Чон-Алайлыктар дале чатырда баш калкалашууда

Чоң-Алайда жазында жер титирөөдөн жабыркаган турак жай ээлеринин айрымдары суук түшкөнүнө карабай чатырларда баш калкалоодо. Кээ бирлери үй курууну улантып жатышат. Турак жайлар өкмөттүн, демөөрчүлөрдүн көмөгү жана тургундардын өз аракети менен курулууда. Тоолуу Чоң-Алайда башка аймактарга салыштырмалуу суук эрте түштү. Айрым жерлерине кар жааган. Жекенди айыл өкмөтүнүн тургундары жаан-чачынга карабай, үй куруп жатышат. Дээрлик ар бир үйдө Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комиссиясынын белгиси түшүрүлгөн чатырлар тигилген.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *