Чүй облусунун Ысык-Ата районунда турак үй өрттөнүп кетти

2018-жылдын 7-февраль күнү саат 07:44 чамасында Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Буденовка айылындагы Курулуш көчөсү № жок даректе жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, жыгач полу, шыбы күйгөн.

 Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып, өрт саат 10:54тө толугу менен өчүрүлгөн.  Өрттүн келип чыгуу себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *