Чүш Кубат ойгонду

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткени артынан кыйкыргандар көбөйдү. Ошол кезде чындыкты айта албай коркуп, “Алмазбек Шаршенович, сиздики туура” – деп шыйпаңдашып, ырсайып күлгөндөр учурда кайра көчүгүнө сууну челектеп куюп баштады. Кечээ Акыйкатчы Кубат Оторбаев камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну сурап, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды. Анын бул кылыгына коомчулук аң-таң болуп, Кубат мырзанын өтө эле кеч ойгонгонуна нааразы болушту. Уят эле айтор. “Уялбагандан өзүң уял” дегендей, бетибиз кызарып жатат…

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *