп мусулман атуулардын баарын араптын чөлүнө темселетип баргысып  “Кедеймин”- деген кыргыздардан бери араптарга жыл сайын миллиондогон долларларын алпарып берип келүүгө дин ишеними аркылуу мажбурлап койгон.

Мамлекеттин мамлекеттүлүгүн сактоо жана ага кам көрүү мамлекеттин ыйык парзы. Демек Кыргызстанда биринчи кезекте кыргыз улутун сактоого жана анын келечегине кам көрүү мамлекетибиздин башкы милдети. Мындан мамлекет каражат аябашы керек эле. Мамлекеттин өзөгүн сактоодон каражат аяш ал мамлекеттин келечегине балта чабышка барабар. Эгемендүүлүктү алганыбыз менен биздин мамлекеттин башына келген бийлик башчылары мындай терең түшүнүкө жетпей жатышат. Бул биздин башкы кайгыбыз болууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *