Чөнтөк телефон уурулары көбөйүүдө

Жумушсуздук, экономикалык кыйынчылык, ички миграциянын жайылышы менен өлкөбүздө уурулук, анын ичинде чөнтөк телефон уурдагандар көбөйүүдө.

Базарлардан, тыгын болгон маршруттук таксилерден, эл көп учураган жерлерден чөнтөк телефонун уурдатып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылгандар байма-бай кездешүүдө. Коомдогу жагымсыз илдеттин-чөнтөк телефон уурдагандардын көбөйүшүнө эмне себеп болууда? Өзүнө сак болбогон жарандарбы, жазадан коркпогон ууруларбы же коомдун кайдыгерлигиби?

Ош базарынын алдына үймөлөктөшө калган топ балдардын бири Алинур Касымбетовдун телефонун көрүп бере коеюн деп алып, ошол бойдон дайынын таптырбай качып жок болгон. Заматта телефонунан айрылган Алинур милицияга кайрылып, көп өтпөй эле Ленин районундагы №3 ГОМдун милициялары 30 жаштагы Чүй облусунуда туулган жаранды кылтакка илишкен.

“Бир заматта эсимди жоготуп койдум. “Samsung” үлгүсүндөгү акыркы моделдердеги 43 000 сомдук телефон болчу. Бул телефонго жетүү үчүн 6 айлык маяна акымды жебей-ичпей чогулткам. Колумдагы телефонду кантип берип койгонумду өзүм да байкабай калдым” – дейт А. Касымбетов.

Уурулар үчүн чөнтөк телефонду уурдоо маршруттук унааларда да абдан ыңгайлуу. Тыгын болуп турган жерде алагдылыктан телефонсуз калам деп эч ким деле ойлобосо керек. Бул уурулар үчүн эң ыңгайлуу учур. 170-маршруттан 15 000 сомдук телефонун алдырган студент Айназик Асылбекова маршруттук таксилерден үчүнчү жолу телефонун уурдатып жатканын айтты.

“Биринчи телефонумду 169-маршруттан, сумкамдан алдырткам. Тыгындан дем ала албай, ары түртүшүп бери түртүшүп жатып, аялдамадан түшкөндөн кийин эле телефонумду таппай калгам. Милицияга кайрылгам, бирок эч кандай майнап чыкпады. Ак ордо конушунда жашаганым үчүн бул маршруткага дайыма түшөм. Экинчи телефонумду да дал ушул аты аталган маршруткадан эле полго түшүрүп алып, ошол бойдон таппай калгам. Отурган жүргүнчүлөрдөн дагы эч кандай жардам болбоду. Көзүң менен көрбөгөндөн кийин “сен алдың, кайтар!” деп эч кимге да айта албайт экенсиң. Улутунуп эле кала бергем. Эми болсо минтип 15 000 сомдук телефонумду чөнтөгүмдөн алдырттым. Айтор, мага телефон түтпөдү же жолумдан жолуккан уурулардын куйругу үзүлбөдү” – дейт Айназик.

Чөнтөк телефон уурдаткан жарандарыбыздын көпчүлүгү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышпайт. Алардын айтымында, кайрылган күндө да майнап чыкпайт. Мындай пикирдин орун алышына жарандарыбыздын өз укуктарын, мыйзам беренелерин билбегендиги жана кайдыгер мамилеси себепкер. Чөнтөк телефон уурдатуу кылмышы мыйзам боюнча кылмыштын кайсы түрүнө кирет? Уурдаган адамга кандай жазалар колдонулат? Юрист, көз карандысыз жактоочу Урмат Жапаровдун айтымында, чөнтөк телефон уурдоо кылмышы үчүн 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

“Азыркы учурда мезгилге байланыштуу, айрыкча маршруттук тыгындардан пайдаланып чөнтөк телефон уурдагандар көбөйүүдө. Жарандар көпчүлүк учурда өз укуктарын билбегендиктен укук коргоо органдарына кайрылып, арыз жазышпайт же жазганы менен тергөө иштеринин кандай жүрүп жаткандыгынан кабардар болбой кайдыгер мамиле кылышат. Чөнтөк телефон уурулугу кылмыштын өтө оор эмес түрүнө, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 164-беренеси “кимдир бирөөнүн өздүк буюмун уурдоо” кылмышына кирет. Аталган кылмыш иши боюнча жаза ушул эле кодекстин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн чөнтөк уурулугу боюнча кылмышкер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Көпчүлүк жарандар укук коргоо органдарына арыз жазып коюп 2-3 айлап тергөөнүн жүрүшүнө кызыкпай жүрө беришет. Бул туура эмес. Жабырлануучу укук коргоо органдарына жардам берип, тергөөгө белгилүү деңгээлде салымын кошсо жыйынтык болот. Эгерде укук коргоо органдары жарандын арызын карабай, кайдыгер мамиле кылышса жаран укук коргоо органдарынын үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн орган, тагыраагы прокуратурага арыз менен кайрылса болот” – дейт Урмат мырза.

Статистикага кайрылсак, Чүй облусунун аймагында 2017-жылда жалпы 600 уурулук фактысы катталса, 2018-жылдын биринчи бөлүгүндө эле 588 чөнтөк телефон уурдоо фактысы катталган. Бул көрсөткүч жылдан жылга өсүп бара жатканы айдан ачык.

Европа өлкөлөрүндөгү абалга көз чаптырсак акыркы жылдары Нью-Йорк шаарында телефон уурдоо статистикасы 45 пайызга көтөрүлгөн. Ал эми Россияда 80 пайызга өскөн. Америкалык окумуштуулардын айтымында телефондордун сапаттуулугунун артуусу, баасынын өсүүсү анын уурдалуусуна шарт түзүүдө.

Чөнтөк телефон уурдаткан учурда каймы ички иштер башкармалыгынын аймагына жакын болсоңуз дароо ошол башкармалыкка арыз менен кайрылышыңыз керек.

Эгерде сиздин укук коргоо органдарына арыз менен кайрылууга мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда жакынкы аймактык тескөөчүгө чалып окуяны билдирүүгө укуктуусуз. Аймактык тескөөчү келип, сиздин арызыңызды алып кетүүгө милдеттүү.

Эгерде сиз уурдалган чөнтөк телефонун сатып алган болсоңуз укук коргоо органдарына саткан адамдын үстүнөн арыз жаза аласыз. Бул учурда сиз жабырлануучу, ал эми чөнтөк телефон далил буюм катары тергөө ишине тиркелет.

Асел Шамилова,

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *