Таксист болуп иштеген мурунку милиционерди бычактап өлтүрүшкөн эки канкор кармалды

2017-жылдын 31-июлунан 1-августка караган түнү болжол менен саат 03:30 чамасында Бишкек- “Манас”  аэропорт авто жолунда Бишкек шаарын көздөй жогорку ылдамдык менен Патрулдук милиция кызматкерлерине баш ийбей келе жаткан “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаасы боюнча Ак-Жол айылындагы патрулдук милиция башкармалыгынын стационардык тосмосуна кабар берилген. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Патрулдук милиция кызматкерлери жолду жаап, жогорудагы автоунааны токтоткон учурда айдоочу ачууланып, шашып бара жатканын билдирип, тиешелүү документтерин унутуп койгонун айткан. Автоунаада айдоочудан бөлөк дагы бир бала отурган. Патрулдук милиция кызматкерлери алардын унаасына кароо жүргүзгөн учурда ичинен медициналык бет кап, кол кап жана колго жасалган бычак кандын тактары менен табылган. Кызматкерлер жогорудагы автоунааны айып унаа коюучу жайга токтотушуп, шектүү жарандарды Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө жеткиришип, өздүгүн тактоо маалында алар 23 жаштагы З.Д. жана 29 жаштагы М.Ж. экендиги такталып, кармалган жарандар “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун өлтүрүп, анын унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып жүргөндүгүн айтышкан. Бул окуя, 31-июль күнү түнкүсүн болгон. Саат болжол менен 22:00 чамасында Бишкек шаарынан 23 жаштагы З.Д. жана 29 жаштагы М.Ж. “Хондо-Фит” үлгүсүндөгү таксини жалдашып, шаардын сырт жагындагы бир айылга барышкан. Атайын даярданган балдар унаадан түшөөрү менен айдоочуну муунтуп, бычак менен бир нече жолу сайып, айдоочу жан берген соң аны ошол унаанын багажнигине салышып Кой-Таш айылынан жогору алып барып тоонун арасына ташташып, каза болгон жарандын телефонун алышып, тартып алган “Хонда-Фит” унаа менен түнкүсүн эл ташып акча табууну туура көрүшүп шаарга киришет. Шаардан 3 жүргүнчүнү салып алышып, Аэропорт тараптагы бир дачага жеткиришип, кайра жогорку ылдамдык менен келе жатышып Патрулдук милиция кызматкерлерине кармалышкан. Алардын көрсөтмөсү менен тоо жактан жансыз дене табылып, өлүктү кароо учурунда денесинеде бычактан алган бир нече жаракаттар аныкталып, анын өздүгүн тактоо маалында каза болгон жаран Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 32 жаштагы Б.Э. экендиги такталып, ал милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын ИИМнин Академиясын бүтүрүп, ИИОнун катарында кызмат кылып, 2011-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматында иштеп, өз ыктыяры менен жумуштан кеткендиги аныкталган. Акыркы мезгилдерде Бишкек шаарында автоунаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып иштеп, кылмыштардын бетин ачууга ИИОнун кызматкерлерине көмөктөшүп, кайрадан ИИОнун катарына кызматка орношууга керектүү документтерди чогултуп жүргөндүгү маалым болгон. Бул окуя боюнча Сокулук районунун ИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жарандар Сокулук районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

ИИМдин жетекчилиги жана жалпы өздүк курам мурдагы ИИОнун кызматкеринин өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгү боюнча анын жакындарына көңүл айтуу менен алардын аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *