Чолпонкул Арабаев: “Негизги таймаш Бабанов, Сариев, Жээнбеков ортосунда болот”

– Жаңыдан шайлана турган президенттин ыйгарым укуктары боюнча коомчулукта эки ача пикир бар. Кээ бирөөлөр «президенттин ыйгарым укуктары аябай эле кыскарып, негизги бийлик премьер-министрге өтөт» дешсе, дагы бирөөлөрү «жок, президент өлкө башчысы катары күчтүү бойдон кала берет» дешет. Тажрыйбалуу юрист катары сиз бул суроого ачыктык киргизе аласызбы?

– Акыркы референдумдан кийин премьер-министрге өкмөт башчысы катары бир топ ыйгарым укуктар берилбедиби. Бирок, ошондой болгон күндө дагы ал президент менен теңтайлаша албайт. Албетте, мурдагыга салыштырмалуу президенттин бир топ ыйгарым укуктары азайды. Бирок, ошентсе да бүгүнкү иштеп жаткан Конституциянын алкагында мамлекетти толук башкарганга анын мумкүнчүлүгү жетет. Ал эми премьердин укугу болсо негизинен чарбалык иштер боюнча. Андыктан, эки бийликтин ортосундагы баланс жакшы эле деп айтсак болот.

Башка маселе, парламенттин, өкмөттүн деңгээлине жараша боштук түзүлүп калган учурларда президент айла жоктон кийлигишип атпайбы. Бирөө жасаш керек да ошол ишти. Биз эми ачык коомбуз да. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу айтылып, коомчулукта талкууланып атса, анан президент муну качан парламент чечет деп карап отурмак беле? Кийлигишүүгө аргасыз болот. А эгер парламент, өкмөт күчтүү болгон болсо, президент кийлигишмек эмес. Мындай учурлар дүйнөлүк практикада аз кездешет. Ал эми Борбор Азияда, анын ичинде биздин республикада бул практика болуп калды. Парламенттик жолду тандаганбыз деп канчалык айтканыбыз менен парламенттин деңгээли ошого өсүп жеткен жок.

– Деңгээлден улам дейсизби, же көнүп калган инерция боюнча эле кетип атабызбы?

– Деңгээл деген ошол да. Ошондон чыга албай жатпайбызбы. Күчтүү депутаттар келсе, мыйзам аркылуу баарын жасаса болот да. Мыйзамды эч ким аткарбай коё албайт. Ошон үчүн шайлоолордо «бизге көпүрө салып бер, суу чыгарып бер» деген практикадан кетишибиз керек да. Чарбалык маселелерди чечкен – бул өкмөттүн иши. Депутаттар келип, мыйзам кабыл алышы керек.

– Парламенттин деңгээли демекчи, элде да депутаттардын сапатына нааразычылык күч. Ушундан улам кандай деп ойлойсуз, парламент тарашы керекпи?

– Менин жеке пикиримде, парламент белгиленген мөөнөткө чейин иштегени эле жакшы болот. Эч ким келе калып эле дароо мыйзам чыгаруучу боло албайт. Мисалы, бешинчи чакырылышта депутат болгондордун бир тобу бул чакырылышта да шайланып, деңгээлдери бир топ өсүп калды. Парламент алмашканда мурдагы курамдын отуз пайызы кийинки чакырылышка да кайра келсе, ошондо универсалдуу жолун жолдоочулук болот. Сапаттуу иштеп жаткан депутаттар мурда он чакты эле болчу, азыр отузга жетип калды. Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен бир топ жакшы мыйзамдар кабыл алынды деп айтсак болот. Келерки жылы андан да жакшы иштеп калат.

– Азыркы президенттикке талапкерлердин ичинен кимиси көңүлүңүзгө көбүрөөк ынап атат?

– Менин жеке пикиримде, талапкерлердин ичинен татыктуулары көп эле. Дүйнөлүк практикадан алып караганда, депутат менен спикердин саясый салмагы премьердикине караганда төмөнүрөөк болот. Себеби, премьер иштеген кызматына жараша мамлекеттеги бүт проблемаларды билет. СооронбайЖээнбеков,Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов үчөө тең премьер болгон жигиттер. Үчөө тең чоң мектептен өтүштү. Сооронбай Жээнбеков убагында вице-спикер, айыл чарба министри болгон. Эгер биздин агрардык саясатыбыз мыкты болсо, айылдыктардын турмушу оңолсо, Кыргызстан оңолот. Өмүрбек Бабанов аткаруу бийлигинин ишин да билет, партиялык системаны да билет. Анын партиясы мына үч жолу шайлоодо жеңип келди. Темир Сариев Кыргызстандын ЕАЭБке кирүүсүнө чоң роль ойноду.
Ошондуктан, негизги таймаш ушул үчөөнүн ортосунда болот болуш керек. Ал эми калгандары капа болушпасын, «атың чыкпаса жер өрттө дебестен, ар ким өзүнүн деңгээлиндеги ишти кылыш керек да. Бизнес ачкыла, ишкердик кылгыла. Ветеринар болсоң ветаптека, юрист болсоң жеке менчик нотариус ач. Сөзсүз эле президент болуш керек эмес да…

Булак: “Азия Ньюс”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *