Чубак ажы Жалилов: “Алмазбек Атамбаев аша чаап сүйлөгөнү менен көйгөйлөрдүн дартын так аныктачу”

(Башы өткөн сандарда)

— Чубак ажы, 14-февралды мектеп окуучулары, студенттер, дээрлик жаштарыбыздын басымдуу бөлүгү махабат майрамы катары белгилеп жүрүшөт. Бири-бирине белек беришип, арзууларын айтышып, “Валентин күнү” дешип… Бул майрамга сиздин оюңуз кандай?

— 14-февраль ыйык Валентин күнү тарсалыкта (христианчылыкта) чоң майрам болуп эсептелет. Көпчүлүк маалыматтарда “бул майрам биздин замандын III кылымында негизделген” деп айтылат. Рим императору Клавдий “эркектер үй-бүлөсүнө алаксып, аскерге баруудан баш тартышууда” деп баардыгына үйлөнүүгө тыюу салган. А бирок, Валентин аттуу чиркөө кызматкери бул тыюуга каршы чыгып, өзүнүн чиркөөсүндө жашыруун нике кыюуну уланта берген. Чиркөө кызматкеринин бул жоругу билинип калганда император мындай чыккынчылыгы үчүн Валентинди 14-февралда өлтүрткөн. Ошондон баштап Валентиндин урматына “14-февраль сүйүү күнү” деп белгиленип калган.

Бул күн бизге, кыргыздарга, кыргызстандыктарга, жалпы эле мусулмандарга тиешеси жок нерсе. Сүйүү бир эле күнгө чектелбестен, ар бир күндү кооздоп туруу керек болот. Анүстүнө никеси жоктордун ортосундагы мамилени “сүйүү” деп айтканга болбойт. Сүйүү никеден кийин жаралат. Ага чейин жакшы көрүү, жактыруу сезимдери эле болот.

— Президентибиз Сооронбай Жээнбеков намаз окуйт, бирок, мамлекетти башкаруусу светтик мыйзамдардын негизинде жүрүүдө. Мунун өзү руханий жактан карама-каршылыкты жаратпайбы? Кандай дейсиз?

— Эгерде сиздин сөзүңүздүн логикасына таянсак, “анда намаз окуган мен сыяктуу пенделердин Кыргызстан сыяктуу светтик өлкөдө жашоосу руханий жактан карама-каршылыктуу болуп калат” дегенди түшүнүүгө туура келип калабы? Албетте, жок! Мусулман адам ар жердин шартына жараша динин карманып, Кудай алдындагы пенделик вазыйпасын аткара алат. “Мусулманчылыкты кармануу кээ бир жерлерге туура келип, башка жерлерге туура келбей калат” деген түшүнүк – тайкы түшүнүк. Кудай Таалам ар пенденин акыбалына, алына жараша милдеттендирет, ошого жараша суроо-сопкуту болот. Алыбай алына жараша мусулманчылыгын карманат.

— Мисалдардан келтире кетсеңиз?..

— Айталы, даарат суу менен алынат, суу жок болуп калган жерде таяммум – кургак даарат дегенге орун келет. Ал топурак менен даарат алуу дегенди туюндурат. Суусу жок жердеги адамга “эмне үчүн суу менен даарат албадың?” деген суроо коюлбайт.

Экинчи бир айта турган адеми маселе: “Ислам дини эмнени талап кылат?” деген суроого изделүүчү жооп. Албетте, ислам адилеттүүлүктү, акыйкаттуулукту, жоопкерчиликти, теңчилдикти, алсыздын укугун коргоону, ак эмгек менен жан багуунун милдеттүүлүгүн, сөз эркиндигин, дин эркиндигин, билим алуу эркиндигин жактырат, колдойт жана талап кылат. Демек, ушул баалуулуктарга кызмат кылган адам исламга кызмат кылган болуп эсептелет.

Башка бир жагы “Ислам эмнеге каршы күрөшөт?” деген мазелүү сопкут. Ислам жумушсуздукка, аракечтикке, паракорлукка, мародерлукка, коррупцияга, укуктардын тебеленүүсүнө, балдардын жана аялдардын кордолуусуна, сабатсыздыкка, уурулукка, сойкулукка, жек-жаатчылык менен бөлүнүүгө, улут аралык араздашууга каршы күрөшөт. Демек, ушуларга каршы күрөшкөн адам исламга кызмат кылган болуп эсептелет.

Жогорудан көрүнүп тургандай, дүйнөбий (светтик) мамлекетте жашап туруп деле исламга, көркөм динибизге кызмат кылса болот экен. Бул өңүттөн алып караганда, президентибиз Сооронбай Шарипович руханий карама-каршылыкка анчалык деле тушуккан жок деп ойлойм. Анткени, бир аз мурда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президентибиздин паракорлук, жемкорлук тууралуу сөздөрү, сот системасына берген баасы ал кишинин багытын айгинелеп койду… Анүстүнө “көз жашка ишенбеген Москва” деле бир күндө курулуп бүтпөптүр да…

— Эмне үчүн Абдышүкүр ажы Нарматов сакал койбойт? Же “кыз-келиндер астында жаш көрүнөйүн” дегениби?

— Сакал коюу – пайгамбарыбыз Алайхис Саламдын сүннөтү болуп эсептелет. Кээ бир айрым бир парз амалдар менен кайчылашып калган учурда сакал коюу сүннөтүнө жеңилдик берилет. Мисалы, жан багуу, бала-чака багуу парз амал. Жан багуу парз болуп, бирок ошол жумушунда сакал коюуга уруксат берилбесе, андан башка жарытылуу жумуш таба албаса, бул учурда сакал маселеси бир аз жеңилирээк каралат.

Ошондой эле кээ бир адамдардын териси сезгич келип, сакал койгон учурларда беттерин ылжырап жара басып кеткен учурлар да кездешет. Кудай Тааламдын ал пендесине берген сыноосу ошол болуп эсептелет. Дагы башка бир адамдарга акыл-эс берилбеген сыңары кээ бир адамдарга сакал да берилбей калат. Айтор, ар кандай себептерден улам сакал коюлбай калуусу мүмкүн.

Кайсы бир мусулман пендеси сакал койбой жүргөн болсо, ал жөнүндө тетири пикирде болуу туура эмес. “Кайсы бир себептерден улам коюуга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатса керек” деп түшүнүү ылайык болот. Маселенин эң эле талылуу жери – кайсы бир пенде сакал койгон башка бир мусулмандын сакалын шылдыңдаса, маскараласа, анда ал адам ошол себептен ыйманы жарга кептелип калган болот. Же “сакалды сүннөт эмес” деп айтса да, ал адам адашуучулардын катарына кошулат.

Кээ бир молдокелер “Куранда сакал айтылган эмес” деп далил келтиришет. Туура, касиеттүү Куранда сакал айтылган эмес. Бирок, “пайгамбарды ээрчигиле” деп айтылган. Ошол ээрчүү бизге милдеттүү болгон пайгамбарыбыз Алайхис Салам эркектерге сакал коюуну “сүннөт” деп белгилеп берген. Акыйкатты ажырата билбеген карапайым инсандар чала сабат молдокелерди ээрчип кеткенден этият болуу керек. Бекеринен, “чала молдо дин бузар” деп айтылбаса керек.

Ал эми баарыбыз сыйлап, устаз тутунган аалымыбыз шейх Абдышүкүр  ажыкебизди жалаң эле кыздар эмес, караламан калкыбыздын баары жакшы көрөт. Элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган элдин татыктуу уулу.

— Экс-президентибиз Алмазбек Атамбаев көп учурда Кыргызстандагы диний караңгылыкты, кандайдыр бир деңгээлде радикалдашууну сындап, арабдашууну жерип, кыргыздын салттуулугун арттырууну айтчу эле. Бирок, диний эркиндикти да чектеген эмес. Сиз Атамбаевдин бетке айткан, ачуу сөздөрүн сагынган жоксузбу?

— Эми ал кишинин “балп” эттиргендерин баарыбыз эле сагынып жатсак керек. “Бай элдин баары саякатчы, кедей элдин баары саясатчы” дегендей, элибиз жапырт саясатташып, “балп” эттирмелерди каалап калбадыкпы. Канткен менен эски паашабыз кыргыз колоритин көрсөтүп турчу. Өзү бетке айтканга жараша, бетке айткан акыйкат сөздү кабыл кылган март экенин да далилдеди. Мен ал кишини ачуу сөздөр менен дамамат эле сындап жүрчүмүн. Ошол эле учурда жалпы журттун башында турган адам катарында аны коргоого туура келген учурлар да аз эмес болду.

Кыргызстандагы диний сабатсыздык дале күчүндө. Сабатсыздык болгон жерде радикалдашуунун пайда болуусу бышкан аштай эле көрүнүш. Арабдашуу, же пакистандашуу, түрктөшүү – мына ошол сабатсыздыктын, радикалдашуунун жемиши. Дин жана улут деген эки башка, бирок бири-бирине карама-каршы келбеген эки түшүнүктү чалкештирип жиберүү да элибизде бар экенин моюнга алуу керек. Кээде аша чаап кетип сүйлөп жибергени болбосо, эски ажобуз Алмазбек Шаршенович көйгөйлөрдүн дартын так аныктачу.

— Дагы бир олуттуу көйгөйгө келсек, мода кууган өңдөнүп, жарым жылаңачтана көрүнүп, улутубуздун салттуу кийимдерин жеригендер да арбын. Бул жаатта да ынанымдуу аргументтериңиз болсо керек?

— Ооба. Тыйындын экинчи бетине келе турган болсок, кыргыздын салттуулугун жериген америкалашкан, же европалашкан интеллигенцияга деле жогорудагы айыптоолор багытталат. Эмнегедир кыргыздын салтын сактоого мусулманчылыкты жашоосунда практикалаган кыргыздар милдеттүү болушу керек да, жарым жылаңач жүрүп, Батыш баалуулуктарына сугарылгандар милдеттүү эместей таасир калтырат. Дайыма айтыла турган фразаны кайталап койсом ашыкча болбос: “Кыргызча кийинип эле мусулман болсо болбойбу?”.

Ошол эле фразанын заманбап түрүн төмөнкүдөй айтсак деле жарашат: “Кыргызча (калпак, элечек, узун этек көйнөк, кыргыз оюулары бар чапан) кийинип деле саясатчы болсо болбойбу?”. Мисалы, “атамекенчи” Токтошев Эмил Токтакунович (өзү айткандай аялынан чочуп) менин маселем жөнүндө сүйлөп жатканда “обтяжка” костюм-шымынын ордуна кыргызча кеңири желекти желбегей жамынып, Бакай калпак болбосо да берки Семетей калпактан кырданта кийип турса, Гарри Поттердикиндей прическа эмес, Манас атабыздай эле чачын кырдырып жиберип сүйлөп турса жарашып эле калбайт беле? Же назигирээк мисал келтирсем: Айсулуу Мамашова (атасы абдан жакшы адам, ара чолодо саламдашып турабыз, ыраматалык энесин билгендер да жакшы кептерди айтышат) бир эмес эки жолу турмушка чыкты. Дагы деле (кыргыз салтында жесир аялдардай болуп) чачын жайып жүрөт. Же дагы бир депутат Элвира Сурабалдиева Жыргалбековна деле чачын жайып жүрөт, шымчан эле. (Эми бул атасынан мурас калып, кийин качып кеткен кайсы бир саясатчыга пулдап ийген базар эмес да, шымаланып жүргөндөй. Баса, базар жөнүндө да көп сөздөр айтылат. Элвира айым чекит коюп койсо жакшы болот эле. Баардык эле маселени тактагысы келип тапшырма берип отурат. Болбосо, “Воробьев деген орус дагы деле тирүү” дейт, такташканга жардам берээр. Мен ошол каргашалуу жылдары Кыргызстанда эмес элем, көп кабарым жок калыптыр. Билбегенге билген кызык да).

— Сөзүңүздө калет жок, таамай кепти уладыңыз да…

 — Эми мына ушул, өң десең өңү бар, келбет десең чүрөктөй болгон сулуу кыздарыбыз сурайылдай суналышып, “арстан” прическанын ордуна чачты артка эки өрүп таштап, үкүлүү элечек байланып, кош этек кыргызча көйнөк кийишип, сыртынан Роза апчебиз Отунбаева кийчү кештелүү чырмый кийип турушса жарашат эле да. Эми бул мисал келтиргеним болду. Эл оозуна алынган инсандарды баардыгыбыз эле сүйлөгүбүз келе берет эмеспи. Атайын убакыт бөлүп мага кам көрүп, парламентте сүйлөгөндүктөрү үчүн эсимде калыптыр, болбосо эмнеге оозума алмак элем буларды? Маа десе Мадонна менен Майкл Жексондун кийимдерин кийип келишпейби! Мен башкалардан айырмаланып, башкалардын жашоосуна кийлигишкенди жаман көрөм.

— Сиз дем саласызбы? Белгилүү аалым же молдокелердин ичинен дагы кимдерге дем салдырса болот? Сиздин сунушуңуз болсо керек?

— Дем салганды өзүмө адат кылган эмесмин. Менин сабактарыма аталарын ээрчип келген наристелерге “көз тийбесин” деп дем салып койгонум болбосо, дээрлик дем салуу менен алектенбейм. Белгилүү аалымдардан дем салган Жыргал каары доскемди айтаар элем. “Моңолдор журттун уюткусу” делет эмеспи. Ошол уюткулуу журттун уңгусу, Ат-Башынын сыймыгы бул каарыкебиз. Азыркынын олуясы десек болот. Атбашылыктар китептерин мен тамшанып окуган Шайлообек Дүйшеев агамды, эрке депутат Жылдыз айымды, эрте кетип эсти оодарган кайран жигит Мухтарды, журналистиканын жаңы мазхабын негиздеген Мелисти, арабдын акчасын алып келип кыргызды армансыз багып жаткан Нурмухаммед досумду, анан Салымбеков баш болгон эсеби жок сасыган жана сасыбаган байларын эле айта бербей, мына ушундай эки дүйнөнүн бактылуулугун көрсөткөн аалым каарылары менен сыймыктанбайбызбы? Баары чогулуп бир күнкү түштөнүүлөрүнүн тыйынын эле которсо, кайран каарыкем алыскы жаңы конуш Арча-Бешиктеги ыңгайсыз үйүнүн ордуна жакшы үйлүү болуп калат беле, адамдар каарыкемден дагы көбүрөөк пайдаланат беле?.. Андан ашканына каарыкем экөөбүз Мысырдан китеп жүктөп келип, өлгүчө жыргап окуйт элек. Муну билген эстүү барбы десең, атаганат! Мына ошол кишини сунуштайт элем.

— Өзгөчө жаш кыз-келиндер арасында бойдон алдыруу фактылары көбөйүп баратканын танууга болбойт. Кантип азайтсак болот? Бойдон алдыргандарды тиги дүйнөдө кандай жаза күтөт?..

— Бойдон алдыргандар, алдырганга себеп болгондор, алардын боюна болтурганга себеп болгондор, алып берген доктурлар, жардам берген адамдардын баардыгы чогуу адам өлтүргөндөй күнөөгө тең шерик болушат. Ээрчишкен бойдон тозок отуна отун болгону жетелешип кирип кетишет. Тооба кылып эле жандарын сактап калбаса, бул кургурлардын абалы мышык ыйлагыдай кейиштүү.

— Сиз Кыргызстандагы эң популярдуу инсандардын алдыңкы катарында турасыз. Атак-даңктын жүгү оор сезилбейби? Жөнөкөй пенде менен сиздей даңктуу аалымдын жашоого карата жоопкерчилигин чечмелеп берсеңиз?

— Белгилүүлүк – бул түрмө. Көрүнбөгөн тосмо менен камалып отурасың. Атак-даңктуулук – бул ашыкча жоопкерчилик. Кудай Таалам аны да көтөрө алганга берет. Атак-даңк – бул аманат. Кудай Таалам кыямат күнү аманатты калтырбай сурап алат. Атак-даңк – бул сыноо. Кудай Таалам ошол сыноо менен пендесин ымтыхандайт эмеспи…

Жеке менин маселеме келе турган болсок, мага берилген мүмкүнчүлүктүн чыпчыргасын коротпой абийирдүүлүк менен адилеттүүлүккө, акыйкаттык менен чынчылдыкка, ыйман менен биримдикке, инсаният менен исламиятка, адамгерчилик менен улуулукка, даанышмандык менен кичипейилдүүлүккө кызмат кылууга жумшап келем. Колумдан келген жакшылыкка кадырымды аяган жан эмесмин. Кудай берген кадырды Кудайдын ыраазылыгына жумшагым келет. Менин өмүр баяныма сарасеп салгандар, менин жашоомдогу ар бир урунттуу учурларды, сенсациялуу окуяларды караса, айткан сөзүм төгүнгө кетпейт.

(Уландысы кийинки санда)

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: Азия Ньюс 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *