Чолпонбек Сыдыкбаев, саясый илимдердин кандидаты: “Бийлик кадр саясатынан орой каталарды кетире берсе, элди эч ким токтото албай калат”

Коомдогу саясый, социалдык көйгөйлөрдү таамай “бутага алган” маектешим айрым жүздөрү жышылып бүткөн, кайсы бийлик келсе, алардын “чоорун созгон” саясат таануучулардан асман менен жердей айырмаланат. Анын принципиалдуу позицияларынан улам ар убак өлкөдөгү коомдук, саясый абалды биргеликте сыдыргыдан өткөрүп турмай жөрөлгөбүз бар.

— Чолпонбек мырза, быйыл өлкөбүздөгү мугалимдер жамааты октябрь айындагы кесиптик майрамын кыскартылган саат, жарыбаган айлык менен тосушту. Сиз дагы педагог эмессизби, бийликтин кесиптештериңизге карата мындай “камкордугун” кандай кабыл алдыңыз?

— Калыгул, эң талылуу маселени козгодуң. Өлкөбүздөгү №1 саясый гезиттин кабарчысынан мен чылгый саясый суроолорду күттүм эле… Бир ойчулдун айтканы бар: “Мугалим менен дарыгерин таарынткандын эгерим иши оңолбойт” деген. Бул мамлекетке деле тиешелүү маселе. Дал ушул ыйык кесиптин ээлерин мусапырга айлантып, базарга чыгып кеткенге аргасыз кылгандар “быссымылда” дегенде эле биздин үлкөндөр. Эгемендиктин алгачкы жылдарында эркиндиктин эйфориясына кабылган бийлик жана жалпы коом бул көрүнүштү базар экономикасынын мыйзам ченемдүүлүктөрү катары унчукпай кабыл алды. Бирок, коңшу өлкөлөрдө билим берүү системасы бизчелик деградация болгон жок да. Дал ушул боштуктан пайдаланып, улуттук өнүгүүнүн уңгусун түзө турган бул тармакта Америка, Түрк, Кытай билим берүүсүнүн негиздери бекем орун очок алды. Парадокс ушунда: 70 жыл советтик идеологиянын кучагында калган өлкөдө башкысы кыргыз өзүн-өзү тааный электе Америка таануу, Кытай таануу, Европа таануу, Корей жана Япон таануу сыяктуу адистик-багыттар ачылды. Түрк, Кытай, Америка ЖОЖдору пайда болуп, алар акчанын күчү менен окуучулардын да, мугалимдердин да каймагын калпып алды. Андан кийин алардын ар бири өз маданиятын, саясатын окутуп, аң-сезимге куюп кирди. Мектептик билим берүү болсо бүгүн кризистин чегине жетти. Бул багытта Булан институтунун изилдөөсү көйгөйдү мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, ат көтөргүс иш кылды. Бийликтен чыккан талапкер президенттик шайлоодо мугалимдер менен жолугушууларда “атаандашым маянаңарды 20 миң сом кылса, мен 25 миң кылганга кудуретим жетет” деди. Табиятынан ишенчээк педагогдор армиясы терибизге батпай сүйүндүк. А жаңы окуу жылы башталары менен билим берүү системасынын окуу жүктөмүндө тоталдык кыскартуулар башталды. Бул көрүнүш педагогдор жамаатын белге тепкендей болду. Ага болбой эле “мамлекет мага эмне берет?” дебей, “мамлекетке мен эмне кылдым?” деп суроо коюш керек” деген ашкере патриоттор бар. Сегиз, он миң, айрым жерлерде 6-7 миң сом айлык алып, бир класста 45 баланы окутуп, ошол айлыгын үнөмдөп, бир айлык жашоосуна жеткирип, кесибин таштабай келаткан мугалимдерге бийлик таазим этиши керек. Ал аз келгенсип кургуйга кулап бараткан билим берүү системасын оңдогондун ордуна “пенсия алып иштеп аткан мугалимдер кетсин” деген чакырыкты баштап берген билим берүү министри союздук “закалкадан өткөн” мугалимдерди иштен айдап, басымдуу бөлүгү сырттан окуп, жеткиликтүү теориялык педагогикалык билим албай иштеп калган (албетте, баары эмес) жаңы муунга өткөрүп берүү – мектептик билим берүү системасынын “жаназасын” окуганга барабар.

— Өлкөдөгү мындай чалкештик бир гана билим берүү системасында эле эмес, тышкы саясатыбызда да орун алып жаткандыгы, ал эми өкмөт курамындагы министрлердин деңгээли айтпаса да түшүнүктүү болду окшойт. Бүгүнкү бийликтин соңку убактагы кадрдык саясаты купулуңузга толдубу?

— Менин, сенин же жалпы коомдун пикири, талабы менен эсептешүү кыйын болуп калды го иним. Өкүнүчтүүсү, өлкөнүн эл караган бетин жер каратып жаткан тышкы иштер, социалдык өнүгүү, билим берүү ж.б. министрлик, агенттиктердин жетекчилерин сары майдай сактап, канатына калкалап туруу, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын” принцибинде иш алып барууну улантуу азыркы бийлик үчүн өз легитимдүүлүгүн өзү кемиргенге тете процесс. Бийлик кадрларды алмаштырса да жоктон тапкансып же “балык эмес же эт эмес” кадрларды саясый аренага алып чыгууда. Кыскасы, кайсы бийликке болбосун күнкарамалар, “жерден бийик, чөптөн жапыз жүргөндөр” көбүрөөк керек. Кыргыз саясатында ушундай эле болуп келген. Мисалы, социалдык өнүгүү министрлигин тажрыйбалуу мамлекетчил ишмер Кудайберген Базарбаев жетектеп турганда кандай эле да, тармак башына аты-жыты белгисиз Таалайгүл Исакунова келгени эмне болду? Базарбаевдей тың иштеп жаткан күчтүү аппаратчиктерди кетирип, ортозаарларды алып келген парламенттеги фракциялардын жоопкерчилиги кайда?

— Бакиев доорунда “бакырчаак төөнүн” образын жараткан оппозиция өкүлдөрүн дасыккан стратег Медет Садыркулов бийликке тартып, үндөрүн басып коёр эле. Азыр да эзели жаны тынчыбаган коомдук активисттерди “аты улук, супарасы курук” кызматтарга тартуу жараяны башталды. Ажонун “оң колу” Досалы Эсеналиев кезегинде Садыркуловго орун басар болгон жайы бар эле, балким бүгүнкү кадрдык жүрүштөр ошол кишинин “дирижерлугу” астында ишке ашып жаткан жокпу?

— Коомдук активисттер да өздөрүн көрсөтсүн, сын айтканды баарыбыз билебиз, ал эми мамлекеттик ишке барып, тиги же бул тармактын жүгүн тартып кетүү өтө оор маселе (өзгөчө өлкөнүн азыркы социалдык экономикалык, каржылык абалында). Ал эми кептин нугун аппарат башчыга бурсак, бул киши жаңы бийликтин эң ийгиликтүү кадрдык жүрүшү болду деп эсептейм. Себеби, ал кандай гана кызматтарда иштебесин, артынан сөз ээрчитип, коррупциялык мандемдүү кадамдарга барып, булганган эмес. Кыргызда “жандооч кийик аттырат” же “вазир жакшы – хан жакшы” дейт го, ошол сыңары мындай инсандар президент баштаган көчтү түзөп кетчүлөрдөн. Мен азыркы аппарат башчы менен көп жылдар чогуу иштешип, азыр ЖОЖдо проректор болуп эмгектенип жүргөн кишиден “Досалы Эсеналиев көп эле мамлекеттик кызматтарда иштесе да бир да жолу өз кызыкчылыгы үчүн казынага жок дегенде чыпалагын салып же мамлекет кызыкчылыгына каршы кадамга барган эмес” дегенин уктум. Бул албетте, соңку кыргыз саясый элитасынын мурда-кийинки, алтургай азыркы өкүлдөрү үчүн сейрек кездешчү сапат. Эл арасында таза адамдар көп эле болгону менен саясый элитадан андайларды табыш өтө кыйын болуп калбадыбы. Экс-президент Алмазбек Атамбаев деле шайлоого чейин “тогуз толгонуп”, азыркы ажого токтолуусунда Жээнбековдун өздүк репутациясы чоң роль ойноду да, туурабы? Эгер Жээнбековдун ага чейинки саясый ишмердигинде кичине эле коррупциялык илинчек болсо, шайлоо процесси көп жагынан татаалдашмак. Шайлоодон бир жыл мурун Атамбаевдин оор салмактагы А.Карашев, И.Өмүркулов, Ч.Турсунбеков сыяктуу саясатчыларга же А.Сегизбаев, Т.Жумакадыров, С.Исаков сыяктуу жаш “ястребдердин” бирине ставка коюу мүмкүндүгү бар болчу да. Демек, адам бир катар жылдар бою репутация үчүн иштесе, кийин репутация ал үчүн иштеп калат экен. Тилекке каршы, кыргыз саясый элитасынын көпчүлүгү “дүнүйөнү көрүп пайгамбар жолдон тайыптыр” дегендей болуп келбедиби? Ал эми “дирижерлук” боюнча айтсам, Досалы Эсеналиев “чоң саясый оюнчуга” айланышына негиз жана жүйөө бар. Себеби, президенттик аппараттын башчысы колунда ажодон алган мандат бар. Аппарат башчылыктын табияты ошондой саясый кызмат. Бийлик бутактарынын өз ара мамилесине саресеп салып, бийлик системасындагы коошпостуктарды амортизациялап, керек жерде чечкиндүү кадамдарга бара алса, мамлекеттик масштабдагы көйгөйлөрдү өлкө башчысына туура жеткире билсе, оппозициянын мүмкүнчүлүктөрүн жана терс жактарын талдай билип, ошого жараша реакция кылып турса, өлкө ар кандай тобокелчиликтерден алыс болот деп эсептейм. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, Досалы Эсеналиевдин тушоосу бир кездеги билим, илим министри, ары патриот, ары реформатор Чынара Жакыпова тарабынан кесилген. Жакыпова менен Медет Садыркуловдун мектебинен чыккан кадрдын мүдүрүлбөй турганына ишенем. Аппарат башчы канчалык күчтүү болсо, эл ичинде айтылып жаткан туугандык, куда-сөөктүк, трайбалисттик таасирлерден президентти ошончолук изоляциялай алат. Алардын таасири арткандан көрө аппарат башчынын таасири өскөнү – коом үчүн да, президент үчүн да пайдалуу.

— Бир айдан соң президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөбүздүн “эки тизгин, бир чылбырын” колго алганына бир жыл болот. Жээнбековдун жылдык салтанатын утурлай бир катар саясый күчтөр жакында суроо талап менен чоң жыйын өткөрүшөрү маалым болду. Бул аралыкта президенттин аракетинде көзгө толор жылыштар байкалдыбы?

— Бир жыл көп көрүнгөнү менен олуттуу өзгөрүүлөр болуш үчүн аздык кылат деп ойлойм. Себеби, системдүү аракеттер керек, ал үчүн бүтүндөй мамлекеттик машинаны, системаны ырааттуу нукка буруп, ар кандай реформалар орто жолдо буйдалып калбагыдай жол чаап алуу кажет. Чөгөлөп калган Оруссияда бийликке келген Путин да алгачкы эки жылда мамлекеттик системаны ыраатташтырып, бийлигин бекемдеп алып, анан кийин масштабдуу өзгөрүүлөрдү жаратып, кайра күчтүү державага айлантты. Ооба, анча оолугушкан соң суроо, талап менен чыгышаар. Антип “чоң жыйын өткөрүп, суроо-талап менен чыгабыз” деп опурулуп аткандардын аракети “ормон опуза” деп түшүнөм. “Мынчасында чыгабыз, суроо талабыбыз бар эле” деп маалыматты жылжытып коюп, бийликтин реакциясын күтүп тыңшап тургандардын түпкү максаты “бийлик биз менен эсептешип кызмат берээр бекен?” деген эле оюн. Каржылык жактан кубаты жок, өздөрүнө ишене албаган ар кошкон оппозиция Атамбаевге барганы арга жоктун иши да. Айтчулар ачык эле бийликтин кемчилигин көзгө сайып айтып жатышат. Мисалы, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери Темирбек Асанбеков бир аз күн мурун билгенге катуу кайрылуу жасады. Кыргызстандын учурдагы саясый, социалдык-экономикалык, рухий нравалык абалына өтө так диагноз койду жана өлкөнү оң жолго салуунун саясый жолун алаканга салгандай айтып чыкты. Андай кайрылууну коомчулук “оппозициябыз” дегендерден, “эл турмушун оңдойт элек” деген экстерден, керек болсо бийликтен күткөн. Ал кайрылуунун караламан калкка майдай жакканын социалдык түйүндөрдөгү талкуудан, миллиондон ашып кеткен бөлүшүүлөрдөн көрсөк болот. Президент азырынча саясый процесстерде утушка ээ болгон менен күндөн-күнгө очорулуп бараткан экономиканын тикелей турган реформаны баштай элек. Өкмөт президентке кылчактап, мыйзам чыгаруу бийлиги өкмөткө бел болуп бергидей күчкө ээ боло албай же өз баласы болгон өкмөттү курмандыкка чала албай, ара төрөлгөн баладай абалда. Азырынча күтүлчү олуттуу реформалардын башаты да ачыла элек.

— Жазга карай президент Жээнбековдун абалы начарлай турганын, буга экс-президент Атамбаев да ишенерин кыйытыптыр. Жазда Жээнбековдун абалынын начарлашына эмнелер себеп болушу мүмкүн?

— Бийликтин абалын начарлатып, акыры барып жарга такачу фактор – экономика жана дагы экономика. Экономиканы жандандыра турган көрүнүктүү жана эң башкысы системдүү реформалар башталбаса, көптөн күткөн эл турмушунун оңолушун шарттай турган аракеттер байкалбаса, албетте, коом таяныч чекит, үмүт бере турган саясый күч издей баштайт. Андай таяныч чекит издөө процесси коомдо стихиялуу түрдө башталды десек болот. Андай ишенимди кечээки эле өлкөнүн “эки тизгин, бир чылбырын” мыкчып туруп, экономиканы эптей албай, өлкөнү очойгон карызга батырып, насыяга келген акчанын дээрлик жарымын жемкорлорго жедирип ийгендерден издээрине күмөнүм бар. Ооба, Атамбаевдин беттегенин бербеген көкжалдыгы, өжөрлүгү бар. Бирок, ал сапаттар бул жолу өлкөнүн чаң-будуңун чыгарууга, мамлекеттин бүтүндүгүнө доо кетирүүгө алып келиши мүмкүн. Анан калса, кыргыз коомуна тийиштүү дагы бир жагдай бар: кыргыз кризистерде каржалып жашай берет, бирок, акыйкатсыздык чектен ашып, бийлик өзүм билемге өтүп алганда коом тарс жарыларын эки (2005-2010-жылдардагы) окуялардан көрбөдүкпү. Эгер бийлик кадр саясатында орой каталарды кетирип, регионализмге ыктап, “өз бала, өзүбүздүн жердеш” сыяктуу “өзгө өздөй, жатка жаттай” мамиле кылып баштаса, элди эч ким токтото албай калат. Бирок, андай кырдаалга жетүүдөн Кудай өзү сактасын. Өлкө дагы бир ири толкундоолор, мыйзамсыз бийлик алмашуудан бул жолу мамлекеттүүлүгүбүздүн түркүгү урап калуу тобокелдиги чоң.

— Саясый чөйрөдө экс-президент Атамбаев менен атактуу генерал Өмүрбек Суваналиев, Адахан Мадумаровдордун келечекке карай биригип кетишери,  эки жээкти кеп-сөзгө келтирүү жагына Равшан Жээнбеков ортомчулука түшүп жатканы кызуу кепке айланууда. Эгерде бул үчилтик бириксе келечеги кандай болот? Булар бүгүнкү бийликтин шаштысын кетирээри турган иш да, туурабы?

— Равшан Жээнбеков либерал саясатчы, экономикадагы кардиналдуу реформалардын жактоочусу катары жаш муундан турган жаңы толкундагы күчтү сүрөп, ошолор менен президенттин ортосунда көпүрө болсо жарашмак беле? Бирок, өзү да Акаев, Бакиев, Атамбаевдин учурундагы саясатчылардан болгондуктан, балким, ошон үчүн экстерди айланчыктап жаткандыр. Өмүрбек Суваналиев убагында Атамбаевден жакшы сөз уккан эмес, ага курун мойнуна салып барганы аброй апкелбейт го. Менимче, намысы бийик генерал Атамбаевге өзү барбайт. Кыргыз “Каттаниси” атыккан Суваналиев күч түзүмдөрүнүн бирин былкылдатпай башкарып берчү кадр катары Атамбаевден да азыркы президентке эң керектүү генерал болчу. Мейли, аталган үчилтик бирикти, бийликти алды дейли. Бул үчөө эртең эле бири-бирине мылтык такап же туш-тушка басып кетчүлөрдөн да. Идея эмес, убактылуу кызыкчылыктар, утурумдук максаттар менен бириккен тандемдердин далайын көрдүк го. Бүгүн өлкө артка кылчактабай, алдыга умтулушу керек. Бийлик алардын кадамына шаштысы кетпестен, тескерисинче, алардан таза, алардан энергиялуу ары патриот инсандарды, лидерлерди топтоп, саясый аренага алып чыгып, тигилерге альтернативдүү аянтча түзүшү зарыл. Болбосо, экстер эски жомокторун кайра баштап, бир чети каражаттын күчү менен каржалган элдин башын тез эле айлантканга жөндөмдүү күч. Азыркы бийлик ат чабым алдыга озгон учурдун талаптарына жооп бере албай, саясый-экономикалык реформаларга баруу жаатында казтаман трактордой жай болуп жаткандай туюлат.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *